Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:23

Саясат

К. Бакиев Ошко учтубу?

Президент Курманбек Бакиев бүгүн кечки саат тогуздарда үй бүлөсүн алып "Манас" аба майданынан атайын учак менен Ошко кетти. Муну "Азаттыкка" "Манаста" иштеген кызматкер билдирди.

Текст көлөмү - +
Ак үй демонстранттарга багынды, премьер-министр Д. Үсөнов кызматын тапшыра турган болуп арызын жазып берди. Оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, кырдаалды жөнгө салууга киришти.

Президент К.Бакиев "Манас" аба майданына тогуз чендерде үй-бүлөсүн алып төрт чоң машина менен барганын, ошол жактан атайын учак менен Ошко бет алганын аба майданында иштеген кызматкер билдирди.  

Бул маалыматты Бириккен оппозициянын лидерлеринин бири да бышыктады. Бирок бул кабар расмий түрдө тактала элек.

Оппозиция бийликти өз колуна алганын жар салып, элдик кошуундарды (дружина) уюштуруп, кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Премьер-министр Данияр Үсөнов Ак үйдүн ичинде бекинип алып, оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, жан соога сурады. 

Бул жөнүндө  оппозициянын лидери Өмүрбек Текебаев улуттук сыналгы каналынан (УТРК) билдирди.

Бишкек шаарында демонстранттар Жогорку Кеңештин имаратын талкалашты, Башкы прокуратуранын имаратын өрттөп жиберишти. Соода жайларын талап-тоноо жүрүп жатат.

Бишкекте жана толкундоолор болгон аймактарда коменданттык саат жарыяланган. Бирок Кыргыз парламенти аны карап бекиткенге үлгүргөн жок.

Оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында премьер-министр Данияр Үсөнов кызматын тапшыра турган болуп арызын жазып берди.

Бул маалыматты “Азаттыкка” сүйлөшүүлөрдөн чыккандан кийин “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди.

Д. Үсөновдун арызы ушул тапта Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаеванын колунда.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган адамдар түрмөдө жаткан генерал Исмаил Исаковду бошотуп келишти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” А.Бекназаров билдирди. И.Исаков Бишкектин чет жакасындагы Жаңы-Жерде жайгашкан күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө жаткан эле.

Генерал Исмаил Исаков коргоо министри болуп турганда кызматынан пайдаланган, уулуна министрликтин карамагындагы батирди берген делип айыпталып, ушул жылдын январында сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бүгүн Бишкектеги окуяларды улай Элдик курултайдын аткаруу комитети бир катар чечимдерди, анын ичинде саясий негизде камакта жаткандарды бошотуу боюнча чечим кабыл алган болчу.

А.Бекназаровдун айтымында, Жаңы-Жердеги түрмө жетекчилери генералды тынч гана бошотуп беришти.




Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: муслим каяктан: россия
04.05.2010 21:43
салам кыргызстан.Мен аябай куйуп кеттим.кыргыз эли теги онолобу?деги элим деп иштеген инсан барбы.элге да позор болдукго.

кимден: Бактыбек каяктан: Кыргызстан
15.04.2010 13:20
Ассалоому алейкум мекендеш бир тууган кыргызым,сиздерден суранам!!!тундук,туштук деген тушунукту ойубуздан алып таштасак,бул да болсо куноо иштерден болуп калбасын.Ар бирибиздин башыбызда олум бар,акыретти ойлоп жашайлы

кимден: Патриот кыргысзтана
12.04.2010 17:18
Кыргыздар эмне эле деп атасыңар Москвага барып жардам сурабаса ким бизге жардам берет

кимден: Bakyt каяктан: UK
11.04.2010 07:14
bul biz korgon topolon ayzbergdin ustu ele dep oilop atam,dagi aldida kanday bolot belgisiz...aldida mamleketti bawkaram degen kim bolbosun Akaev tuuwukkan, Bakiev tuw kelgen tagdirga tuw bolboyun dese 1 kezekte "eldi" oilop, kam koruw kerek ...Nazarbaev aytkanday 1 chi kezekte eldi toygozuw kerek andan kiyin jumuw beriw kerek ... dagi kanday ozgoruulor bolot,emne bolup keteetin korobuz...

кимден: Аскар каяктан: Ош
10.04.2010 22:08
Бул кутумду эмнеге уюштурушту???? Кыргызстанды канчалык чон зыянга учуратканын, бул зыяндын ордун ар бир кыргызстандык пешене тери менен тапкан акчасы аркылуу ордуна коерун унутпайлы. 500дой ары жок морадердун азабын ар бирибиз коробуз. Алды-артын так болжой албаган оппозиция элдин, мекендин убалына калды. Бийликти алуунун башка, цивилизациялуу жолу деле бар болчу...

кимден: Balakai каяктан: Syria
10.04.2010 18:44
Bolochok prezidentibizdin juroguno iyman berip,alakanday jeri uchun,musulman eli uchun ak jana adal emgektenuunu Allahym nasip etsin !!! Amin !!!

кимден: Ailira каяктан: Germania
10.04.2010 05:42
Salam!!!Kyrgyz elim kuipolonup,kyinalyp jatat.Bizge Allah gana jardam beret!!!...Prezident bolo turgan adam bir gana jalgyz Allahtan korkso ele boldu bawka e4 nersenin keregi jok!!!Azyrky 4et jerlerde iwtep jatkan ilim-bilimi bar,jurogundo yimany bar insandar Kyrgyzstanymdy kotorot!!!!

кимден: Абдибек каяктан: Ош
10.04.2010 00:45
айланайын кыргыз элим! эсибизге келели. "Сынган кылычтагы" Бекназар баатырдын созун эстейли, "болунуп журуп, бийлик деп журуп чачылдык го. жетишет!". ынтымакка келели, сабырдуу бололу.
жаны окмотко? "мындан аркы жоопкерчиликти мойнубузга алабыз"- деп айтпайсынарбы. деги силер кайсы мыйзамга туура келесинер???

кимден: Кыргыз каяктан: Сибир
09.04.2010 23:49
Ассаляму алейкум Кыргыз элим. Азаматсынар! Бакиев кетти, эми токтонолу бири-бирибизди тоной баштадык. Болду борборубуздагы музей, магазиндер Бакиевдики эмес биздики, элдики, КЫРГЫЗДЫКЫ, озубузду озубуз тонобойлу. Азыркы бийлик иштесин, иштей алаарын корсотсун, кочоого чыгып ачууланган элди токтотсун. Ак уйго кирип эле отуруп албастан. Биринчиден кыргыз элин басынтып, шылдындап, өзунун жерин ар-кимге сатып келген Бакиевди анын бийликте иштеген акылсыз туугандарын, командасын кармап жазасын берсин. Сабырдуулук кылалы. Ушул кандуу 7 апрелде отуп кеткен туугандардын арты кайрылуу болсун. Арты жакшы болсун.

кимден: kalem sap каяктан: turkiya
09.04.2010 21:15
ay aalamga oozubuzga may tolturup maktangan uch nersebiz bar:asmandy tiregen ala toolorubuz,ataktuu jazuuchu Chyngyz Aytmatov,jana Mabas eposubuz .Bul uchoono biroonu da koshtukk go deym:(mitingchiler,opozicionerler.parlametti talkoolochukar).Kyrgyz kalky kachanga cheyn ozunu minday taanuutunu ulantat?(Ahmat jindense baaryn urup talkalayt;akylduu jindense emne kylaryn plandayt).
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине