Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:38

Саясат

Ж.Кирчик: "Түштүк Кыргызстанда абал оор"

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Жеймс Кирчик (James Kirchik) Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылыштан кийин эки улуттун баштагыдай бирге бейкапар жашоо өткөрүүсүнөн күмөн санап турганын, абалды турукташтырууда кыргыз өкмөтү Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүүсү керек деген пикирин айтты.

"Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Жеймс Кирчик Ошто, 2010-ж. июну
Текст көлөмү - +
Ж.Кирчик Ош, Жалал-Абад аймактарында он күнгө чукул жүрүп, жергиликтүү калк, кыргыз бийлик өкүлдөрү менен баарлашып, өткөн аптада Прагага кайтып келди.

- Ош менен Жалал-Абаддагы жагдайды кандай баалайсыз?

- Абал абдан көңүл чөгөрлүк. Мен сүйлөшкөн көпчүлүк кыргызы болобу, өзбеги болобу мындан ары чогуу жашоого кызыкдар эмес экендигин билдирди. Өзбектер өздөрүн жек көрүндү катары сезсе, кыргыздар аларды бул кандуу окуяга себепкер катары күнөөлөшөт экен. Азыркы кырдаал мен өткөн жолу көргөндөн таптакыр тескерисиндей сезилди. 7-апрелде ыңкылап ишке ашкандан кийин мен көргөн нерсе, өзгөрүүлөргө кубануу менен караган маанай азыр дээрлик жок. Тилекке каршы, ушундай абал Кыргызстанда дагы узакка созулчудай.

- Оштун, Жалал-Абаддын көчөлөрүндө эмнени көрдүңүз, кимдер менен сүйлөштүңүз?

- Оштун чоң көчөсүнө чыксаңыз өзбек улутундагыларды дээрлик көрө албайсыз. Көчөдөн дароо эле кимиси ким экенин ажыратууга болот. Кыргыздар кадимкидей жай-баракат, тамашалашып, күлүп жүрүшөт. Ал эми өзбектер болсо мааладан алыстабай, жашаган жеринен чыкпайт. Аялдар болсо жоготкон жакындарына тынымсыз ыйлап отуруп эмоциялык жаткан алдырып коюшкан. Эркектер коркуп жатып деморалдаштырып бүткөн. Коопсуздук күчтөрү дагы эле аларды кармоону улантууда. Биз баарлашкан жөнөкөй адамдардан тарта жергиликтүү саясатчылар эки улуттун бири-бирине ишеними жоголгондугун айтышты.

Кагылышта набыт болгон өзбек улутундагылар, 2010-ж.июну
Өзбектердин алдында эки жол турат. Анын бири - өлкөдөн чыгып кетүү, бирок Москвага жетүү баарынын эле колунан келе бербейт. Ал эми көптөрү Өзбекстанга баргысы келбейт. Өзбекстанга караганда Кыргызстан жашоого алда канча жакшы жер да. Анан кете албагандар эмне кылат? Өздөрү каалабаган жерде, качан келип милиция кармап кетет деп жашоо көрөт. Ал барып туруп чоң жарылууга алып келет. Анда июнда болгон окуя жөн эле учкундай болуп калышы мүмкүн.

-Эмнеге таянып абалга мындай баа берип жатасыз?

- Мен эки тараптан тең ондогон адамдар менен сүйлөштүм. Алардын көпчүлүгү айткан нерселер боюнча мен жалпысынан ушундай мүнөздөмө берип жатам. Бул түштүк боюнча. Албетте түндүктө, Бишкекте жагдай башкача. Ал жакта өзбек улутундагылар аз жана анчалык деңгээлде бири-бирин жактырбоо байкалбайт. Түштүктө саясий абал дагы эле чыңалып турат. Маселен, Ош шаарынын мэри Мырзакматов. Аны көптөгөн адамдар июнда болгон зордук-зомбулукту уюштурган деп күнөөлөшүүдө.

Кагылышта дайынсыз жоголгон кыргыз улутундагылар, 2010-ж.июну

- Сиз мэр Мырзакматов менен жолукканда өзүнөн бул тууралуу сурадыңызбы?

- Биз Мырзакматов менен жарым сааттан ашуун маектештик. Мага ал согушкер-кол колбашчыдай сезилди. Менин оюмча ал шаарды өз менчигиндей эле башкарат экен. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиев дайындаган жетекчи жана нааразычылык митингддердин артында турган. Ал эми анын азыркыга чейин шаар башкарып жатканы - Убактылуу өкмөттө аны колдогон жердештери бар. Ал бийликти жеке өзү кандай түшүнсө дал ошондой жүргүзөт.

Жөн жеринен эл аралык коомчулук Бишкектеги өкмөткө бул жигит менен бир айла кылууну айтпаса керек. Анткени бул жетекчи абалды турукташтырууга тескери роль ойноп, бузулган үй-жайлардын бардыгынын ордуна көп кабат үйлөрдү курабыз, ал жерде кыргыз-өзбек биригип бактылуу жашайт деген куру сезимге алдырган планды түзүп алыптыр.

Эгер Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк түзгөн планды карасаңыз, үй-жайы бузулгандар кайсы жерге кааласа ошол жерге жаңы курулуш баштай алары көрсөтүлгөн. Ал эми мэрдин мурдагы үй-жайдын баарын тып-тыйпыл тегиздеп салып, бийик кабаттуу үй куруу тууралууу планы каршылашууну кайрадан күчөтүшү мүмкүн. Эл аралык донорлор миллиард доллар каражат бөлүп жатса, мэрдин планы тигиндей болсо, анда кандай иш болот? Ошондуктан эртеби-кечпи борбордук бийликке бул мэр боюнча бир чечимге кабыл алууга туура келет.

- Сиз өз макалыңызда «кыргыз өкмөтү Мырзакматовду кызматтан кетире албаган себеби элдин айтуусунда, ал Ошту таза аба менен камсыз кылуучу станцияны бомбалап коюптур», деп жазыптырсыз. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Ооба мындай сөздү мен уктум. Таң калыштуусу Кыргызстан азыр ушак-айыңга ушундай бай экен. Мен да өз макаламда ушундай ушак кеп жүрөт деп жаздым.

- Журналист катары маалымат менен иштөөдө эмнеси чын, эмнеси калп экенин кантип айырмаласа болот?

- Мен болгону 26 жаштамын. Кыргызстанда журналист катары иштөө мен үчүн бир кыйла татаал болду. Анткени ар бир укканың ушак-айыңдын деңгээлинде. "Мен муну агаман уктум эле, менин жеңемдин инисин өзбектер токмоктоп кетиптир" деген сыяктуу сөздөр. Албетте андай шартта иштөө өтө татаал.

Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов иш кенсесинде, 2010-ж. июну

- Демек мэр Мырзакматов тууралуу айтылгандар да ушак-айыңдын деңгээлинде десек болобу?

- Жок, мен буга макул эмесмин. Анын мурунку эки орун басары менен сүйлөшкөнүбүздө алар Мырзакматовдун туура эмес иштерге тиешеси бар экенин айтып, күнөөлөштү. Бул ушак эмес. Бул ага жакын кишилердин айтканы.

- Бул тууралуу Мырзакматовдун өзүнөн да сурадыңызбы?

- Ооба, сурадым. "Жагдайды курчутууга сиздин түздөн-түз тиешеңиз бар деп мурдагы орун басарларыңыз айтып жатат. Буга эмне дейсиз?" деп сурадым. Мырзакматов отурган ордунан туруп барып иш үстөлүнөн бир топтом кагаз алып келди. «Бул кагаздар - менин орун басарларымдын акыл-эси ордунда эмес экендигин тастыктоочу медициналык кагаздар» деп бизге көрсөттү.

- Сиздин оюңузча М.Мырзакматов кызматтан алынса кырдаалды жеңилдүтүүнүн жолу болобу?

- Ооба, ооба. Мен буга калети жок ишенем. Мен президент Роза Отунбаевадан сураганда ал да ушундай эле пикирде экендигин билдирди. Мен президенттен "сизде мэрге карата ишеним барбы?" деп сурадым. Ал болсо "бул өтө кайчылашкан суроо" деп жооп берди. Демек президент мэрге ишенбейт, ишенсе - ишенем деп эле айтмак да. Президент мэрди кызматтан ала алабы? Менимче, ооба, президент аны кызматтан ала алат. Бирок бул өтө татаал чечим болот, анткени Мырзакматовдун артында куралчан адамдар турат.

М.Мырзакматов медициналык кагаздарды көрсөтүүдө, 2010-ж. июну

- Мырзакматовдун артында куралчан адамдар турат деген маалыматтын чындыгына канчалык ишенсе болот?

- К. Бакиев борбор калаадан түштүккө келгенде Оштун борборуна куралчан адамдар чогулуп, Мырзакматов мэрдин ордуна калуусун талап кылышкан. Ошол эле куралчандар менен Мырзакматовдун байланышы бар экендиги айдан ачык. Анан жергиликтүү милиция деле мэрди угат, алар борбордук өкмөткө гана баш ийет дегендин өзү чоң суроону туудурат.

- Өзбек улутундагылар Кыргызстандын бийлигине ишеним артат бекен?

- Президент Отунбаевага карата аларды жек көрүү сезими жок. Отунбаева алар үчүн чындыгында көп нерсе жасоого ниети бар деп жана позитивдүү иштерди аткара аларына ишеним артышат. Бирок көпчүлүк өзбектер президенттин колунда чыныгы бийлик жок экендигин айтышты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: тимур каяктан: россия
28.08.2010 18:02
бир сөз менен айтканда мелис мырзага асылганырарды койгула!!!! корот элем силерди эгер ошто жашап же ошол тополондо ошто боолгонунарда?соз деп эле суйлой бербей кичине ойлонуп сулосонор

кимден: Атуул каяктан: Озгон
12.08.2010 09:43
Мелис мырзаны тааныбайбыз,коргон дагы эмеспиз.Бирок коп-коп нерсе угуп турабыз ал киши жонундо.Мелис мырза учун биз 20мин.Ошко жетип барабыз Озгондон.Колунарды тарткыла,чыккынчылар

кимден: Азамат каяктан: Жалалабад
09.08.2010 16:52
Равшан ака, Сиздей провокатор укукчулардын барынан жогу артык. Озунузго озунуз суроо берип корунузчу: Эгер бул иштер Озбекстанда, же сиз идеал туткан Америакада болгондо алар кантмек эле? ТВдан чыгып алып ачык эле элди согушка ундогон Батыровду эмнеге унчукпайсыз? Кыларын кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, согушту баштап, кыргыздарды кырып, унааларын орттоп, мамлекеттик мекеме-ишканаларын орттоп, мамлекет ишкерлерин (милиция, аскерлерин) жиликтеп орттоп таштап алып, анан уйубуз орттонду дегениниз кандай? 10-июнь туну которулгондорду ким, эмнеге ишендирди эле? Куралчал балдарды ким каяктан жалдап келген? Дегеле, ок биринчи кай жактан, эмне максатта чыкты? Буларды да бул ичинде ит олуп калган журналист соройлорго неге айтып койбойсунар?

кимден: Тообо каяктан: ОШ
09.08.2010 16:17
БУЛ РАВШАН ДЕГЕН КИШИНИ ТААНЫБАГАН КИШИ ЖОК. Укук коргоочумун деп корунгон жерде "кокурок какканы" менен убак-сааты келгенде элдин эмес озунун да укугун коргоп калууга кучу жетпейт. Оозуна кирген немени оттоп, элдин башын айландырууга аракет жасаптыр. Тан калганым, Озбек маданий борборуна каршы элемин дептир. Баары буткондон кийин, элге жаман корунуп калган тарапты ого бетер жаман коруп, сындап, артынан шыбап жатып калат. Бул киши да болор иш болуп жаеосу кангандан кийин корогоч болуп акыл уйорото баштады. Эгер чыныгы Ислам динин тутунган киши болгондо кандай гана тоскоолдуктарга карабай тополон чыккан кунго чейин Батыровду, Абдурасуловду, Сабировду, Абдуллаеваны ашата согуп, "койгула, от менен ойнобогула" деп телерадиолордон чыкмак. Эми уйлор орттонуп, адамдар олуп кеткенден кийин чынчыл корунуп, олук санаганы кудайга да жакпайт. Урушта ушундай болот. Эгер кыргыздан мынча олду, озбектен мынча куйду деп тиреше берсек, озунуз айтмакчы тиги бизди уруштурган тараптардын айдан тилегени жерден табылбайбы. Калп эле мусулман терисин жамынып алып, ачышкан ждарага туз сепкенди коюнуз.

кимден: Атакул каяктан: Ош
09.08.2010 16:03
Равшанга кайрылар элем: мусулман экенинди билип туруп эмнеге мусулмандык парзынды аткарбадын. Сага окшоп айлана тегеректин баары кулго айлангандан кийин акыл айткан паскаштар кобойду. алапайын таппай кыйналып турган кыргыз бийлгине кун сайын ултиматум коюп, жыйналыштарды откоруп, купулдоп жатканда кайда журдун. "От менен ойнобогула!" деп бийликке да, ММКга да катуу эскертип, жаман корунгон Мелисбектей азамат эл башчыны Баатыр дебей, сени, же сага окшогон кеч ойгонгон кор-пенделерди баатыр дейлиби? Тарых баарын оз ордуна коет. Бул дуйАлла Таала баардык айыптуулардын жазасын берет.

кимден: Равшан каяктан: Ош шаары 0 543 818056
08.08.2010 03:49
Мен Жеймс менен учурашканмын.Жеймс орттолгон озбектердин уйлорун коргон, жандырып олтурулгон адамдардын туугандары менен суйлошкон. Дубалдарына кыргыз деп жазылып куйбогон жана озбек деп жазылып орттолгон уйлорду жана ишканаларды коргон. Аларды баардыгынар билесинер.Туурасын айтканда, бир кыргыздын уйу куйгонун мен коро элекмын, жеймс да корбогон болсо керек.
Мендеги тизме боюнча, 4 кочодон 1000 ашык уй куйгон жана 200 ашык адам олгон.Булардын баардыгы озбектер.Силер 1941 жылдагы немисттер менен болгон согушту кинодон коргон болсонор, бизде кудду ошондой болгон.Куралчандар жана БТР дан эч кимди аябай атып келишкен. Биз жашаган Ленин кочосунун Тешик ташка келип коргуло, Алай гостиницасынын одосу Наваи кочосун коргуло анан билесинер. Башка жайларды айтпай эле туралы.Мындай иштерди немис фашисттери да кылган эмес.Биздин кочонун озундо канча адам куйдуруп олтурулду, ого ким жооп берет? Биз кыргыз озбек бир эле эл болуп жашап келгенбиз.Эми мен келгинди болуп калдымбы? Менин жети атам ушул жерде жашаган. Ар ким озуну каерден каерге келип калганын ойлоп корсунчу! Биз мусулмандарды 1926 - 1928 жылдары орустар болуп ташташкан. Анан бизди биригип кетишпесин деп, ара арада уруштуруп турушат. Ошону тушунбогон акылсыз саясатчылар, оздорун чонтогун ойлоп уруштарды ойлоп табышат. Мен озбек улуттук борборуна да каршы чыкканмын, мунун аягын жамандыгын тушунтурганмын. Бирок, ошол борборду башкаргандар озбектер эмес, алардын бардыгы уйгурдар. Ошолор да оздорун чонтогун ойлошуп, озбектерди кара кылышты. Жазам десем соз коп. Бирок, биз мусулмандар бир дене бир жанбыз. Ошону унутпастык керек. Эми болсо, мусулмандарды уруштуруп жургондорду герой кылайлыбы? Козунорду ачкыла, кудайдын жери баардыгыбызга жетишет.Жада барса эки метр жерге барабыз. Жетишпегенин ошол жерде Кудай озу жетиштирип коет.
Ошол олгондордун туугандарынын ордуна озунорду коюп коргуло, анан билесинер. Эми ойлонгула! Мындай иштердин алдын алуу учун эмне кылуу керек?

кимден: Мира каяктан: Ош
05.08.2010 19:40
Мелис Мырзакматов жөнүндө Кирчик мырзанын айткандарын окуп аябай капа болдум, Мелис мырзанын Ош шаары үчүн кылган мээнети опол-тоодой, муну Ош шаарынын тургундары жакшы билишет, а каяктагы бир чет элдик журналист эмес. Мен мэрдин аткарып жаткан иштерин колдойм!

кимден: Кайрылуу каяктан: Ош
05.08.2010 19:36
Урматтуу Азаттык! Бул жигитке окшогон аналитиктерден пикир сурабай эле койгула. Бул жерде эки эл урушкан жок. Эки элдин ортосуна от жаккандар шаардан качып кетишти. Мэр мына ушул уруштун алдын аламын деп жаман корунду. ОшТВ менен МезонТВнын директорлорун миндей элдин козунчо эсин барда этегинди жап жеп катуу эскертип, от менен ойнобогула деп урушуп жатып жаман корунду. ЭлТРден эки жолу туз эфирге чыгып, шавинисттерге каршы суйлоду. "Улутчулдарсыз деле Референдум отот. Референдум учун алардын кулагын которбогуло" деп Убактылуу Окмотко да катуу эскертуулорду берип жатты. Жаман корунгонуно карабай озунун керт башынын коопсуздугун жана саясий карерасын тобокелге салып, шаардагы кырдаалды кармап калууга акыркы саатка чейин аракет жасады. Убактылуу Окмот мэрдин эскертуулорун угуунун ордуна И.Исаковдун "сунушу" менен Мырзакматовду "алсыздандыруу" учун шаардык ИИМдин башчысы Курсант Асановду Бишкекке которуп салды. Арабан 10 кун отпой тополон чыкты. Анткени мэр менен нач.милиция эриш-аркак бир топ тополондун жолун тосуп, чыр-чатактын алдын алып жаткан болчу. Кийинки келген нач.милиция кабинеттен чыкпаган неме экен, кырдаалды кармап тура албай, иштин баарын ырбатты. Кыскасы, мэр М.Мырзакматов Кыргыз Элинин Баатыры болууга татыктуу инсан. Ага жалган жалаа жапкандардын бир гана ниети бар: тынчтыкты кечендетуу жана кырдаалды курчутуу!

кимден: Нургазы каяктан: Аксы
05.08.2010 19:05
Мен студентмин. Мэрди эки жолу кордум. Эки миндей судент менен чон драм театрда жолугушканбыз. Мага Мелис Мырзакматов суйлогон созу менен жасаган иши бири-бирине туура келген эр журок жетекчидей таасир калтырган. Оштогу тополондо аны экинчи жолу козум менен кордум. Бизди жатаканадан алып чыгып, айылга жонотууго чон жардам берди. Бар болунуз, Мелис ага!

кимден: Кайгы каяктан: Ош
05.08.2010 18:16
Азат аттуу адамга кайрылаар элем: Сен чыныгы кор-пенде экенсин. Озбектердин уйун бузбайлы, Алланын каарынан корколу депсин.Ошко келип бир коруп чыкчы. Озбектердин уйу бузулуп, орттолуп буткон. Аларды кайра тикелеп куруп берип койсок 20 жылдан кийин дагы бул окуя кайталанат. Аралаш жайгашкан айылдарда эч кандай кыйроолор болбоду. Сенин буга акылын жетпегенден кийин, коогаландын чыгуу себептерин билбегенинден кийин калп эле мээримдуу болуп суйлобош керек. Мэрдин оюнда калет жок. Откон иш отту. Мамлекеттин ичинде кичи-мамлекеттерди жок кылмайынча, кыргыз-озбек аралаш, коншу болуп жашамайынча иш чечилбейт.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)