Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:50

Илим, билим берүү, IT

С.Шарипов: Космостогу абалды сөз менен жеткире албайм

12-апрель – Космонавтика күнү. 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан. “Азаттык” космонавт, Кыргыз эл баатыры, учурда Москвада жашаган Салижан Шарипов менен маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Салижан мырза, кесиптик майрамды кандай маанайда, кантип тосуп атасыз?

Салижан Шарипов: Бүгүнкү майрамды биз абдан күтөбүз, жакшы көрөбүз. Бүгүн биз үчүн эс алуу күнү. Жакында эле космонавттарды даярдоо борборунун элүү жылдыгын белгиледик. Ага чейин мартта космонавттар отрядынын 50 жылдыгы болду.

Мен бул күндү эң мыкты маанайда тосуудамын. Таң эртеден тарта телефондун коңгуроосу үзүлбөй куттуктоолор келип атат. Бүгүн Москвадагы Советтер армиясынын үйүнө барып, улуу муундагы кесиптешерди куттуктайбыз. Майрамдык иш-чара өтөт. Андан соң достор, жакындар менен бирге болобуз.

- Сиз бала кезден тарта эле космонавт болууну эңсеп келгенсизби?

Салижан Шарипов: Албетте бала чагымда биринчи жолу асманда учуп бара жаткан учакты көргөндө эле учкуч болуу кыялы менен жашап калгам. Мектепке барганда тиешелүү китептерди көп окудум. Ал кездерде ар бир космоско учууну теле-радиодон сөзсүз берип турушчу, аны көргөн миңдеген балдар космонавт болууну каалаган. Мен дагы космонавт болом деп ушул максатка жетүү аракетин көрдүм.

Мектепти аяктаган соң учкучтар окуу жайына тапшырдым. Кийин учкуч болуп иштеп атканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиядан өтүү өтүнүчү менен кат жаздым. Ошентип космонавт болук калдым.

- Сиз айылда, жөнөкөй эле карапайым үй-бүлөдө төрөлөп өскөнүңүздү билебиз. Ушул тапта шаар-кыштактарда космонавт болууну самаган балдар жок эмес. Сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз? Өз максатына жетүү үчүн алар эмне кылышы зарыл?

Салижан Шарипов: Башкысы эгерде бала космонавт болууну кааласа, анда биринчиден ден-соолугун чыңашы керек. Анткени саламаттыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, көп окуу керек. Ошондой эле алдына так максат коюу зарыл. Эгерде адамдын реалдуу максаты болсо ал ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

Менимче, адам кайсы тармакта болбосун өз ишинин майын чыгара иштөөсү керек. Тээ алыскы райондо кайсы бир айылда жашаган бала да өз максатына жете алат. Анткени азыр жаштарга өз оюн ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

- Салижан мырза, космостогу салмаксыздык абалын кантип сүрөттөй аласыз? Аны эмнеге окшоштурат элеңиз?

Салижан Шарипов: Бул абалды сөз менен түшүндүрүү дээрлик мүмкүн эмес. Космоско учаарга чейин мен сүрөттөрдү, тасмаларды көрүп, учууну башынан өткөргөн космонавттардын айткандарын угуп, космосту такыр башкача элестеткем. Ал эми өзүм космоско алгачкы жолу учканда такыр башкача сезимдерге туш болдум. Учкандагы, космосто жүргөн абалды айтып берүү мүмкүн эмес.

- Коркуу сезимдер да болсо керек?

Салижан Шарипов: Биз учаардын алдында даярданабыз да. Албетте кандайдыр-бир коркуу сезими болот. Анткени биз баарын көзөмөлдөй алабыз деген туура эмес. Ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыраак коркунуч болот.

- Маегибиздин соңунда жалпы кыргыз элине эмне каалайт элеңиз? Кандай тилектериңиз бар?

Салижан Шарипов: Башкысы Кыргызстанда тынчтык болсун. Кыргыз эли акылдуу, меймандос, момун эл. Кыргызстандыктар мыкты жашоого татыктуу. Андыктан өлкө өнүгүп-өсүп, башка алдыңкы мамлекеттерден кем калбаган, эли бай, билимдүү болсо дейм. Ар бир балага мектепте мыкты билим берилсе, чоңойгондо балдар өлкө үчүн ак кызмат өтөсө деп ойлойм. Кыргызстандыктарга бейкуттук каалайм.

- Маегиңизге ырахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рома каяктан: Сеул
13.04.2010 21:13
Салижан Шарипов менен сыймыктанабыз биз Кыргызстандын эли. Салижан Шарипов Кыргызстандын гражданини, анын комбинзонунда Россиянын желеги болгон менен аны Кыргызстандын жарааны деп билишет дуйно жузу.
Ким билип отуруптур Өзгондүк жигит космоско учуп барышын. Салижан Шарипов КЫРГЫЗСТАНДЫН тарыхында өмүр бою жазылып калат.
Майрамыныз менен Салижан Шарипов !!!!!!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
13.04.2010 19:49
Саламатсынарбы,
Мен суроолорумду азаттыкка берет элем. Салижан байкеден, оз адам эмеспи, биздин жонокой эле тилде дагы репортаж алсанар болобу. Мисалы ага мындай суроолорду берет элем:
1) Космоско буга чейин канча адам учту жана ал учкан адамдар кайсыл жерде даярдалган же окуган? (СССРдикин же Россияныкын эле сурап жатам)
2) Кимдер тарабынан тандалат уча турган адамдар?
3) Салижан байке бул жолго кандайча болуп жетип калды? (аскердик кызматынын натыйжасындабы же пилоттун окуусунан кийинби же туз эле космонавттардын окуу жайына тапшырып бутконбу?) (Эгер ошондой окуу жай болсо ага жылыга канча адам тапшырып канчасы бутот? буткондон кийин алар эмне кылат, же баары эле учуп жатабы?)
4) Мурунку учуп жургон адамдар тируу эле, аман эсен эле журобу? Алар эмне кызматтан кетишкенби? Космонавт деген канча жылдык кесип озу? Же бир жолу учтун эми башкалар деле учсун деле турган ишпи?
5) НЛО бар деген кептер бар, ушуга космонавттар кандай коз карашта? (Кантсе да ошолордун кызматтык чойросуно жакын иш эмеспи)
6) Салижан байке канча жолу учту космоско? Эми канча жолу учат? Жерде жургондо алар эмне менен алек болушат? Кдимкидей эле иштешеби же кийинки учууга даярдык менен эле отобу жашоосу?
7) Космоско эмне максат менен учушту эле акыркы учкандарында? (мисалы бир космический аппаратты жеткириш учунбу, же ондош учунбу, же айды изилдеш учунбу дегендей)
8) Мисалы артынан келе турган инилерине (чындап космонавт болгусу келген жана боло ала тураарына шарты бар жигиттерге) кандай сунуштарды берет эле? (бул жолду басып откон да, мындай мындай кылгыла деп айтып койсо балким эл арасында космонавттыкка жарай турган бирок жолун таба албай жургон адамдарга оной болот беле? Жок дегенде мен мындай мындай болуп келип калдым десе деле жакшы болот эле менимче)

Ошол. мени ушулар кызыктырат окшойт. А так космонавт деле болойун деген ойум жок. Эми кайдагы, отузга чыгайын деп калдык. Болгону элге пайдалуу болот ко дейм да... Бул суроолорду кайра окуп корсом космоско учпаган адам деле жооп берип койсо болчудай. Бирок С. шариповго мен ушундай суроолорду бермекмин баары бир...:))

кимден: damir каяктан: bishkek
13.04.2010 13:27
azamatsyz bayke.siz asmanga chikkanda bir jolu kirgizdin jelegin jelbiretip koysonuz bolmok,atting

кимден: Роллан каяктан: Москва
13.04.2010 00:04
Азаматсыз Салижан байке! Эң негизкиси Кыргыздын желегин көтөрүп журсөңүз болду.Биз Кыргызбыз.

кимден: Эсен каяктан: Талас
12.04.2010 23:11
Мындан коро Эркиндик учун "космоско" биротолу учуп кеткен азыркы кыргыз баатырлары жонундо айтсанар боло.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)