Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:57

Эл үнү

Калктын 82,4 пайызы үнөмдөп калды

“Эл пикир” аттуу коомдук пикирлерди иликтөө жана болжолдоо борбору жакында баалардын өсүшүнө байланыштуу бишкектик миң киши менен баарлашып, сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыктары тууралуу “Эл пикирдин” адиси Эрмек Батырканов “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Ушул сурамжылоо кандай максатты көздөп жүргүзүлдү?

Эрмек Батырканов: Биринчиден, бул иликтөө толугу менен биздин борборубуз тарабынан уюштурулган, бул коммерциялык иликтөө эмес. Иликтөөнүн максаты – калктын ой-пикирин өкмөткө чейин жеткирип, өкмөт маанилүү маселелерди чечүүдө элдин пикирин эске алып, туура чечимге келет деген ойдобуз.

- Азык-түлүккө, электр кубатына, уюлдук байланышка, ысык сууга баанын көтөрүлүшүн сураган экенсиздер. Элдин пикири кандай экен?

Эрмек Батырканов: Иликтөөнүн негизинде “сиз электр кубатына болгон баанын көтөрүү зарылдыгын түшүнөсүзбү” деген суроого жооп бергендердин 65-79 пайызы бааны көтөрүү зарылдыгын түшүнбөйбүз деп жооп берген.

- Дегеле сурамжылангандар баанын көтөрүлүш себебин эмнеге байланыштырып атышат?

Эрмек Батырканов: Ар кандай ойлор болот экен, кээ бири дүйнөлүк кризиске байланыштырса, айрымдары бийликтин өз кызыкчылыктарына байланыштырышат. Дагы бир тобу такыр түшүнбөйбүз деп жооп кайтарды.

- Үй-бүлөгө кандай таасир этери тууралуу сурамжылоо барбы?

Эрмек Батырканов: Бар, баанын көтөрүлүшү респонденттин 7 пайызына гана таасирин тийгизбептир. Ал эми калган 82,4 пайызы үнөмдөп калышкан. Анын ичинен 28,6 пайызы тамак-ашка, 16,5 электр жарыгына жана 15 пайыз кийимге үнөмдөп калышкан.

- Азыр коомчулукта баанын кымбатташы нааразылык акцияларын күчөтүп жиберет деген пикирлер арбыныраак айтылып баштады. Сурамжылоолор көрсөттүбү, бул өңүттө кандайдыр бир пикирди билдирдиби?

Эрмек Батырканов: Бул жөнүндө кийин кандайдыр бир нааразылыктар болот го дейм. Анткени иликтөө көрсөткөндөй эле, көбүнчө элдер карыз ала баштаптыр. Мисалы, ар бир онунчу респондент электр энергияны төлөө үчүн карыз алган деп жүрөт. Жылуулукка 15,4 жана тамак-ашка 7,7 пайыз эл карызга ала баштаган.

- Сизге чоң рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кудйаменде каяктан: Бишкек
17.03.2010 14:49
Электр энергиясынын кымбатташы таасирин тийгизбеген 7%, алар Бакиевдин тегерек четиндеги , элдин ырыскысын жеген адамдар. Мен элдин 82,4% ы экономдоп калыптыр дегенге кошулбайм. Себеби, 3-4 бөлмө үйдө жашагандардын бир айга деген жылуулук акысы жаңы тариф боюнча 3500-4000 сом, алган айлыктары 1500-3500 сом, муну жылуулукка төгүп берсе кайсы акчасын экономдойт. Светине, суусуна, мусоруна,квартплатасына төккөнгө акчасы калбай калып жатпайбы. Ал эми кийимди болсо ойлобой калдык. Бала-чаканын кекиртегинен илип кою керек. Бул жерде "экономдоп" эмес, калк карызга төбөсүнө чейин батып калыптыр десе жарашат. Мен "Азаттыкка" чыккан ой-пикирлерди карап отуруп таң калам, "Данияр Нарын элинин гана электр энергиясын кымбаттаткан го" деп. Башка областтарда электр энергиясы кымбаттаган эмес го? Эмнеге алар тынч отурушат деп. Же кудайдын башка салганын көрдүк деп, тагдырларына баш ийип отуруп калышкан го. Эгерде силерде электр энергиясы кымбаттабаса бизге айтып койбосуңарбы? Себеби эмнеде?
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу