Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:14

Саясат

Максим Бакиев: "Алтын" холдингге тиешем жок

Бул тууралуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин башчысы Максим Бакиев "24.kg" маалымат агенттигине билдирип, саясат таануучу Александр Князевдин кечээки маалымат жыйынында айткандарын жокко чыгарды.

Текст көлөмү - +
"24kg" агенттиги Максим Бакиевге жолдогон алгачкы суроосунда жазгандай саясат таануучу Александр Князев мындай маалыматтарды "Азаттыкка" эмес, дал ошол агенттиктин өзү уюштурган маалымат жыйынында ачыктаганын эскерте кетели.

Максим Бакиев болсо бүгүн аталган агенттиктин суроолоруна жооп берип, саясат таануучунун маалыматтарын жокко чыгарды. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Орусияда М. Бакиевге тиешелүү ишканалар жабылды, деген маалыматтар өзүнө карата жасалып жаткан кандайдыр бир өнөктүк деп айткан. Ошондой эле М. Бакиев Орусия жетекчилиги анын ишмердүүлүгүнө каршы деп жазылып жүргөн маалыматтар да негизсиз деп эсептейт. Максим Бакиевдин маеги менен бул жерден таанышыңыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мики каяктан: Чуй
29.01.2010 16:36
Максим менен Айдар Кыргыздын пешенесине жаралган жигиттер экен булар жок болсо Кыргыз жок болуп кетет белек

кимден: Айкан каяктан: Бишкек
29.01.2010 14:18
...Аз күндө дем алган аба үчүн да төлөйбүз го. Булар аны деле ойлоп табат. Кыргызстандын абасы таза, ошон үчүн төлөгүлө деп...

кимден: Esen каяктан: France
29.01.2010 06:13
Bir cheti orustardan kutulup alternativdik küchtör menen süylöshüü dele kerek bolchu da. Kytai menen süylöshkönü orustardy tynchsyzdandyryp atat okshoyt. Maks bolboso bashkasy dele ushintmek bayimak. Balkim KGny da bayitishi mümkün degen oy kelip ketip atat.
Oppozitsia alsyz bolup atpaiby je el kötörümböy atat oshon üchün oyloyt ekensing jok degende biyliktin elge paydasy tiyse eken dep jegenine kayil bolot ekensing.

кимден: Айдар каяктан: Бишкек
28.01.2010 16:40
Эмне Максим меники деп айтмак беле арийне айтпайт, анан кантип байып жатат, же Сыйкырчы окшойт же Алтын балык кармап алган окшойт?..

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
28.01.2010 14:37
Гуревич дагы Максимди тааныбайм дебедиби. Экөө чогуу эс алып эле жүрүшөт. Максим да билбейм деген бир сөз кылып атат.

кимден: Алдан каяктан: Бишкек
28.01.2010 11:05
Светке, жылуулукка Максимдин айтуусу боюнча баа кымбаттады деп чиновниктер айтып жүрүшөт. Эми өзүнүн уйул телефон компанияларынын баасын көтөрүп жатат экен...

кимден: Беренбек каяктан: Бишкек
28.01.2010 09:08
"Менин уулумдун бизнеси Кыргызстанда жок, сыртта. Мен президент болуп турганда Максим Кыргызстанда иштебейт" - деди эле атасы. Элге көрүнүп турбайбы булардын бизнеси. Айдардын бизнеси булардыкынан он эсе аз болчу.

кимден: MARATIX
27.01.2010 21:14
"ova ova ishendim"... senin altinholdingge tiyeshem jok degenin menin da azir azattikka jorum jazip jatkan jokmun degen menen barabar

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.01.2010 20:43
Ай ким эле күнөөнү мойнуна тез алат эле...Билбейм,көрбөдүм,уккан эмесмин мына ушундай отмазкалар көп. Максимден сураш керек эле,ушундай эле патриот болсо, Англиянын футбол командасынын акционери болуп жүрөт?Ушул патриоттук ишби-башка өлкөнүн спортун көтөрүп?Өзүбүздүн футбол өнүкпөй жатса. Эң эле цинизми акчаны Кыргызстанда таап жатып,кылганы ушул.Футбол акционери деп резюмесинде жүрөт ошол эле ИА 24кг.да.Же солидно болсун деп жазганбы-бирок 30 дан эми ашып тез эле акционер болгонуна ишенбейм!

кимден: Чыныбек каяктан: Бишкек
27.01.2010 20:36
Максимдин "Алтынга" да, "Пирамидага" да,"5-каналга" да, "Азияунивесалбанкка" да, "Шампанкомбинатка" да, Кыргызстандагы уйулдук телефон компанияларга да, Таш-Көмүр кремний заводуна да..... айтор, баарына тиешеси жок. Биздин Президент айтпады беле, "менин балам эл аралык бизнасмен, ал Кыргызстанда иштебейт"- деп. Эми Президентке ишенбегенде кимге ишенебиз.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)