Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:43

Экономика

Оштогу борбордук базар биротоло жабылмай болду

Он-он беш миң адам тиричилик кылган Оштогу борбордук базар жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык биротоло жабылды. Бирок базарда тирлик кылгандардын көпчүлүгү мэрдин чечимине каршылык көрсөтүп, кайрадан көнгөн жеринде оокат кылууну улантышууда.

Ош шаарындагы борбордук базар
Текст көлөмү - +
Ош шаардык кеңешинин чечимине ылайык биротоло жабылган шаардагы борбордук базарда июндагы этникалык кагылышууга чейин он-он беш миң чакты киши тиричилик кылчу. Мындан тышкары алардан өндүрүлгөн ар кандай төлөмдөр аркылуу шаардын казынасына миллиондогон сомдор түшүп турчу.

Базардын кире бериши
Таң агаргандан каш карайганга дейре базардын ичи бака-шака түшүп, адам аягы үзүлчү эмес. Эки ай мурда “Ысык нан!”, “Кайнак чай!”, “Жаңы самса!”, “Кой же уй этинен бышырылган шашлык!” деп кыйкыргандардын бүгүн карааны да көрүнбөйт. Анын ордуна адегенде эле ээн калган борбордук базарга кире бериштен жай талашкандардын ызы-чуусуна кабыласың.

- Бош эмес!
- Кандай бош эмес?
- Бирөө олтурат.
- Ок, тарбиясы жок, калп айтпачы!
- Эй, антип сүйлөбө?
- Токтогулачы, эмнеге айтышып атасыңар?
- Уят эмеспи, бир карыш жерди да талашасыңарбы?

Тополоңдо тонолуп талкаланган базардын көрүнүшү
Июндагы массалык башаламандык мезгилинде элүүдөн ашуун улуттун өкүлдөрү эмгектенген борбордук базардагы жүздөгөн соода түйүндөрү өрттөлүп, талкаланып жана таланып-тонолгон эле. Мындагылардын коопсуздугунан чочулаган калаа бийлиги ири соода түйүнүн биротоло жаап, бул жердегилерди шаар чекесиндеги “Таатан”, “ПАТУ”, “Батыш”, “Келечек” жана “Текстиль” базарларына толук көчүрөрүн ушул жумада ачыктады.

Анткен менен эки айдан бери үйлөрүндө жумушсуз отурушкан жүздөгөн майда ишкерлер жергиликтүү бийликтин мындай чечимине каршылык көрсөтүп, кайрадан көнгөн жеринде оокат кылууну улантышууда. Алардын бири Айгүл Базарбаева үч баласын араң багып жаткандыгын мындайча ырастады:

- Жалпы жонунан мурункуга салыштырганда азыр кыйынчылыктар арбын. Кечээги тополоң учурунда ушу кезге чейин топтогон пулубуздун баарын түгөтүп тындык. Мына бул жерде отургандардын дээрлик бардыгынын банктарга кредиттери бар. Азыр ошолорду төлөөгө кудурети жетпей, чындыгында, элдин акыбалы абдан оор. Ошондуктан, борбордук базардын эски ордунда иштеп турганы жакшы эле. Кардарлар да көнгөн. Анын үстүнө эң байыркы, тарыхый жана уникалдуу базар эле. Тогуз жолдун тоомунда жайланышкандыктан, төрт тарабынан тең райондорго каттаганга оңтойлуу болчу. Мейли, эми көчүргөнгө деле каршы эмеспиз, бирок жаңы комплексте ойдогудай шарттарды жаратып, анан чакырышсын, барабыз...

Айгүл Базарбаева кесиптештери эртеңден баштап дагы көбөйөрүн, ошентип борбордук базардын жашоосун токтотпостон улантышарын кошумчалады.

Соодагер Анара Акимова
Кепке кошулган соодагер Анара Акимова шаар бийлиги сунуш эткен базарлардан майда ишкерлерге орун тийбей тургандыгын, жетекчилер аларды жөн эле алаксытып жаткандыгын билдирди:
 
- Жаңы базарларда бир орун жети-он миң доллардан сатылууда. Анысы да жалаң чоңдорго жана алардын аялдарына тийүүдө. Ижара акысы беш же жети миңден экен, ага карапайым калк чыдагыдай эмес.

Анара Акимованын айтымында, мэр Мелисбек Мырзакматов жабыркагандардын эски ордунда калышына каршы эмес, бирок алардын коопсуздугу баш оорутма бойдон калууда. Анткени милиция жана аскер күчтөрү себебин түшүндүрүшпөстөн, борбордук базарды кайтаруудан баш тартышты.

Базардын сүт азыктары сатылган бурчу
Ара чолодо дагы бир соодагер Алмакан Курбанованы кепке тарттык. Маектешибиз үй-бүлөсү менен анык кризиске баткандыгын төмөнкүчө туюндурду:

- Мен кондитердик азыктарды сатаар элем. ФИНКАдан сексен миң сом кредит алганбыз. Беш балам бар. Аларды кийиндирип-ичиндиргенден тышкары кредиттин пайызын төлөчүмүн. Ошондой эле Кыргыз-өзбек университетинде окуган эки кызымдын он үч миң жана жыйырма миң сомдук контрактысынан убагында кутулчубуз. Күн сайын миң сом табаар элем. Кээде беш жүз сомго да ыраазы болчубуз. Ишим абдан жүрүшкөндө эки миң сом киреше түшчү. Азыр болсо, сокур тыйыны жок калдык. Күйөөмдүн утуру жүрөгү ооруп, Орусиядан кайтты. Баарыбыз жумушсуз үйдө отурабыз.

Алмакан Курбанова сөз арасында алар өңдөнгөн үй-бүлөлөрдүн саны улам көбөйүп бараткандыгына тынчсызданды.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров базарда отургандардын коопсуздугун камсыз кылуу чечилбеген машакат маселе экенин билдирди:
 
- Жанагы кишилер мага да киришти. Биз аларга “Силердин коопсуздугуңарды камсыз кыла албайбыз!” деп ачык айттык. Эми жүз аялдын кызыкчылыгын ойлоп, борбордук базарды ордунда калтырган жарабайт. Биринчиден, опурталдуу. Экинчиден, ал жер курулуш жана санитардык талаптарга таптакыр жооп бербейт. Мындан тышкары болбогон сөздү талашып адамдар уруша кетсе, анын акыры чоң драмага айланышы ыктымал.

Буга дейре Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов өкмөт аркылуу бош калган мурдагы “Текстиль” ишканасы шаардын карамагына өткөрүлөрүн, дал ошол калаа чекесиндеги он гектар аянтка борбордук базар толугу менен көчүрүлөрүн “Азаттыкка” маалымдаган эле.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Базарчы каяктан: Ош
16.08.2010 15:03
Аң-сезим өсүп,болуп жаткан окуяларга түз жана туура баа берүүнү үйрөнмөйүнчө баш аламандык боло берет.Себеби биз ошого жол берип жатбайбызбы өзүбүз.Баш аламандыкка жол берип койуп, компойуп ал-бул жерлерден базарларды ачып, элди кыйнап жаткан Мелиске эмне үчүн рахмат айтып жатасынар,түшүнбөйм! Эгерде силер айткандай кыйын жигит болсо,базардын баарын талкалатып койгондон кийин ар кайсы жерден эптеп топтогон акчаларына ар кайсы базардан орун алып бирок бирөөсү да жарытылуу иштебегендиктен эмне кылаарын билбей,ансыз да сызда отурган элди кыйнабай, аларды топтоп,бир(2-3) жылкысын сойуп,бүт шаардыктарды чакырып- "ынтымак болуп,бир базарда иштегиле"-деп шарт тузуп бергенде ыраазы болсонор болот эле жердештерим! Картошка алуу үчүн бир базарга,бут кийимге экинчисине,мык алуу үчүн үчүнчүсүнө,майда-чүйдөсүнө төртүнчүсүнө барып жаткан ,бир жерге отурукташып соодасын жүргүзө албай жаткан элим кыйналды.Эң аянычтуусу баары интернет окубайт да.......

кимден: Мигрант каяктан: Москва
15.08.2010 13:22
Москвада Мелис деген азамат чыгыптыр, Ошту ондоп жатат деген кептер бар, Бир туруп аябай кубандым. Мына ушул Мелис мырза туралуу Азаттык куржун даярдабайсыздарбы?

кимден: Арзыгул
15.08.2010 11:04
Шаардын осуп-онугушу учун чечкиндуу кадамдар жасалышы керек. Эгер биз жеке кызыкчылыгыбызды биринчи планга коюн отура берсек шаар онукпойт. Базарды эчак эле жылдырыш керек болчу. Мурдагы мэрлердин чонтогун кампайткан "майлуу жер" мына ушул базар болгон учун эч бири ооз ачпай, кормоксон болуп кете беришти. Ал эми Мелисбек Мырзакматов (атана рахмат!) болсо эч кимге алданбай, эч кандай байлыкка азгырылбай эл учун чечкиндуу чараларды коруп жатат. Алла Таала сага ыраазы болсун! Сага чексиз ыраазымын!!!

кимден: долон каяктан: оштон
14.08.2010 16:59
келечегибизге жакшы,убактылуу кыйынчылыктар болот,мелис кросавчик,ак жол,

кимден: Мамашарип каяктан: Москва шаары
14.08.2010 16:34
Бардык жагдайда бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүү үчүн ортодо бир топ кыйынчылыктар чыгат. Ар кимдин жеке талаптарын аткаруу менен алектенип отурса мамлекеттик жетекчилер убактысын жоготуп алат. Ошондуктан, арканды алыс таштап 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы шаарыбызды заманбап шаарлардын катарына жеткирүү үчүн сөзсүз түрдө чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл. Жана дагы элдик адам жөнүндө саясат айдынында эч качан жакшы сөз айтылбайт. Сиз бүгүнкү күндөгү жаштардын идеял туткан лидерисиз Мелис Мырзакматов. Кадамыныз арыбасын-эл үчүн кылган кызматыныздын үзүрү сөзсүз кайтат.

кимден: Эдик каяктан: КG
14.08.2010 12:18
Борбордук базарды сыртка жылдыруу туура, Себеби базардагы башаламан чечилет. Экинчиден Ак-Буура дарыябыздын тазалыгын сактасак, паркка айлантсак ошондо биз Ак-Буура дарыябыз менен сыймыктанабыз. Бирок борбордук базарда мурда тиричилик откозгон ишкерлерге калыс, жаны базарлардан орун беруу туура чечилиш керек.

кимден: boxa
13.08.2010 18:25
Эн туура чечим кабыл алыптыр М.Мырзакматов,баштаган ишинизди аягына чыгарыныз.
Ош базары шаардын геморою болчу.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.08.2010 14:34

Базадын артынан көп адамдар тиричилик кылышат,мен ойлойм азыр ески базарды иштетип жөн койушкерек,МЭР жана башкалар кайсыл жактан акча кыларын көздөбой,аларды билебиз камерсант екенин.

кимден: Илхом каяктан: ош
13.08.2010 13:37
Мелисбек Мырзакматовго чон чон рахмат. Чыныгы Кыргызга куйгон, кыргыз элинин эртенин ойлогон акылман мэр.
Базарды жылдырган жакшы. Мен эки колдоп колдойм. Ошто мен 20 жылдан бери жашайм. Эски базар абдан ынгайсыз жерде жайгашкан.
Ак-Буура дайрасын да булгайт. Элге да ынгайсыз эле.
Бул нерсе учун Мелис байкеге ыраазыбыз. Болду эми жетишет, шаарды жакшыртып, заманбап уйлорду куруш керек.
Рахмат. Басып чыгарып койсонуздар, сураныч.

кимден: Бекжан каяктан: Бишкек
13.08.2010 09:40
Чет олколорго барсан мисалы жакынкы чыгыш олколорунон Туркия, Эмираттарда соода чон соода комплекстеринде журоорун, ал эми момо-жемиштер учун ар муниципалдык район жуманын белгилуу бир куну базар уюштурарын коросун. Ал учун да крытый базарларды куруп коюшкан. Только жуманын бир куну иштейт, калган убактарда бош турат.
Бизде Бишкекте Ош базары, Зеленый кочосу санитардык талапты мындай кой шаардын ортосунда жайгашкандыктан шаар жашоосуна тоскоол болчу болду.
Ал эми Ошто темада айтылып аткан Ак-Буура дарыясынын боюндагы базар сууну дагы, айлана-тегерегин дагы кашасын чыгарып атканы мурунтан маалым да. Болгону эч кимдин журогун катуу оорутпагыдай бир орто жол таап базарды кочуруп мурунку иштегендерге да жаны тузулчу базардан жерлерин бекер же арзан берип чечип коюш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)