Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Жол тоскондорго кылмыш иши козголду


Жол тосуу акциясы, Сопу-Коргон, 14-январь, 2010-жыл.
Жол тосуу акциясы, Сопу-Коргон, 14-январь, 2010-жыл.

Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду камактан бошотууну талап кылгандар бүгүн Сопу-Коргондо ачкачылык акциясын улантышты. Кечээ (14-январда) кечинде жергиликтүү күч органдары Ош-Эркеч-Там жолун бойлой тигилген боз үйлөрдү чечип, нааразычылыкка чыккандарды күч менен тараткан.


Алайдагы соңку кырдаал боюнча аймакта болгон кабарчыбыз Жанарбек Акаев “Азаттыктын” кечки түз обосунда кеп салып берди.


- Жанарбек айтсаңыз, кырдаал кандай? Биз алган маалыматтарга караганда, кылмыш иши козголду деп атат. Канча адамга кылмыш иши козголду?

- Чындыгында Алайдагы нааразылык акциясы кечээ күнкүгө караганда бүгүн абдан эле солгундап калды десек болот. Себеби кечээ 400дөй адам чыккан болсо, бүгүн болгону 20га чукул гана адам нааразылык акциясын өткөрүштү, ачкачылык жарыялашты. Кылмыш иши боюнча айтып кетсем, мен азыр эле Алай райондук милициянын жетекчиси Сыргаев мырза менен байланыштым. Ал бул маалыматты тастыктап, кылмыш иши факты боюнча козголгондугун айтты. Бирок канча адам экендигин айткан жок, негизинен Ош-Эркеч-Там жолун бууган көпчүлүк аялдарга козголгонун айтты. Окуяга катышкандардын айтымында, И.Исаковдун төрт бир тууганына да кылмыш иши козголгон.

- Кылмыш иши кайсы берене менен, эмне негизде козголуп атат?

- Азыр бул кылмыш иш боюнча тиешелүү органдар так маалымат берүүдөн баш тартып атышат. Бирок негизинен “мыйзамды бузду” деген гана маалыматты берип атышат. Азырынча кандай беренелер менен козгогондугу боюнча так маалымат берише элек. Бирок негизинен жолду торогондугу үчүн абдан катуу жазалайбыз дегендей айтып атышат бийлик органдары. Милиция айрыкча нааразылык акцияларын уюштуруучуларга, Исаковду коргоо комитетинин жетекчилерине, мүчөлөрүнө, анан айрыкча жол тоскон аялдарга кылмыш иши козголорун тастыктады.

- Жанарбек, сиз кабарчы катары эл аралап жүрөсүз, элдин Исмаил Исаковдун камалышына жана нааразычылык акциясынын минтип уланып жаташына ой-пикирлери кандай?

- Чындыгында Алай районунун беш-алты айылын кыдырып чыктым эки күндөн бери, Алай районун эли Исаковдун камалышын абдан кабатырлануу менен кабыл алышып, милициянын соңку күч колдонуу аракетине абдан кыжырданып жатышат. Ошон үчүн алар акцияны токтотпойбуз деп атышат. Өзгөчө президент Бакиевге, парламент депутаттарына кайрылуулары жоопсуз калганына да абдан катуу тынчсызданышты. Ошондуктан мындан ары бийликке кайрылуудан баш тартыша турган болушту. Ошол эле учурда нааразылык акциясын токтотпойбуз деп атышат, жакынкы күндөрү мүмкүн болушунча атчан, жөө жүрүш акциялары менен улантабыз деп жатышат.

- Рахмат сизге.

Видео тасма.

Алайдагы нааразылык чара
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG