Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:17

Кыргызстан

Каатчылыкка каршы бирдиктүү программа

Эл аралык донорлор Кыргызстанга энергетикалык жана экономикалык каатчылыктын алдын алуу үчүн тогуз миллион доллар берет. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер билдирди. Бул каражат эн оболу энергетикалык системаны чыңдоо жана калктын аялуу катмарынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн жумшалмакчы.

x
Текст көлөмү - +
2008-жылы БУУ кыргыз өкмөтү менен макулдашып эл аралык донорлорго он беш миллион долларг акча сурап кайрылган. Натыйжада тогуз миллионго чукул каражат топтолгон.

Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга берген жардамын натыйжалуу пайдалануу боюнча Бирдиктүү программа ишке киргенин жарыялады.

Программа эң оболу өлкөдөгү элдин жакыр катмарына азык-түлүк каатчылыгынын тийгизген кесепетин азайтууга, айыл чарбаны чыңдоого, социалдык кызматтарды жакшыртууга, элеттердеги оорукана, тез жардам кызматтарын чыңдоого, мындай жайлардын энергетикалык кубаттуулугун арттырууга жумшалмакчы.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкердин маалымдашынча, дүйнөлүк каатчылыктын Кыргызстанга таасири олуттуу болду. Мунун айынан сырттан келген жардамдын көлөмү кыскарды. Мунун айынан өлкөдө жакыр адамдардын санынын көбөйүп кетиши ыктымал.

- Кыргызстанда көптөгөн социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр мамлекеттен жетиштүү деңгээлде жардам ала албай калуу коркунучу бар. Мунун баары алардын жардам алууда тийиштүү документтерди толтуруудагы кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан улам болушу мүмкүн. Ушул эле адамдар көпчүлүк учурда электр энергиясынын чектөөдөн, азык-түлүк каатчылыгынан жана медициналык жардамга муктаж, жетиштүү билим ала алышпайт, - дейт Н. Волкер.

Экономика адиси Бакыт Турдумамбетовдун айтымында, бирдиктүү программанын негизинде берилип жаткан тогуз миллон доллар көп деле каражат эмес. Мындай колдоонун натыйжалуугун арттыруу үчүн каражат кайтарымы бар долбоорлорго жумшалганы жакшы:

- Эгер каражаттар экономикалык тармактарга чегерилсе салымы болмок. Буга чейин белгилүү болгондой экономика тармактарына түздөн-түз эмес, социалдык тармактарды колдоо үчүн келип жатпайбы. Кыргызстандын экономикасында артыкчылыктуу тармактар такталган. Ал тармактарга инвестициялык ар кандай колдоолор сөзсүз керек.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барат
10.03.2010 21:43
Урматтуу Нил! Же сиз да,кечирип коюн,ушул биздин коррупционерлер менен биргесизби? Баарын коруп-билип турасызго! Азаттык чыгарып койгула!

кимден: Барат
10.03.2010 11:44
А энергетика бизде менчик болуп кетти го! ЭМНЕ аларга мынча млн.$ды белеке бересиңерби? Кыргызстан коррупция боюнча 4-орунда деп,кайра акча бергениңер бул кандай?Же ООНда кыргыз коррупционерлери иштейби? Акчаны бербеш керек-ал баары бир желип кетет,урматтуу Нил!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.03.2010 10:25
Bu BUU nun da bashy ishtebeit,KGga akcha berbesh kerek,kancha berse oshonchonun baaryn jei beret kyrgyz,ishtetbeyt,emne alar ozdoru dele korboibu?tan kalychtuuu

кимден: Модераторго!
10.03.2010 09:49
Урматтуу азаттыктар! Эмнеге azattyk.kg сайты иштебей,блокировка болуп калды? Сиздерге azattyk.org аркылуу чыгып калдык.Окурмандарга кабарлап койсоңуздар!!!

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)