Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:09

Саясат

Курултайлардын акыркы күнү...

Парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 26-августка чейин тизмелерин бекитүүгө тийиш. Азыркы мезгилге карай эки партия талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырды. Алдыдагы шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирген эле. Азырынча БШКга партиялык тизмесин "Ата Журт” жана “Ата Мекен” партиялары тапшырды

Текст көлөмү - +
25-август партиялар үчүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча акыркы күн. Шайлоо кодексине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы түзгөн тартип боюнча саясий партиялар 26-августка чейин курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүгө тийиш. Андан кийин 30-августка чейин ал тизмелер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылууга тийиш. Ал тизме Шайлоо кодексинин гендер, жаштар жана улуттук азчылыктарды камтуу боюнча талаптарына ылайык болуш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” 25-августа билдиргенине караганда, бул күнгө карай 120 талапкерден турган тизмени эки партия гана БШКга тапшырды:

- Бизге азыркы күнгө карай “Ата Журт” менен эле “Ата Мекен” партиясы тапшырды.

Буга чейин 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 57 партия арыз берген. Бирок алардын ичинен эки партия өз эрки менен шайлоого барбасын айтып чыкса, экөөсүн БШК тизмеден чыгарган. Ошону менен азыркы күнгө карай 53 партия шайлоого катышуу ниетинен жазбай турат.

25-августта “Ак шумкар”, “Жашасын Кыргызстан” аттуу партиялар курултайын өткөрдү. Ага чейин да бир катар партиялар өз жыйындарын өткөргөн эле.

Талапкерлердин тизмесин тактоодон кийин 10-сентябрдан тарта шайлоо өнөктүгүнүн активдүү бөлүгү, тагыраак айтканда, үгүт өнөктүгү башталат. Ал добуш берүүгө бир күн калганда, 9-октябрда токтотулат.

Талдоочулардын баамында, күзгү шайлоо бардык партиялар үчүн, анын ичинде “Ата Мекен”, “Ата журт”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу ири партиялар үчүн да оор сыноо болуп калышы ыктымал. Анткени булардын ар биринин алсыз жери бар. Себеби регионализм оорусу күчөп турган шартта идея үчүн шайлоочуларды муютуу оңой болбойт. Ошондуктан партиялар өзүнө жакын аймактан максималдуу, ал эми башка жерден 0,5% тосмодон өтүү үчүн күрөш жүргүзөт.

Саясат таануучу Марат Казакбаев азыркы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү тууралуу мындай пикирин ортого салды:

- Мурункудай эле, 2007-жылдагыдай эле партиялар катышып жатат. Өзгөчөлүгү менин оюмча, азыр байкалып калгандай, “Ата Журт” менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий оппозиция болот. Анан мындай караганда азыр сүйлөшүүлөр болуп, партиялар биригип жатат. Чоң партияларга, бийликтин партиялары болгон “Ата Мекенге”, КСДПга кичинекей партиялар кирип жатат. Мындай караганда парламентке төрт-беш эле партия өтөт.

Белгилеп кете турган нерсе, жаңы парламент 120 депутаттык орундан турат. Ошондуктан өкмөттү түзүү укугуна ээ болуш үчүн кайсы бир партия кеминде 61 депутаттык орун алууга тийиш. Биздин шартта бул оңой-олтоң иш эмес.
Эгерде кайсы бир партия зарыл болгон 60тан ашуун добушту алалбаса, анда коалициялык өкмөт түзүү боюнча аракеттер жасалат. Эгерде бир нече жолу жасала турган ал аракеттерден майнап чыкпаса, анда жаңыдан парламенттик шайлоо жарыялоого президент аргасыз болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айнура каяктан: Кыргызстан
26.08.2010 15:12
Азыр көпчүлүк партиялардын тизмесинде Акаев менен Бакиевдин заманында кошоматчы болуп жүргөндөр, мамлекеттин акчасын жеп-ичкен, баягы эле эки жүздүү адамдар (өздөрүнүн оюнда элге ак кызмат кылгандар). Ошолордун партиялардын жыйындарына барып, күлүп-жайнап кол чаап отургандарын көрүп, "Алга Кыргызстан" менен "Ак жол" партиясынын съездерин көрүп жаткандай болосуң. Бийликтин, депутаттыктын, даамын татып калгандар, артка кылчайып карай албай калышат окшойт.

кимден: Кыргыз атуулу
26.08.2010 10:51
Ата Мекен партиясы жана анын лидери Текебаевдин таламын талашып , канчалагандар менен какшап айтышчымын , эми болсо кандидаттык тизмесин карап , абдан уят болуп отурам . Текебаев мырза , сизге болгон ишеничти кыйратып , абдан пас маанайга салдынар , миндеген сизге ишенген адамдар нааразы . Кыргызстанды алдыга жылдырат деп сизге гана ишенчимин , сиз болсо кур пенделиктен чыгалбай , максатыныз бир гана мансап экенин мына минтип далидеп отурасыз . Айткым келбесе да айтышым керек , фамилияныз сизге дал жарашып калды эми , ушундай ишке кантип бардынар . Болду эми , колдо турган шайлоодогу жениш кетти силерден качып , мындай абийирсизди карап .

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине