Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:45

Саясат

Ошто өзгөчө кырдаал киргизилди

11-июнга караган түнү Ошто тополоң окуялар башталып, ок атышуулар болду. Саламаттык сактоо министрлиги тополоңдо 45 киши өлүп, 632 адам жаракат алып, анын ичинен 406 ооруканага жеткирилгенин, алардын жарымынын абалы оор экенин билдирди. Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Ош шаарында түндө болгон башаламандыктар маалында 10 чакты имарат талкаланды. Ички иштер министри Болот Шердин маалымдашынча, шаарда тополоңду уюштурду деген шек менен беш киши кармалды.

Убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык, Ош шаарында түндө чыккан тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, түнкү саат экиден тарта коменданттык саат киргизилди. Комендант болуп ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков дайындалды. Коменданттык саат кечки сегизден таңкы саат алтыга чейин созулат.

Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, азыр шаарда кырдаал салыштырмалуу тынчып турат. Ош облустук акимчиликтин алдында азыр үч жүздөй адам чогулду. Бирок алар кандай талап менен чыгышканын айтыша элек.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева эртең мененки саат 7де Улуттук телерадио корпорациясында билдирүү жасады. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунда адамдардын өлүмүнө алып келген жаштар топторунун кагылышуулары болду, деп билдирди. Бул аймакта акыркы бир жумадан бери түрдүү топтордун ортосунда мамиле кыйла курчуп келгенин белгиледи. Р. Отунбаева Убактылуу өкмөт чукул чаралар менен өлкөдө баш аламандык уюштургусу келген деструктивдүү күчтөрдүн аракетин ишке ашырган жок, деп баса белгиледи. Бул максатта асманга эскертүү үчүн ок атылды. Ош шаарына аскердик оор техникалар киргизилди.

Отунбаева өз билдирүүсүндө Ошто тополоң уюштургусу келген чагымчылар четинен кармала баштаганын, оперативдүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстандын бардык аймагында укук коргоо органдары жогорку даярдык абалга келтирилди, Убактылуу өкмөт өлкөнүн коопсуздугун сактап, бейпил турмуш камсыз кылуу үчүн бардык ресурстарды колдонууда, дейт Р. Отунбаева.

Ал эми “Азаттыктын” таңкы уктуруусунда Өзгөн шаардык элге билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Илхомжан Абылкасымов мындай тополоң адамдын кадырын билбеген, бийликке кумар болгондордун иши болушу мүмкүн экендигин айтып, “Ош окуясы бизге сабак болушу керек” деп билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, учурда өлкөдөгү кырдаалдан бир топ адам колдонуп калууга аракет жасап жатканын, андайлардын арасында мурдагы бийликтин өкүлдөрү да болгонун, алар 27-июнга белгиленген референдумду болтурбоого аракеттенип жатканын белгиледи.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 26 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Марина каяктан: Душанбе
21.06.2010 16:40
Баары арта турсун мен бир нерсе айтмакчымын то что кроме Акаева эч ким тынчтык орното албайт Акаевтан калдык даже Бакиевти да калтырбадык эми Розанын маанисиз не решительный пустой создорун угуп жашайбызда

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.06.2010 02:35
Кыргызым биримдуу бололу. Бара бара мамлекетибиз алсызданып жатат кеч болгуча токтотолу.

кимден: hasan yonel каяктан: turkiye
14.06.2010 01:35
bu dunyayi yuce ALLAH verdi ,size de kalmaz bize de .musluman muslumani oldururken ,,,demek ki kiyamet cooook yakin ... hakkinizi helal edin....

кимден: musti каяктан: osh
14.06.2010 01:16
bakievdi jer kabyl albayt....

кимден: кылым каяктан: москва
13.06.2010 19:32
Суранам Бакиевдин арыгын чапкандардан, анын кылганын корбодунорбу элди иренжитпегиле акылыңарга келсенерчи анан пикиринерди жазгыла.

кимден: Kyrgyz Kyz
13.06.2010 17:34
Azyr ar kimdin ele jini kelip, aytaarga soz tappay oturgan uchur. 'Jaman bashkaruuchu, bashkaruuchu jokton jakshy" dep aytilganday ubaktiluu okmottu koldosh kerek. Biz kyrgyz je ozbekten murda, adambyz da. Kaysi ulut bolsok dagy kunoosuz adamdardyn jashoosun alganga ukugubuz jok. Provokasiyaga, achuuga aldirbay birigeli. Birikmeyinche ech nersege jete albaybiz.

кимден: нарын каяктан: Бишкек
13.06.2010 15:24
Мекендештериме терен конул айтып, кайгысын тен болушом. Согушта куноолулорду таап жазалаганы аракет кылышчу, эмне учун УБАКТЫЛУУ БИЙЛИК жана анын мучолору коз алдыбызда кутурган макоолорду тутуп ким баштаганын сурап жазалабай жатат, бейкуноо адамдар олуп баратат

кимден: мусулман кыз каяктан: Москва
13.06.2010 15:20
Баардык мекендештерге тынчтык тилейм, кайгысын тен болушом.

кимден: нурлан каяктан: москва
13.06.2010 02:11
Көпчүлүк сайттарда маалымат согушу жүрүп жатат, кыргыздар маалымат талаасында утулуп жатабыз. Бул улутчулдук эмес, за державу обидно.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.06.2010 18:04
Бул тополон Бакилердин эле уюштурганы. 10- Туну уч машина светтерин очуруп барып сулайман тоонун алдындагы мечитти аткылашкан. Кыскасы кыргыздардан да озбектерден да адамдарды аткылашып кайраштырып жатышат. Ошко концентрация болгондо алар ак уйду алуусу мумкун. Зки доо урушса ортодо чымын кырылат да. Элди малдай эле пайдаланып жатышат го
Жалпы 26 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)