Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эл үнү

Милдеттүү каттоого туруу зарылбы?

Жарыяланган учуру: 11.06.2010

“Кыргызстанда ички миграциянын эркин болушу үчүн милдеттүү каттоону алып салуу керек. Өлкөнүн бир аймагынан экинчи аймагына барып отурукташууда каттоого туруу ашыкча чыгымдарды алып келүүдө”. Мындай пикирлерин 9-июнда Борбор Азиялык Эркин базар институту тарабынан Бишкекте өткөрүлгөн талкууда бир катар коомдук уюмдарынын өкүлдөрү билдиришти.

Ошол эле учурда айрым адистер каттоону толугу менен алып салууга болбой тургандыгын, каттоонун ордуна башка ыкмалар иштелип чыгышы керектигин белгилешет.

Өлкө ичиндеги жер которууларда каттоого туруу милдеттенмесин бир катар жаштар совет мезгилинин калдыгы катары баалашат. Алардын пикири боюнча каттоону таптакыр эле жоюп салуу керек. Борбор Азиялык Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев белгилегендей, учурда милдеттүү түрдө каттоого туруу жарандар үчүн ашыкча түйшүк болуп жатат:

- Мисалы, бирөө бир айылдан же региондордон Бишкекке келсе, ал адамдын Бишкектеги каттоосу жок болсо, ал бул жакта соода кыла албайт, көчөдө семичке да сата албайт. Бул мыйзамдын алдындагы эреже болуп саналат. Экинчиден, азыркы учурда Бишкекте расмий түрдө каттоосу жок 220 миң адамдар жашайт. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда, бул сан эки-үч эсе да көп болушу мүмкүн. Натыйжада каттоосу жок адамдар ар дайым милициялардын колуна түшүп жатат. Алардын чыныгы рэкети - милиция болуп калды.

Мындан бир жыл мурда Борбордук Азиядагы Америка университетинин Социологиялык изилдөөлөр борборунда жүргүзүлгөн эркин изилдөөнүн жйынтыгына ылайык, милиция кызматкерлери ички мигранттардын 80 пайыздан ашыгын токтотуп документ сурашкан жана мигранттардын 67 пайызы каттосуз жашап жаткандыгы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Ички миграция боюнча мыйзамынын 9-беренесинде ар бир жаран каттоого турганга милдетүү экендиги жазылган. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулованын айтымында, бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн бир катар татаал жол-жоболор иштелип чыккан:

- Каттоо учурунда ооруканадан жана каттоого тура турган жерден маалымкат,айыл өкмөттөн маалымкат өңдүү көптөгөн иш-кагаздары талап кылынат. Бизде ар бир жаран келип эле үй-жай сатып ала албайт экен. Булар же батирге чыгышы керек экен, же туугандарыныкында жашашы керек экен. Ушулардын негизинде убагында каттоого тура албагандыктан, текшерүү убагында кармалып калгандар болуп жатат.


Талкуунун катышуучулары, каттоосу болбогонунан улам милиция кызматкерлерине кармалгандардын көбөйүшү паракорчулукту өнүктүрүп жатканын айтышат. Айрыкча милдеттүү каттоого туруу жарандарга ашыкча чыгым жана түйшүктөрдү алып келип жаткандыгын жана каттоо алынып салынса өлкө ичинде ишкерлердин эркин кыймылына мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгилешет.

Ошол эле учурда милдеттүү каттоонун жоюлушу бир кыйла маселелерди пайда кылышы мүмкүн дегендер бар. Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракуновдун айтымында, каттоо болбосо социалдык жардам алуу багытында кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн:

- Каттоо системасына көп нерселер байланып калган. Мисалы, социалдык жеңилдиктерди берүү. Жанакы бийик тоолуу аймак деп коет эмеспи. Бул аймактарда жашагандарга кандайдыр бир кошумча акча төлөнөт. Анын бийик тоолуу жерде жашаганын кантип далилдейт? Албетте каттоо күбөлүгү менен далилдейт.

Мындан сырткары кээ бир уюмдардын мүчөлөрү каттоонун жоюлушу менен кандайдыр бир башаламандык пайда болушу мүмкүн экендигин айтышат. “Арыш” коомдук бирикмесинин өкүлү Назгүл Өскөлөңова эгер милдеттүү каттоо жоюлса, анын ордуна альтернативдүү ыкмалар иштелип чыгышы керектигин белгилейт:

- Көп эле сунуштар болуп жатпайбы. Каттоону алып салабыз, кыскартабыз, узартабыз деген. Менин оюмча сөзсүз түрдө эле бир жерге келип каттоого туруп көп кагаздарды даярдоонун кереги жок. Ансыз деле иш жүзүндө андай болбой эле. Анан биздин сунушубуз ар бир адамга таандык кандайдыр бир номурлар берилсе. Ошол номур менен каалаган жеринде, Нарында болобу, Таласта болобу, Бишкекте болобу, ар кыл кызматтарды алганга ылайыкташтырылса.

Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар каттоо системасын толугу менен алып салуу мүмкүн эместигин айтышат. “Адилет" укуктук клиникасынын өкүлү, укук коргоочу Асылкүл Балабаеванын айтымында, каттоону алып салууга азырынча эрте:

- Менин оюмча каттоону алып салуу эмес, каттоо системасын жөнөкөйлөштүрүү багытында ойлонуу максатка ылайык болот. Биздеги ички миграция боюнча мыйзамда жарандын каттоого турушу үчүн үч гана документ талап кылынаары айтылат. Тилекке каршы, бул нерсе кеңейтилип кеткен. Натыйжада каттоо системасын жөнөкөйлөтүү муктаждыгы бар. Ал эми каттоону таптакыр алып салуу жөнүндө сөз кылууга азырынча эртерээк.


Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абдыкеев Нурбек белгилегендей, каттоону алып салууга мамлекет да, эл да даяр эмес.

-Каттоону алып салыш керек дегенге биздин мамлекет, биздин эл өзү даяр эмес. Ал эми каттоону жөнөкөйлөштүрүш керек деген менен макулмун.

Талкуунун уюштуруучуларынын бири Сейитбек Усманов милдетүү каттоого байланыштуу айтылган ой-пикир, сунуштар болочоктогу өкмөт мүчөлөрүнө билдирилерин айтат:

- Биз сунуштарды өкмөттөгү адамдарга беребиз. Алар чечет. Андан тышкары биз бул маселени жалпы элдин түшүнүшүн каалайт элек.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: Эне каяктан: Бишкек
17.06.2010 13:49
Жашаган жериң боюнча каттоого туруу өтө зарыл нерсе. Зарылдыгы кимге дегенде эң биринчи ошол каттоосу жок адамдар үчүн зарыл. 1. Каттооң жок болсо сен ишке кире албайсың.2. Ооруканага көрүнө албайсың. 3.Турак жай алууга мүмкүндүгүң болбойт. Азыр Бишкектин жаңы конуштарында эсеби жок, каттоосу жок миңдеген адамдар,батирлеп жүрүшөт. Адам чыдагыс оор шартта жашап жатышат. Жумуш эмес жумуш тапканга аргасы калбагандар. Айылдан ооп келип жашап кетебизби деген үмүт менен кошо эртеңкиси оорлоп, келечектен орду жок калып жатышат. Болбосо жакында болгон эл каттоодо бир бөлмөдө 18 ден киши экен, колум ооруп жазбай чыгып кеттим деген каттоочулар болгон. Жашыруун эчтекеси жок. Канча элибиз кайда, канча үй каңгырап бош, кеткендер келеби, ар бир адамдын жашоо орду, турмуш тиричилиги кайда, айылдабы, шаардабы эч бир жашоонун жөнөкөй эрежеси дегенден кур жалак калып аралашып эле калды. Каттоо жүргүзүлүп ар ким өз түбөлүктүү ордун тандап, ата бабадан калган ар бир жер тилкесин сактап, арбир тамчы суусун коргогон улуу кыргыз элинин кайра жаралуусу мына ушул каттоодон башталышы керек деген үмүт бар.Ошондуктан каттоо бул өтө терең, зарыл, көп жылдык эмгек. Эртеңкинин таза пайдубалы. Үзүрүн келечектен көрөбүз, анткени ар бир адамшга канча литр суу керектигинен өйдө эсептелеши керек. Баш аламандыктын башталышы да ушул жерде.

кимден: Мурат каяктан: Стамбул
10.06.2010 22:15
Олко ичинде гана эмес. Кээ бир олколор арасында дагы виза системасы алынып салынса жакшы болмок. Ал эми Кыргызстандын ичинде прописка алуу чындап эле кыйынга турат. башка соз менен коптогон процедуралардан отуу керек. Жарандар убакыт, акча короткончо деп "нелегпл" деген ат менен кочуп конуп эле жашап жатышпайбы...