Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:52

“Азаттык” TV / Азаттык+ TV

“Азаттык+”: Ээн калган Баткен

Баткенге барган журналисттердин баары эле өрүк менен айтылуу Айгүл гүлүн чагылдырышат. Бирок бул аймакта миграция, чек ара маселеси чоң көйгөй. Кайсы бийлик болбосун Баткен дубанына анчалык көңул бурбай, бул аймак унутта калгандай сезилет.

Текст көлөмү - +
Жаштарсыз калган айылдар

Миграциянын эпкини түштүк аймагына, өзгөчө Баткен облусуна катуу тийгенин байкоо кыйын эмес. Эгерде сиз Баткенге барып калсаңыз, көчөлөрдөн бирин-серин гана жаштарды кезиктире аласыз. Бул аймакта жаштардын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Казакстанга иштеп кетишкен, же борборго карай агылган.

Ошол себептүү Баткенде беш-алтыдан небере-чөбөрөлөрүн багып отурган “баатыр энелер”, “баатыр тайэне-тайаталар” жүздөп саналат. Көпчүлүк жарандар Орусиядагы балдарынын эсебинен күн кечиришет. Чек айылынын тургуну Абдыманап Тогузаков ошондой “баатыр тайаталардын” бири:

- Колумда алты неберем бар. Балдарым Орусияга иштегени кетишкен, бизге акча салып турушат. Неберелерим ата-энеси менен телефон аркылуу байланышып турушат.

Неберелерден эң уулусу он жаштагы Гүлзина ата-энесине сагынуусун айтты:

- Ата-энем Москвада иштеп жүрүшөт, аларды сүрөттөрдөн көрөм. “Күзүндө келебиз” дешет”.

Баткендеги мектеп бүтүрүүчүлөр эл аралык паспортту чет өлкөгө кетүү үчүн гана алышат:
“Окууга тапшарсам деле дипломум үйдө калат. Досум экөөбүз Орусияга кетебиз, бул жакта жумуш жок” , - дейт бүтүрүүчү Кубаныч.

“Азаттык+” жолуктурган жаштардын көбү “Баткенде келечек жок” деп жооп беришкендиктен, ишке орноштуруу жана миграция боюнча башкармалыктын башчысы Абдилатип Эгембердиевге кайрылдык.

- 2009-жылы тышкы миграция 21 миң адамды түзгөн, быйыл 18 миңге барабар. Баткенден 70% жаштар кетишет, жумуш менен камсыз кылуу үчүн ПРООН менен биргелешип окутуп, чакан ишканаларды ачуу үчүн 2000 -4000 долларга чейин гранттарды бөлүп жатабыз”.

Чек ара көйгөйү качан чечилет?

Баткендин Тажикстанга чектеш айылдары чек ара көйгөйү боюнча кыргыз бийликтерине кайрыла берип үмүттөрү өчкөндөй. Чоңдор келет, убадалар берилет, чечип беребиз деген сөздөр айтылат, бирок ушу күнгө чейин чечилбей келет. Таш-Тушмук айылынын тургуну Мамат Калматов аксакал баткендиктер үчүн патриот адам катары аттын кашкасындай белгилүү. Ал Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара тилкесинде жашаган үчүн үйүнүн чатырына желбиретип Кыргызстандын желегин илип алат. Бирок аксакалдын ашкере патриоттуулугун жактырбаган коңшу өлкөнүн жарандары түндө келип желекети бир нече жолу жулуп салышкан.

Бул маселе туралуу Баткен губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдибакир Имаров өкмөт чек арага такыр маани бербегенин айтты:

- Кыргызстандын жарандары өзбек Сох анклавынан ID карт (паспорту) менен өтүшөт. Ал жакта эки пост бар. Өзбекстандын чек ара аскер кызматынын төрагасы жаңы келип: “Кыргызстандын ID паспорту барактуу болуш керек, ал жерге биз мөөр басып анан өткөрөбүз” деп баарын тосуп, өткөрбөй койгон. Ушул үчүн уруш-талаш чыкты. Эки мамлекеттин облустарынын жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бул иш жөнгө салынган. Бизде Тажиистан жана Өзбекстан чек арасында көйгөйлөр өтө көп. Ал эми биздин чек ара аскер кызматы жана башка жетекчилер буга көңүл бурушпайт.

Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук айылынын жашоочулары үчүн кыргыз телеканалдарын көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелген – Улуттук телеканал чек ара тилкесинде дээрлик тартпайт. Ошондуктан “азаттыкплюсчуларга” Кыргызстандагы маанилүү окуяларды мындай кой, өлкөнүн президенти ким экенин билбегендер да жолукту.

Баткен шаары Ош облусунан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Баткен облусунда 3 район, 4 шаар, 5 шаар тибиндеги айыл, 29 айыл кеңеши жана 189 айыл бар. Калкынын саны 400 миңден ашуун.










Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kyrgyz каяктан: Talas
17.08.2010 21:00
Jogorudagy Asel degen ejebizge aitat ele. Tuura aitat kalys mamlie jasasyn dep. Birok maselelerdi karap jatkanda en maaniluu maselelerden bashtash kerek. Dagy bir jaranybyz Bishkek-Naryn jolun ondop bersin dep. Men ozum Talas"tan bolom. Talas"ta da kop myndai koigoiluu maseleler, jumushsuzduk syiaktuu. Birok chek ara boiuncha masele oto ele konuldu ooruta turgan masele. 21-kylymda jashap jatabyz dep koiobuz. A kee bir maseleler tigi Kokon handygynyn ubagyndagy maselelerge okshosh maseleler. Bizdin biylikke bolso kim kelse Bishkek"ten chykpait. Negizi Ak-uydon chykpait desek tuuraraak bolot ko deim. Kechee Bishkek-Osh jolu butkongo cheyin Talastan Bishkekke bargancha kazaktar menen urushup talashyp oturup aran jetchubuz. Chek arada kazaktar bilgenin kylyshchu. A janagy karyia aitkan "Bul jak Kyrgyzstan, kochonun arky beti Tajikstan" degenine yilagyn ele kelet. Birok iylagan menen masele chechilbeit eken.
Dagy biroo aityptyr "prezidentt bilbeit eken" dep. KTR, ELtr tartpagan Batken emes, tartkan raion-oblasttarddele prezidentti bilbegender bar.
Biylikke aitaarym: Bishkekten chygyp kichine oblasttardy kydyryp korgulochu. Shailoodon kiyin ele unutup koiboi.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
13.08.2010 09:52
Ошондуктан Мадумаров сыйяктуу кур соз саясатчыларды шайлабаш керек.Алар бийликке жеткенде жангактан,оруктон жасалган отургучка отургусу келип, жеке учак мингиси келип, аларды шайлаган элди козуно илбей калат.Парламенттик шайлоо болоордо жанагы партияларды Баткенге кандай жардам кыласынар деп сурап,анан жоопторун видеого тарттырып алып,аны ай сайын айылдагы элдерге кайталатып коргозуп туруш керек.
Шайланган кишилерди тынч отургузбаш керек.Баткенге болунгон акчалардын отчетун,жазалган иштерди ай сайын ТВ ден коргозуп туруштары керек.
Ошондо балким кичине болсо да жылыш болот болуш керек.

кимден: aigul каяктан: batken
11.08.2010 02:46
EEn kalgan batken dep temasy ele ayabay oilondurat eken... Chinin aytkanda Batkende migratsia maselesi abdan kurch,,, Biyliktegiler jaksgy charalardi koldonup, Batkendi ondoso bolot, Buyrsa, Bizdin Batkendin kelechegi Ken..

кимден: Айтпай каяктан: Баткен
10.08.2010 08:16
Патриот болгун келсе Баткенге келип эч болбосо бир жыл жашап иштеп корчу.Сохтон постон бир отсон анан билесин.Ошондуктан тез аранын ичинде Бургонду жолун асфальтоону башташ керек.

кимден: Бекболсун каяктан: Талас
08.08.2010 13:53
Бул биздин өpүбүздун жана ошол кездеги мамлекет чиновниктеринин чоң кемчилиги.убагынды иштеп жаткан завод фабрикаларды,иштете албай тескерисинче анын темирлерин кескилиеп кытайларга болбогон акчага сатып жибергендигинде.Ошону менен биздин элге жумуш жок жумушсуздук көбөйүп анан элдин көпчүлүгү Россияга Казакстанга жалданып иштеп.кордолуп аргасыздан кор болуп журушөт. Биз дегеле Батенге Ошко Жалалабадка колубуздан келген жардамдарды берип ондоп тузөшубуз керек. Ал жактын элине женилдик берип,айлык акылыарын көбөйтуу керек.Дегеле сырта жургөн кыргыздарга биз жардам беришибиз керек.

кимден: Altynai каяктан: jazylbagan
05.08.2010 16:47
Okmot jashtardyn akchasyn eseptebesten zavod-favrikalardy ishtetishse bolmok,Rossiyada dele akchany janyn kyinap orustardan tokmok jeship ailasyzdan gana jurushot,emne al jakta ele jumush jenil beken.Okmot jashtardyn kelechegin emes ozdorunun chontoktorun oilop kalgan.

кимден: тока каяктан: Москва
05.08.2010 02:34
Туштуктон башка кыргызстанда проблема жок калгансып
Бишкек нарын жолун качан ондоп бересинер
ат арба дагы басалбай калдыго?

кимден: jika каяктан: jildisdan
05.08.2010 01:54
1. kg eline iw kerek ishtegenge(firma je savod)
2.ish bolgondon kiin kaira kreditti alishsa,algan kriditti osdoryn ailik akilari menen toloshmok... , oshondo byl jerden okmotta ytylbait karapaiim el da kinalbait.
3.YO KG eline 2 savod je fabrikalardi a4ip koiso kan4a degen jashtar jymysh menen alek bolot .

кимден: Баткен каяктан: Баткен
04.08.2010 20:35
Жон эле молдодчик Жаке. келечегин кен сенин

кимден: Асель
04.08.2010 19:53
А емне учун туштук жергесине гана бардынар? Акыркы убактарда Тундук тарап таптакыр еле унутта калып баратат. Мындай маселе башка аймактарда деле бар. Журналисттерибиз бардык аймактарга калыс мамиле кылса дейм.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)