Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Кыргызстанды Испанияда тааныткан кыргыз кызы


Анара Тешебаева
Анара Тешебаева

Кыргызстандык Анара Тешебаева Испанияда өткөн сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алды.

Орусия менен Испания биргеликте уюштурган сулуулардын сынагында бир гана тышкы сулуулук бааланбастан, катышуучулардын кол өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү да бааланды. Сынактын жеңүүчүсү Анара Тешебаева башка өлкөдө төрөлүп чоңойсо да өз мекени - Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарды.

-
Испанияда өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылып, баш байгеге ээ болгон экенсиң. Чын дилибизден куттуктайбыз. Бул сынак тууралуу кыскача айта кетсең. Кандай өңүттө өттү?

-
Мен Орусиядан болсом да мени кыргызстандык деп тааныштырышты. Ал жактагылар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин да жакшы билишпейт экен. Мен аларга колумдан келишинче Кыргызстан жөнүндө айтып берүүгө аракет жасадым. Сынакка 45-50гө жакын ар улуттун өкүлдөрү катышты.

Сынакка Испаниянын белгилүү дизайнерлери катышып өздөрү жараткан, ойлоп тапкан кийимдеринин көргөзмөсү да болуп өттү. Өзүм тууралуу айтып өтсөм, МГУнун дизайнер жана технология факультетин аяктагам. Бул сынакта көп жылдан берки тигип жүргөн кийимдеримди көрсөттүм. Көпчүлүгү кыргыздын кийизинен жасалган жана кыргыз оюмдары түшүрүлгөн кийимдер. Калыстар тобун ушул оймо-чиймелер кызыктырды деп ойлойм.

-
Бул сынакка кандайча катышып калдың? Кыргызстандын атынан чыкканын кыргыз элин абдан кубандырса керек... Сенде кандай сезимдер болду?

-
Мени бул сынакка тааныштарым чакырып калышты. Буга чейин да көптөгөн сынактарга катышып келгем. Ал эми сынакка Кыргызстандын атынан чыкканымдын себеби өзүм башка өлкөдө жашасам да жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Кыргызстанга чоң ата, чоң энемдикине барып турам. Мен ар дайым Кыргызстандын атын таанытууга даярмын. Анткени Кыргызстан мага көп нерсе берди, үйрөттү.

- Келечекте Кыргызстанга келейин деген ойлор барбы?

- Мен окуп жүргөндө мамлекеттик практиканы Кыргызстанда өттүм. Мага абдан жакты. Чоң мүмкүнчүлүктөр бар экен десем болот. Ал эми жакын арада барам деп айта албайм. Бирок мүмкүнчүлүктөр түзүлсө жок дебейм.

-Эмнеге кызыгасың? Деги эле келечектеги пландарың менен бөлүшө кетсең?

- Мен искусствого аябай кызыгам. Өзгөчө живописке кызыгам. Менин атам сүрөтчү болгондуктан мендеги талант атамдан берилген деп ойлойм. Бул кесипти аркалап калышыма да атамдын кошкон салымы чоң деп айтаар элем. Сүрөт тартканды, жаңы кийимдерди ойлоп таап тиккенди жакшы көрөм. Бул тармакта өзүмдү дагы да болсо сынагым келет.

Чынын айтсам бала кезимден бери кыялданып жүргөм тилегим бар. Ал өзүм ойлоп тапкан кийимдер сатылуучу дүкөнүм болушун каалайм жана аракет кылып жатам. Бул менин кичинекей сырым эле. Сиздерге гана айтып жатам. Бул тилегимди ишке ашыруу үчүн албетте көп эмгектенүү жана изденүү керек. Азыркы тапта алды менен өз кесибим менен иштөө үчүн жумуш издеп жатам.

- Маегиңе чоң рахмат, ийгилик сага!
XS
SM
MD
LG