Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 18:44

Эркиндик

И.Абдуразаков: Бийлик өкүлдөрү чоң жаңылыштык кетирди

Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков 2005-жылы 24-марттагы окуяны революция деп эсептебейт жана азыркы саясий кырдаалды мындан беш жыл мурдакы окуялардын кайталанышына чейин жетет деп ойлобойт.

x
Текст көлөмү - +
- Ишенбай мырза, Ынтымак курултай элге кандай пайда алып келет?

 - Президент башында эле бул диалог болот деп айтпадыбы. Ошон үчүн мен өзүм Ынтымак курултайын колдодум. Эгерди биз ушул диалогду калыс, обьективдүү өткөрсөк анын пайдасы көп болот. Делегат болуп келгендердин баары болбосо да, көпчүлүгү азыркы өлкөдөгү болуп жаткан акыбалды ачык айтып чыгышы керек да. Мына ошонун өзү деле, албетте бул эми курултайдын жүрүшүнө жараша болот, бирок негизинен бул пайда алып келе турган нерсе.

- Ошол эле кезде оппозиция да өзүнүн курултайын өткөрбөдүбү?

 - Эми оппозиция, таптакыр радикалдар болсо дагы ошол Ынтымак курултайдын трибунасына чыгып айтса жакшы болмок. Бирок анын жетекчилери башкача чечиптир. Ошол жерде, элдин көзүнчө болуп жаткан маселелерди ачык айтса, азыркыга караганда да салмактуураак болмок. Эң негизгиси тирешип, чатак чыгып кетпесе болду. Андан өлкөгө пайда болбойт. Март окуяларын билесиңер кандай болгонун. Бизди дүйнө жүзүнө уят кыла турган көп эле окуялар болду да. Бирок ошолордун айтканын өзүбүз баамдайбыз, салмактайбыз. Кайсынысында чындык бар, кайсынысы популизм, кайсынысы саясий оюн. Анын баары эле өзү көрүнөт. Ынтымак курултайын да көрөбүз, ким кандай сүйлөйт...

- Ишенбай мырза, мына март ыңкылабына беш жыл толду. Бирок коомчулук арасында анда коюлган максат-тилек, талаптардын аткарылбаганы байма-бай айтылып, нааразылыктар болуп атат?

- Март революциясы деп айтып жатышат. Мен аны март окуясы эле деп коем. Себеби революция деген - бул коомдогу саясий курулуштун, социалдык түзүлүштүн түп тамырынан бери өзгөргөнүн, абдан олутту өзгөрүүлөрдү алып келген окуяны революция дейт. Бизде андай болбой жатпайбы. Ошондуктан анын талап-максаттары ишке ашты деп айтканга ооз барбайт. Ошо кезде абдан бийик, маанилүү лозунгдар көтөрүлгөн. Биринчиден, ошо кезде Конституцияны сактоо, мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын укугу, коомдун тазалык. Ушундай көп маселелер көтөрүлгөн да. Эгер ушулар ишке ашып кетсе, эл жалпысынан ыраазы эле болуп отурмак. Эми майда-чүйдө иштерге нааразычылык боло берет. Бирок чоң маселелерди чечкенде чыңалуу деген төмөнүрөөк түшөт. Ашкан жок деп да айтыш да кыйын, бирок ашты деп айткан туура эмес болот.

- Ошол себептүү да азыркы кырдаал менен 2005-жылдагы марттагы абалды окшоштуруп жатышат?

 - Өлкөдөгү экономикалык, социалдык акыбал бир топ татаал. Элдин ичинде нааразылык бар, аны эч убакта танбаш керек. Ар бир эле адам көрүп турат. Өткөн 2005-жылга караганда ошондой чыңалуу ошондой натыйжага алып келет деп мен андайды күтпөйм. Албетте, окшоштугу бар, бирок чыңалуу анчалык эмес.

- Оппозиция бир топ талаптар менен чыгып жатат. Алардын бири тарифтерди калыбына келтирүү, саясий куугунтукту токтотуу болуп жатат...

- Эми алардын эмне жөнүндө айтаары белгилүү. Бизде чынын айтыш керек, бийликтин өкүлдөрү - стратегдери деп коебузбу - чоң жаңылыштык кетирди деп ойлойм. Курултай болоору күзүндө эле белгилүү болгон. Аны диалог деп айтып жаткандан кийин, элдин турмушуна тикелей байланыштуу маселелерди чечүүдө абдан сактык керек болчу. Талылуу маселелерди чечкенде кыраакылык керек болчу. Эч нерсе дебей туруп эле “тарс” этирип чечип койбодубу. Элдин жарылып кетип жатканы да ошондон. Коррупция жөнүндө көп сөздөр болуп атат, менчиктештирүүдө элдин кызыкчылыгын эске албаган иштер болуп атат деген сөздөрдү айтып жатышат. Анын кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин мен билбейм. Бирок эл арасында ушундай сөздөр айтылып жатат. Бул факт.

- Мына ушундай нааразылыктар күчөп отуруп, дагы бир март окуясындагыдай абал болбойбу деген суроо туулат?

- Эгер ушул боюнча ырбап, маселелер чечилбей, барган сайын элдин кыжырына тие турган иштер болсо, тилекке каршы алып келет. Муну бийликте отургандардын көбү жакшы түшүнөт го деп ойлойм. Элди алдайм деп аракет кылбаш керек. “Эл көрөгөч” деп айтылгандын да негизи бар.

- Ишенбай мырза, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков сегиз жылга эркинен ажыратылды. Сиз бул соттук өкүмгө кандай баа берип жатасыз?

 - Адамдын өзүнүн кылмышына жараша жаза болуш керек. Кылмыштын түзүлүшү деген бар. Ошону абдан объективдүү анализдеп, чын эле мамлекетке ошончо зыян алып келсе, албетте, андай кишилерди калгандарына да көнүмүш болбос үчүн жазалаш керек. Бирок саясий бир боек менен, саясий бир максат менен адамды жазалаш туура эмес, абийирдик мыйзам боюнча да туура эмес. Мен эми И.Исаковго кандай күнөө коюлуп, кандайча аны кармап жатканын билбейт экенмин.

- Азыркы бийликтин тышкы саясаты тууралуу кандай ойдосуз. Орусия менен алаканын начарлап кеткенин да айтып жатышат...

- Эми аны кээде көптүрүп да айтып жатышат. Мында бир эле сөз бар. Кээде Орусиянын атынан сүйлөгөн саясат саясат талдоочулар бизди көп векторлуу саясат жүргүзүп жатат деп күнөөлөп жатат. Бул өзү принципиалдуу түрдө туура эмес коюлган маселе. Азыркы плюралисттик дүйнөдө биз өзүбүз эгемен өлкө болгондон кийин ар бир мамлекеттин өзүнүн тышкы саясаты болот. Биздин кызыкчылыгыбызга туура келген маселе болсо, биз ошол өлкө менен кызматташуубуз керек. Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөбүз. Ошолордун уставына каршы келбеген нерсе болсо ишти жасай бериш керек да.

- "Азаттыктын" обого чыгарылбай жаткандыгы туурасында пикириниз кандай? Деги эле Кыргызстандагы соз эркиндигине кысым-басымдар болуп жаткандыгы айтылууда?

- Демократиялуу өлкө деп багыт алгандан кийин демократияны биз классикалык түрдө турмушка ашыра албай жатабыз. Ошондой болсо да башка бир топ өлкөлөргө караганда сөз эркиндиги, калган эркиндиктер бычылуу болсо да бизде бар. Мына ушундай шартта турмуш-жагдайга жараша ар кандай пикирлердин болушу табийгый нерсе.
 
Ал эми “Азаттык” элдин айтканын айтып жүрөт, эл ичинде популярдуу. Буга эч каршы болбой, бериш керек эле. Мисалы Орусияда деле “Москва жаңырыгы” (“Эхо Москвы”) көп учурда өкмөттү аябай “туздайт”. Бирок аны жаап койгон жок да. Анткени ал жакта мамлекеттик маалымат каражаттары да күчтүү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: terry каяктан: bishkek
22.03.2010 20:12
эмнее эле тарынасыңар?? Искаковдун кандай экенин билип билбей туруп сүйлөгөн адамдар көп!! Искаков всего лиш причина что бы выразить свое недевольствие!! и вы простой народ ничего не знаете про его проделки!! а Абдуразаков тут уточняет что если он виноват то должен быть наказан но не таким образом-- используя политическую цель!!! короче лучше сами тоже старайтесь сначала исправьте себя потом говорите за нацию. мы сами себя не уважаем поэтому мы и отсталый народ!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.03.2010 17:41
БҮткөн ишке сынчы көп, бирок өзү жасай албайт.

кимден: Bekbolot каяктан: China
22.03.2010 11:16
Сизди калыс сөзүңүздү айтат экен десе, ар кайсыны айтып будамайлап жооп берипсиз! Акты ак, караны кара деп так айтып койсоңуз болмок, эми Сиз өңдүү улуулары, элге төбөсү көрүнгөн карылар ушинтип "билмексен" болуп отурса элдин жарылары бышык кеп! Элдин ушундай ахыбалда турганын көрүп, билип туруп, 2005жылдагы окуялар кайталанбасын десеңиз, ошого жол бербес үчүн калыстык кебиңизди аянбай эле айтсаныз жакшы болмок экен.

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
20.03.2010 11:35
Мен сизди кыраакы дипломат, "чычканга кебек алдырбаган" коомдук байкоочу деп журсом, генерал Исаковду кандайча камашканын байкабай калган турбайсызбы. Мен сизди мурунку муундагы Кыргыз интеллигенциясынын алдынкы азаматтарынан деп журуптурмун.

кимден: Ысак каяктан: Бишкек
20.03.2010 01:45
Бул дежур чалдын тили кысык. Баласын Афганистанга элчи кылып жонотуу жолу менен бийлик бул кишини сатып алган. Бийлик менен дежур чалдардын ортосунда болуп келген классикалык журуш, эски эреже бузулган жок

кимден: ТЕЗЕК каяктан: ТЕЗЕКСТАН
20.03.2010 01:17
"МНОГОВЕКТОРНАЯ ПОЛИТИКА В ИНТЕРЕСАХ ОДНОЙ СЕМЬИ" ДЕП КОРКПОЙ ЭЛЕ АЙТСАНЫЗ БОЛМОК аксакал.

кимден: ОТУЗ УУЛ каяктан: НООКАТ
20.03.2010 01:09
АТАГАНАТ,ИЛГЕРИ КЫРГЫЗДЫН АКСАКАЛДАРЫ КАРА СОЗДУ КАК ЖАРГАН ЧЫНДЫКТЫ АЙТЧУ ЭЛЕ... АЗЫРКЫ БИЗ ИШЕНГЕН АКСАКАЛДАРЫБЫЗ "САМОПАЛ" КОРКОК БОЛУП БАРАТАТ...

кимден: Бечара каяктан: Кочодон
19.03.2010 20:18
И.Абдуразаков мырза!Коп жыл дипломат болуп иштегениниз текке кетпептир!Тике берилген суроолорго буйтап,билбепмин,укпадым деген афоризмдерди колдонуп,кутулупсуз.Не дейм,баарыбыз пендебиз да.Менде бир суроо:-Бишкек бул Москва,Нью-Йорк,же сиз суйгон Токио эмес.Баардык элита дегендер,оппозиционерлер,саясатчылар,белдуу инсандар ушул шаарда жашашат.Бир нерсе былт этип чыкса,бут Бишкек билет.Кантип эле 1жылдан бери болуп жаткан Исаковдун соту тууралуу билбейсиз?Кантип эле Бийликтин коз коруноо эле уруп-сокмойун корбойсуз.Мен билем,сиз коп прессаларды окуйсуз.Анан билбейм дегениниз болбой эле калды.Жон эле нейтралдуу адам болуп калыпсыз...Не дейбиз,баарыбыз пендебиз да...Бирок мен сизден,тажрыйбалуу мамлекеттик кызматчы катары башка ойлорду айтат деп куттум эле...Аттин андай болбоптур.Азаттык тууралуу да бирдемелерди жобурапсыз,аягына чейин окубай эле койдум.Позицияныз белгилуу болду...

кимден: Абдель Насер каяктан: Каир
19.03.2010 18:21
Ишенбай ава, если вы до сих пор не слышали, что Исакова сажают НЕ ЗА ЧТО, тогда вам лучше ехать в Российскую деревню и залезть на печку.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
19.03.2010 18:12
Макал бар "Калыс созун айтпаса карыядан не пайда" деген. Мен сизди тушунбойм. Эмнеңизден коркуп, эмнеңизден тайсалдайсыз ? Эл коруп тушунуп турат баарын. Кыйпысыктасаңызда оз баанызды бермиш болупсуз. Бирок Исмаил Исаковго байланыштуу суроого "Мен эми И.Исаковго кандай күнөө коюлуп. кандайча аны кармап жатканын билбейт экенмин" Аай аксакал эгер Исаковдун эмне болгонун билбесениз, мамлекетибизде болуп жаткан башка маселелерге кантип баа бересиз? Ишенбай аксакал (аксакал деп айтканга оозум аран бурулду) эгер калыс созунузду айта албасаныз суйлобой эле койбойсузбу ?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)