Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Экс-коргоо министри Исмаил Исаковго боштондук талап кылып ачкачылык акциясында отургандар максатына жетмейинче акыр аягына чейин турмакчы болуп жатышат. Максаты - бардык аракетти күчөтүп, жалындаган массалык каршылык акцияларына жеткирүү. Жаңы жыл менен кошо кирген кымбатчылык, курчуган социалдык проблемалар элдин нааразылыгын күчөтүп, кырдаалды ушуга жеткирет деген үмүт бар. Бийлик тарап сыр бербей, сөзгө да келбей, "билгениңерди кылгыла" деген кыязда карап турат.

"Саясий ачкачылыкты токтотпойбуз"

Сегиз жылга эркинен ажыратылып, сот залынан дароо камакка алынган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын 12-январда Бишкекте баштап, аны кубаттагандар Алай районунда ачкачылыкка 13-январда отурушкан. Өтүп бараткан жумада нааразылыктын бул түрү апта бою ырааттуу уланып, саламаттыгы начарлап, акцияны токтоткондордун ордун башкалар толуктап турушту. Алар Исмаил Исаковдун ачкачылыкты токтотууга үндөгөн кайрылуусун четке кагышты.

- Биринчиден, саясий ачкачылыкты токтоткон, отурган ар бир кишинин өзүнүн иши. Экинчиден, ооба, биз Исмаил Исаков деп отурабыз, бирок, Эркин Бөлөкбаевдер (Петровка окуясынын катышуучулары – ред.) үчүн да, Балыкчы окуясында кесилген 18 киши акталсын деп да отурабыз да. Талаптарыбыз кеңири да. Сопу-Коргон менен, бул жердегилер менен кеңештик. Ал киши бизге боору ооруп, ден-соолугуңардан ажырайсыңар деп атат. Ар кандай киши эле ошентип айтат. Бирок токтотуп койсок күрөш убактылуу өчүп калат го. Токтотпойбуз биз,-деди Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев "Азаттыкка".

Исмаил Исаков 20-январда адвокаты Азимбек Бекназаров аркылуу ачкачылык акциясында отургандарга кайрылып, ачкачылыкты токтотууну суранган.

Алайдагы каршылык ациясы
Алайдын Сопу-Коргон айылындагы акциянын аксакал катышуучуларынын бири Осмон Турганбаев: "Мууздап койсо да, жаным күйүп ошо баланы коргоо үчүн отурам айланайын" деп билдирген “Азаттыктын” кабарчысына.

Уюштуруучулар 12-январдан бери саясий ачкачылыкка катышкандардын саны кыркка чукулдап калганын айтып жатышат. Алардын ал-ахыбалын негизинен жай адамдар, жарандык коомдордон, акыйкатчыдан өкүлдөр сурап, атайын кызматтын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Бийликтин башка институттарынан, Саламаттык сактоо министрлигинен ачкачылык акциялардын катышуучуларына көңүл бургандар, пикир билдиргендер чыга элек.

Оппозицияга ыктаган көз карандысыз дарыгерлердин айткандарына караганда, алар саясий акциянын катышуучуларынын саламаттыгын кылдат көзөмөлгө алышууда.

Саясий ачкачылык – эгемен кыргыз тарыхында

Айрым укук коргоочулар Исмаил Исаков камакка алынгандан кийин башталган саясий ачкачылыкты Аксы окуясынын алдындагы Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабынан башталган 2002-жылдагы саясий ачкачылык менен көп жагынан окшоштуруп жатышат.

Мындай пикирдеги укук коргоочулардын бири, Аксы окуясынын алдындагы ачкачылык акциясынын күжүрмөн катышуучуларынын бири Азиза Абдырасулова буларды белгиледи:

- Мен Исмаил Исаковдун сотунан бери салыштырып келатам. Парадокс. Тагдырдын тамашасын ушундан көргүлө Курманбек Бакиев премьер-министр, Чубак Абышкаев башкы прокурор болчу, кайра эле Курманбек Салиевич президент, ошол эле Чубак Абышкаев аскер сотунун төрагасы болуп, Исаковду соттоп, кайра элдик нааразылыкты жаратты. Эки эле адам Кыргызстанга аябай чоң таасир жасап коет экен да.

2002-жылы 10-январда башталган нааразылык чаралары, анын ичинде ачкачылык акциясы массалык түргө айланып, ачкачылык акциясына катышкандардын катарында болгон Шералы Назаркулов мерт болуп, ал кийинчерээк элдик толкундоолордун күчөшүн шарттабай кое алган эмес. Азиза Абдырасулованын пикиринде 2002-жылкы нааразылык акциясы элдин аң-сезимин ойготууга жардам берген:

- Мен өзүм катышкан 2002-жылкы ачкачылык акциясында мамлекетибиздин бүтүндүгү, жерибиздин бүтүндүгү жаатында мамлекет башчылары туура эмес саясат жүргүзүп атканын коомчулукка жеткире алдык. Бирок карама-каршылыктардын акыры Аксы окуясы менен бүтүп калды.

Укук коргоочулардын эсеби боюнча ал кездеги ачкачылык акциясына 750гө чукул киши катышкан.

Ал эми 1990-жылы коммунисттик системага каршы күрөшкө чыккандардын ачкачылык акциясына 200гө жакын киши катышып, ал Кыргызстанда демократиянын башат алышына олуттуу салым кошкон саясий иш-чара катары бааланып келатат. Саясий ачкачылыкка чыккандардын башатында тургандардын бири Жыпар Жекшеевдин айтымында, ал кезде Жогорку Кеңештин депутаттары менен элдин ортосунда тилектештик орноп турган:

- Демократиялык күчтөрдүн күчү бар экени билинди. Биринчи жолу Кыргызстанда президент институту түзүлдү. Алгачкы президент шайланды.

Эгемендик жылдары жарандар нааразылык акцияларынын түрдүү жолдорун пайдалангандыгы, андай нааразылыктар март ыңкылабына чейин өсүп жеткени жалпыга маалым. Анткен менен мындай акциялар, анын ичинде ачкачылык акциялары деле токтогон жери жок.

Ачкачылык акциясы массалык каршылыкка өсүп жетеби?

Ошол эле мезгилде акциялар өз максатына жете албай калып жатат. Генерал Исмаил Исаков баштаган саясатчылардын, коомдук ишмерлердин камактан бошотулушун, акталышын талап кылган акыркы акция канчалык деңгээлде өз максатына жетери азырынча белгисиз.

Өзүнүн саясий ишмердүүлүгүндө төртүнчү ирет ири ачкачылык акцияларына катышкан, И. Исаковду бошотуу талабындагын акциянын уюштуруу комитетинин башчысы Топчубек Тургуналиев бул иш чара өз максатына жетерине ишенип турат:

- Мобу январь-февралда 70 пайыз жарды калкыбыз үч тыйындык электр кубатына бааны төлөй баштаганда жон териси менен азап тарта баштайт. Мына ошондо анан саясий ачкачылык, социалдык-экономикалык талаптар ошолордун бардыгы биригип, чоң агымга айланат дегендей үмүт бар.

Тургуналиевдин баамында ошол себептүү бийлик азыркы ачкачылык акциясынан чочулап турат. Ошол эле мезгилде бийлик оппозициянын нааразылык акциясына билмексен мамиледе болуп, акцияны токтотууга чакырган же талаптарды аткарууга убада кылган бир дагы мамлекеттик, саясий ишмер чыга элек. Мындай мамилени мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо фондунун төрагасы Абдыкайым Кангелдиев минтип баалады:

- Бул акцияны өкмөттүк маалымат каражаттары расмий жарыялабай, эч кимге угузбай, аларга кол кабыш кылып, колдобой, алар анан өздөрү токтойт деп атат. Бул жагынан бийлик жаңылат.

Азиза Абдырасулованын пикиринде тигил же бул нааразылык акциясына маани берүү же бербөө ошол акциянын талаптарынан жана ага карата саясий эрктен көз каранды. Ошол эле кезде Жыпар Жекшеев муну жөн гана бийликтин жарандардын нааразылык акциясына бийликтин кенебестиги менен байланыштырат.

Ошол эле мезгилде көз карандысыз талдоочулар нааразылык акцияларынын көп катталып, анын ичинде ачкачылык акциясынын сээлдебей жатышын Кыргызстанда демократия маданиятынын калыптана электиги, мамлекет башындагылар демократиялык өлкөнү башкарууга үйрөнө электиги менен түшүндүрүшүүдө.

Талдоочу Марат Казакбаев бийлик биринчи кезекте мамлекеттин эл аралык аброюна шек келерин эстеп, тигил же бул саясий окуяларга өз убагында маани берүүгө үйрөнүшү керек дейт. Анын көз карашында инвестиция менен демократия бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошондуктан өлкөнүн ичиндеги адам укуктарынын бузулушу эл аралык уюмдардын мамилесинде негативдүү тенденцияны жаратып, өлкөнүн кадырын кетирет. Буга Аксы окуясынан кийинки жагдай далил дейт талдоочу.


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG