Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү ишканаларга кылмыш иши козголдубу?


Максим Бакиев, Өнүктүрүү агенттигинин башчысы.
Максим Бакиев, Өнүктүрүү агенттигинин башчысы.

Орусияда кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге тиешелүү ишканалар текшерилип жатканын КМШ институтунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Александр Князев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Кыргыз президентинин катчылыгы болсо саясат таануучунун бул маалыматын жокко чыгарууда.

Саясат таануучу А. Князевдин журналисттерге билдиргени боюнча, кыргыз президентинин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге тиешелүү делген Орусиядагы ишканалардын баары текшерүүдөн өтүп, аларга байланыштуу учурда бир нече кылмыш иши козголгон:
Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү же үлүшү бар ишканалар токтотулуп, 18 кылмыш иши козголду.
А. Князев

- Азыр Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү же үлүшү бар экономикалык жана каржылык объекттилер белгилүү “Алтын” ишканасы кошулуп, бардыгы токтотулуп, камалган. Буларга байланыштуу 18 кылмыш иши козголгон.

А. Князев ошондой эле бул кылмыш иштер өтө жогорку деңгээлде, Орусия өкмөтүнүн жана президенттик администрациясынын көзөмөлүнө алынгандыктан, кыргыз тараптын аны теске салуу аракети оңунан чыкпай келе жатат деп кошумчалады.

Саясат таануучу өз сөзүндө белгилегендей, Орусия жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнүп, кылмыш иши козголгон ишканалардын бири –“Алтын” холдинги. Белгилүү болгондой жыл аяктаарда “Орусиянын коопсуздук кызматы «Алтын» холдинг жетекчилерин камакка алып, кымбат баа буюмдар чек арадан кандайча өткөнүн териштирүүгө алган эле.

А. Князевдин маалыматын президенттин катчылыгы четке какты. Катчылыктын жетекчисинин орун басары Максим Каганер саясат таануучу бул маалыматтарды эч кандай документ менен далилдебеген соң, анын сөзүн комментарийлеп кереги жоктугун “Азаттыкка” билдирди:
Князев мырза эч кандай тастыктоочу документ көрсөтө алган жок, биз ага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылабыз.
М. Каганер

- Князев мырза өзүнүн сөзүн тастыктоочу документтерди көрсөтө алабы? Кайсы бир ишкананын жабылганы тууралуу эмес, ошол ишканаларга Максим Бакиевдин тиешеси бардыгын тастыктаган документтерди. Анын жообуна карап, анан бир жооп айтылат. Ал көп учурда эле ар кандай маалыматтарды айтып жүрөт, ошондуктан, биз ага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып келебиз. Бул жолу дагы ал эч кандай тастыктоочу документ көрсөтө алган жок, ошол үчүн ага ишенүүгө биздин кесипкөйлүгүбүз жол бербейт.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Орусия өкмөтү Кыргызстанга грант катары берген 300 млн. доллар каражат максатсыз жумшалып жатканына жана кыргыз бийлиги АКШнын антитеррордук базасын чыгаруу тууралуу убадасына турбаганына нааразылыгын билдиргени тууралуу жазылган эле. Ушундан улам орустар кошо курмакчы болгон Камбар-Ата-1 ГЭСине мурда убадалашкандай 1 млрд. 700 млн. долларды бербейт деген пикирлер жаралган.

Айрым саясат талдоочулар А. Князевдин бүгүнкү маалыматын да ГЭС тууралуу долбоорго жана АКШ аскер базасына байланыштырышууда. Экономика илимдеринин доктору, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов кандай болгон күндө да Камбар-Ата-1 ГЭСи курулушу зарыл деп эсептейт. Анын айтуусунда аталган ГЭСти орустардын жардамысыз курууга мүмкүн эмес:

- Эгерде Орусия болбосо бизге эч ким жардам бербейт. Анткени Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык жана башка бүт бардык долбоорлорун Ташкендеги суу долбоорлоо институту жасаган. Азыр эми Өзбекстан Камбар-Ата-1-2 ГЭСтеринин курулушуна караманча-каршы болуп атпайбы. Ошондуктан, Орусиянын бул ГЭСтерди курууга каражат жагынан, техникалык мүмкүнчүлүктөр жагынан жардам бергени жакшы болуп жаткан. Камбар-Ата-1 ГЭСи биз үчүн өтө маанилүү, өлкөнүн экономикасына өтө зарыл, ошондуктан, кандай болбосун биз ГЭСти курушубуз керек.

Канткен менен коомчулукта соңку кезде Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси салкындап кеткени байкала баштаганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG