Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:35

Эл үнү

“Достук Кербени” акциясы өттү

15-апрелде Кыргызстан Калкынын Ассамблеясы “Достук Кербени - Кыргызстан Калкынын Ассамблеясы - балдарга” деп аталган акция өткөрдү. Кыргызстанда жашап жаткан он бештен ашуун диаспоранын өкүлдөрү беш балдар үйүнө барып, аларга азык-түлүк жана акчалай жардам беришти.

x
Текст көлөмү - +
“Достук Кербени” аттуу акциянын негизги максаты – кароосуз калган, жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү. Ар бир диаспоранын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы беш балдар үйүнө азык-түлүк таратышты. Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, өлкө кыйын абалда турганда жардамга муктаж болгон жетимдерге жардам берүү ар бир жарандын милдети.

Карачай, Күрд жана Түрк диаспоралардын өкүлдөрү шаардын Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборуна барышты. Ал борбордо жашы төрттөн он сегизге чейинки 80 бала жашайт.

Кербен барган убакта өзүнүн бөлмөсүндө отурган Токтокан аттуу 15 жаштагы кызды апасы таштап кеткен. Ал бизге өз колу менен тиккен көйнөгүн көрсөтүп, кийин белгилүү тигүүчү болгусу келгенин айтты.

- Мен тигүүчүлөрдүн сабагына үч айдан бери барып жүрөм. Бул кечки көйнөк. Мен бул көйнөктү эки күн отуруп өз колум менен тиктим. Мен мындай көйнөктү америкалык кинодон көргөм. Дагы бир ак көйнөгүм бар. Аны болсо мода кечесинде кийип көрсөтөм.

Токтокан сымал кароосуз калган өспүрүмдөр Кыргызстанда көп. Кыргызстан Калкынын Ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын айтымында, он жети этникалык уюмдар биригишип, азыркы өкмөттүн штабы менен сүйлөшүп, мына ушундай чечим кабыл алган. Өкмөт учурда кароосуз калган балдардын абалы абдан оор, ошондуктан кайрымдуулук иштерин ошолор менен жүргүзүү жакшы болот деп эсептейт.

- Бүгүн бүт кыргыз эли кайгыра турган абалда турабыз. Кыргыз Калкынын Ассамблеясы деп бириккен этникалык уюмдар биринчи күндөн баштап эле элдин арасына кошулуп, жапа чеккендерге жардам берип жүрдү. Өкмөттүн штабына сүйлөшсөм, биздин ата-энеси жок базарларда жүргөн, кулагы укпаган балдар азыр кыйын шартта жашап жатканын айтышты. Анан биз бул жактан он жети уюм чогулуп, ошол балдарга Кербен жөнөтүп жатабыз.

Реабилитация борборунун мүдүрү Алексей Петрушевскийдин айтымында, дары-дармекке бөлүнгөн акчаны алыш үчүн эле ал беш жерден макулдук алышы керек. “Мындай кайрымдуулук акциялар жетим балдарга аябагандай эле жардам берет” деди Алексей мырза.

- Биз айлап дарыга бөлүнгөн акчанын маселесин чече албай жүрөбүз. Ай сайын бизге 4200 сом бөлүнөт. Ошону алыш үчүн мен беш жерге барып кагаз чогултам. Бизге кайрымдуулук кылган адамдар аябай жардам беришет. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү нерсе - балдар 18ге чыккан соң бараар жери жок болгондугу. Мамлекет тарабынан ушул жагдай такыр эле эске алынбай калган. Бул жактан кеткенден кийин алар кайра эле ууру болушат, түрмөгө түшөт. Мамлекет он сегиз жыл бою ушул жетимдерден жакшы адам болсун деген аракеттеринин баары текке кетет.

Кыргызстан Калкынын Ассамблеясы мындан кийин да кайрымдуулук иштерин жүргүзмөкчү. Анын мүчөлөрү өлкөдө биримдик болгондо гана анын эли өнүгө алат деген ойдо.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Burul каяктан: alystan
19.04.2010 05:42
Жетим балдардын уюмун,уюн уюштургум келет.Ошол жетим балдарды жарык дуйного алып келген ата эне бербеген:мээрим,кубаныч коптогон жакшы нерселерди тартуулагым келет.Балдардын ички дуйносу абдан таза жана тунук.Ошол балдар менен жашынмак,кубалашмай ж.б озум бала кезде ойногон оюндарды уйроткум келет.Дуйно жузундогу адамдар мээримдуу болгондо,жетим балдардын саны азыраак болот эле.Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет,качандыр бир куну ушул ойлорум ишке ашса озумду толук бактылуумун деп сезет элем.

кимден: Burul каяктан: alystan
18.04.2010 05:26
Ананайын Ай.Журогум ооруйт,бала эмес чон киши жан багыш,акча табыш кыйын болуп турган заман.Таш боор эне,ошол арак ичкен эркек менен жашаганча,оз дененден,оз канындан чыккан балан менен жашабайт белен.Бироого кор,бироого зар.Адамдар, мээримдуу болгулачы.Бул баланын келечеги эмне болот.???? Алдыда пландарым бар ошол пландарымды ишке ашыргым келет.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
17.04.2010 08:09
20 жылдан бери президенттердин кошоматчысы болуп келген бул Ассамблеяга эмне болгон деле төнкөрүштөн кийин берешен болуп? Же бул дагы актануунун жолубу же калп эле упай топтообу?
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу