Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:20

Саясат

Т. Тургуналиев: И. Исаков акталмайын ачкачылык акциясы токтобойт

Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду камактан бошотуу талабы менен 12-январда башталган ачкачылык акциялары уланууда. Ачкачылык жарыялагандардын башында турган Саясий тутукундарды коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев талаптар аткарылмайын акция токтобосун айтат.

Текст көлөмү - +
- Топчубек мырза, ачкачылык акциясы башталганына бүгүн 17 күн болуп калыптыр. Дагы канчага созулушу мүмкүн бул акция?

- Бул саясий ачкачылыкты жарыялагандардын 3 талабы бар. Биринчиси, кандуу диктатураны, саясий репрессияны токтотуу. Экинчиси, И. Исаков жана башка саясий туткундарды толугу менен актоо. Үчүнчүсү, нааразылык билдирген алайлык, сопукоргондуктарга бийлик ушул күнгө чейин күч колдонуп, алардын конституциялык укуктарын тепселеп келатат, ошолорду токтотуу.

Ал эми Исмаил Исаков жөнүндө биз апелляциялык арызды Жогорку аскердик сотко бердик. Эгерде ал сот И. Исаковду толугу менен актай турган болсо, анда мүмкүн биз саясий ачкачылыкты токтотобуз. Ага чейин биз токтотпойбуз. Ал эми эгерде И. Исаковду толук актабаса, анда саясий күрөштүн башка жолдоруна, башка түрлөрүнө дагы өтүшүбүз мүмкүн.

- Айтсаңыз, азыр ачкачылык кармагандар кандай эреже менен кармап атышат, анан алардын саламаттыгы кантип атат?

- Саламаттыгына караганда биз денедеги негизги үч жерди текшертип атабыз дарыгерлерге, башын, ашказанын, жүрөгүн, кан басымын. Биздин өзүбүздүн ишенимдүү даргерлерибиз бар, мурда Ташболот Балтабаев эле, ал чет өлкөгө кеткенине байланыштуу азыр Сырга деген келин келип атат, Оморбай Нарбековдун медициналык борборунан. Ал эми ден-соолугу кескин начарлап баратат делгендерди биз үйүнө жиберип атабыз. 12-январдан ушул күнгө чейин ачкачылык жарыялагандардын жалпы саны 60тан ашып кетти. Сопу-Коргондо И. Исаковдун 85 чыккан апасы баштап он киши отурат. Кечээ күнү 3 киши токтотуп, кайра үч киши кошулду. Ал эми Бишкекте болсо 7 киши, эми бүгүн-эртең дагы 5-6 киши кошулабыз деп туш-туштан телефон чалып атат.

- Бийликтен кандай мамиле болуп атат?

- Сопу-Коргондо, Бишкекте саясий ачкачылык жарыялангандардын атынан президент Бакиевге үч талапты койгонбуз. Ушул күнгө чейин бийликтен бир да киши үн чыгарып, биз менен байланышкан жери жок. Ал эми мен Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтерине 12-январда эле кат жазгам. Алардын адамдары келип атат, биздин ден-соолугубузду текшеришип, анан коопсуздугубузду карап жардам берип атышат. Биз аларга ыраазыбыз.

- Рахмат маегиңизге.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кенжекан каяктан: Каракол
29.01.2010 22:44
Айланайын Топчубек жана Алманбет, битке теңелип көйнөгүңдү отко ыргытпа дегендей, бул бийлик адамдын укугун, кадырын, баркын, баалуулугун, өмүрүн баалабаган мыкаачы бийлик. Силердин ден соолук - кыргыздын байлыгы. Бизди, бечараларды, ошол байлыктан ажыратып койбогула. Силердин ден-соолук жана күч алдыдагы чооң чабышта кереги тийет. Токтоткулачы, зээнди кейитпей.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.01.2010 18:46
Кол топтоо жолун карап корбойсунорбу

кимден: Мика каяктан: Ош
29.01.2010 16:31
Эл уйушуп чыкпаса кыйн болотко

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине