Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Салижан Жигитовдун жарык көрө элек мурасы жети томго жетет


11-февралда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү адабиятчы жана коомдук-саясий ишмер маркум Салижан Жигитовду эскерүү аземи болду. Салижан Жигитовдун чогултулуп, жарыкка чыкпай турган жети томдук кол жазмасы бар.

Салижан Жигитов (1936-2006) чукугандай сөз тапкан, кепти “куйкумдатып” мурчтап сүйлөгөн, азил-аскияларды орду менен уккулуктуу айта билген чечен да болчу. Акын Олжобай Шакир Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн тартып эле эл ичинен, үй-бүлөсүнөн, тууган-уруктарынан, жоро-жолдошторунан мына ушундай кеп-сөздөрүн чогултуп жатат.

Анын айтымында Салижан Жигитовдун “куйкумдары”, аскиялары толук жыйналып бүтө элек:

- Булактын көзүндөй болуп эле эл арасынан улам жаңылары чыгып жатат. Анан басканга шашпайын деп жатам. Салижан Жигитов эми – кыргыздын “Кожо Насреддини” да. Интеллигенциянын эле арасында эмес, карапайым эл ичинде айтылып калган аскиялары да бир топ экен. Ошолорду чогултуудамын.

2007-жылы Салижан Жигитовдун бир жылдыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги кол жазмаларды басып чыгарууну баштап жатканын маалымдаган болчу. Бирок аталган окуу жайдын ректору Сулайман Каипов бул иштин бир аз кечигип жатканын жана кол жазмаларды басып чыгарууну аталган окуу жай колго алаарын кечээ жакында “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованын айтымында, жети томго жете барган кол жазмалар Жигитовдун Түркияда иштеп жаткан окуучуларынын бири, адабиятчы Разак Сейдракмановдун колунда:

- Атамдын кол жазмаларын басып чыгарабыз дешкенинен, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректоруна алып барып берген болчум. Ал жакта бир жыл жаткандан кийин, кайра алып алдым. Кол жазма азыр атамдын окуучусу Разак Сейдракмановдо. Ал Түркияда, Анкарада иштеп жатат. Балким ал жактан демөөрчү табам деген.

Бул кишинин ар тараптуу гениалдуу кыргыз экендигине күмөн саноого болбойт.

К. Коңкобаев
Канткен менен Салижан Жигитов өмүрүнүн аягында эмгектенген Кыргыз-Түрк "Манас" университети маркумдун кол жазмаларын басып чыгарууну колго алмакчы. Мындай пикирди “Азаттыкка” белгилүү адабиятчы, аталган окуу жайдын профессору Кадыралы Коңкобаев билдирди:

- Салижан Жигитов мамлекеттик деңгээлдеги иштерге чейин барды. Илимде да чоң из калтырды. Акындыгы, жазууулугу да бир башка. Демек, бул кишинин ар тараптуу гениалдуу кыргыз экендигине күмөн саноого болбойт. Мени өкүндүргөнү, ал кишинин кол жазмаларын көзү өткөндөн берки төрт жылда чыгара алган жокпуз. Элдин керегине жарай турган гениалдуу эмгектер бизде болбогон шылтоолор менен кармала бергени адат болуп калган. Бирок биз учурда бул ишти баштоону сүйлөшүп жатабыз. Салижан Жигитовдун мурасын басып чыгаруу орчундуу маселе.

Коом ичинде белгилүү улуу инсан болобу, ал адам дагы башка атак-даңкка жетеби - адам эң биринчи адамдык сапаты менен бааланат. Салижан Жигитов аталаш иниси Ыдырыс Дыйканбаевдин айтымында, тууганга күйүмдүү, боорукер, кайрымдуу да болгон:

- Салижан агам тууган-урукту баалаган, колунан келсе моралдык да, материалдык да “жардам берсем” деген күйүмдүү киши эле. Тууганга ал кишидей күйүмдүү мамиле кылуу ар бир кишинин колунан келе бербейт.

Азаттык тасмасында: Салижан Жигитовду эскерүү кечеси

Салижан Жигитовду эскерүү кечеси өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG