Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:05

Эл үнү

Баткен: жайыт жерлер талашка түштү

Баткендин Өзбекстандын Сох анклавына чектеш айылында чыр чыгып, кошуналаш эки элдин ортосундагы чоң чатакка айланып кете жаздады.

x
Текст көлөмү - +
26-май түнү Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарына тиешелүү 3 жеңил унааны кошуналар таш бутага алышып, 3-4 саат барымтада алып отурушкан. Өзбек атуулдары мындай кадамга баруусуна кыргыз тарап жайытты кошуна өлкөнүн мал жандыктары үчүн бербей койуусу себеп болгон. Эки тараптын тиреши бүгүн да уланып, маселе өкмөттөр аралык деңгээлде чечилгенге чейин деп тарап кетишкен.

Жаз алды менен талашка түшкөн жайыт маселеси акыры келип эки өлкө тургундарынын тирешүүсүнө жетти. Жайыт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, башка өлкөлөрдүн мал-жандыктарын аймакка киргизүү өкмөттөр аралык келишим менен жөнгө салынмай болуп калган.

Мындай келишимден расмий Ташкен кыргыз жайыттарынын кереги жок деп баш тарткандан кийин Кыргызстан менен чектешип турган Өзбекстандын Сох анклавынын мал-жандыктары жайытка чыга албай калды. Буга нараазы болгон хушярлыктар 26-май түнү өз аймагынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарынын унааларын талкалап, жүргүнчүлөрүн бир аз убакытка барымтага да алышкан.

Эки айыл тургундары тирешип, жаңжал күчөп кетээрде жергиликтүү бийлик ортого түшүп, маселе жогорку деңгээлде чечилгенче таркатып кайтышкан.

Согмент айылынын тургуну Акылбек Матраимовдун айтымында, эки эл колуна тийген кетмен, күрөк кармап тирешип калган:

- Кетмен, күрөк, бычактарын көтөрүп алышкан. Ал жерде азыр чек арачылар жана милиция кызматкерлери бар. Өткөн түндө кыргыздардын 6 унааларын талкалап, ичинде келаткан адамдарды барымтага алып, түндө саат 3-4тө араң кое беришти.

Ал эми Баткен район акими Хаитали Айкынов бул маселе жергиликтүү деңгээлде чечилбей турганын, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып, окуя боюнча буларга токтолду:

- Кыргыз атуулдарынын 3 унаасын убактылуу кармап турушкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аларды түндө алып чыкты. Эртең менен кыргыз тараптан 100дөй адам, Хушяр тарабынан да 100дөй адам чогулуп турду. Бирок биз жергиликтүү лидерлер менен сүйлөшүп, бул маселе мамлекеттер аралык келишимдин негизинде чечилиш керек экенин айтып, эки өлкөнүн өкмөттөрү өз ара келишкенге чейин таркашты.

Облустук акимчликтин коргонуу жана укук коргоо бөлүм кызматкери Таштемир Эшалиев өзбек бийлиги өз элинин жайыт маселеси чечип берүүгө кызыктар болбогонунан ушундай маселе чыкканын айтат:

- Биздин чек арачылар жайытка алардын малын өткөрбөй турат. Себеби 2006-жылдын 20-сентябрында мамлекеттер аралык келишим болгон. Ал келишимде Өзбекстан тарап жайытты пайдаланбай турганын айтып, кол койгон эмес. Ошонун негизинде биз аларды быйылкы жылы жайытка чыгарбай турганбыз.

Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сагынбеков ушул окуядан кийин Өзбекстандын Сох анклавынан кыргыз атуулдарына транзиттик каттам кооптуу болуп калганына байланыштуу элди айланма жол менен жүрүүсүнө багыттап жатканын, абал калыбына келмейинче ушундай болоорун айтты:

- Хушяр айылында болгон окуядан кийин Сох районунун расмий бийлиги транзиттик абалда кыргыз жүргүнчүлөрүнө толук коопсуздук беришине шек пайда болду. Ошого байланыштуу абал турукташканга чейин жүргүнчүлөрдү өзүбүздүн Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолу менен жүрүүгө багыттадык. Азыркы мезгилде укук коргоо органдары, күч структуралары Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Абал жөнгө салынгандан кийин кайра мурдагыдай абалда Сох районунан өтүүгө камсыз кылабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Акмат каяктан: Нарын
08.06.2010 16:12
Менин оюмча чек ара тактоо маселесин ылдамдатыш керек. Анткен себеби кошуна Озбекстан жана Тажикстанданда элдин санынын осуусу кучоодо.Ошол эле мезгилде туштук облустардан борборду коздой ички миграция кучогон. Ушул себептерге байланыштуу биринчи кезекте туштук чек арсын бекемдеп албасак мындан чон чыр чатактар орун алышы мумкун.

кимден: Дамир каяктан: Талас
08.06.2010 15:21
Урматтуу Баткендиктер, Оштуктар жана Жалал-Абадтыктар. Жеринерди бекем сактагыла. Бул Силердин кийинки муунга калтырган белегинер. Если что Таластыктар жардамга даяр. Бекем тургула.

кимден: Асыл. каяктан: Баткен облусу.
29.05.2010 23:07
Руслан туура жазыпсын,Айбалаев кайра ордуна келсе чек араларда калбына келмек.Постон отуудо бир саатан ашык турабыз. Баткендин айлында татаал жашоо,чондорубуз кичине ойлонбосо болбой калды.

кимден: Руслан. каяктан: москва.
29.05.2010 17:56
менен чыр чыккан аймактын кошуна таян айылыдан болом. Биз кичинекей кезибизден талашып тартышып чонойгонбуз. Чондор суйлошап чечебиз дешиптир. Чондордун суйлошуусун билебиз алар узбектердин пайдасына чечишет ал турган соз себеби Каримовтон коркушат,андай кылу туура эмес суйлошудо катуу ьурбаса абал чатака айланат.Мындай чырды Айбалаев жакшы чечуу еле. Менен чондордон суранар элем Баткендин губернаторлугуна кайрадан ушул акебизди кайра ордуна кою керек анткени Айбалаевта узбектерге конушулаш айылда алда тартышып чонойгон.

кимден: Руслан. каяктан: москва.
29.05.2010 17:09
Менен чыр чыккан аймактын кошуна таян айлыдан

кимден: PULAT каяктан: Ozgon
29.05.2010 04:22
эй тугандарим бул жерде эчкандай суз кетпейт бизи Киргизистонни ерини Киргизистонга берсин Узбекистон. андай мандай суз суйлйвермасдан уша ердан ГАЗ чикадикан Уни хам Узбекситон мазасини киладикан шуми инсоф шуми одамгарчилик бундай бумайди!!! хеч бумаса Ушга, жалал абадга,кора сувга келятган газларин нархини туширсин !!! Узганга-ю газ кегани йук!!! Энди Худодан сураймиз Вактли хукмат шуларни ечиб берар... мен узим Узбекман лекин уларни киган ишларини эшитиб узбекман дегани хам уятиб колдим!!! лекин шариятда хам кушна менен жакши мамледе булмок керек улар шуни билмаяпти. Киргиз тугандар кафа булмагила Узбектиям бариле шундай эмес!!! олманиям ичида курту болгондай ар-бир миллатниям ичида шундай курттари бар!!! мен барча Узбеклар номидан кечирим суурайм уше жерде ушул тааталга учураган тугандардан. Ассалому алайкум варохматуллохи ва баракатуху.

кимден: патриот каяктан: баткен
29.05.2010 00:01
Чуу чыккан жерге губернатор озу барыш керек. эл аны эмне учун шайлады. ушундай маселени чече албаса анын эмне кереги бар.

кимден: кыргыз каяктан: баткен областы
28.05.2010 23:25
урматтуу баткендиктер. Баткен лейлек кадамжай бул биздин проблема. муну биз чечишибиз керек. бийлик чечип берет деп кутуп озубузду алдабашыбыз керек. биз бир метр жерди да коргошубуз керек бул жер учун жаныбызды аябашыбыз керек бул биздин Алланын алдындае
гы парзыбыз. мекен учун олсок Алла таала бейишке киргизет. мекендин бир метр жерин берип койсок урпактардын убалына калабыз. бул абдан чон куноо. Баткен биздики ойгон элим. жардамдан качпа бул сооп.

кимден: ноокуш каяктан: новосиб
28.05.2010 22:13
Мына көрдүңөрбү өзүбектердин ишин, алар билип алды кыргыздар өздөрү менен өздөрү уруша беришет түндүк-түштүк болуп деп,бизди кенебей жатышат.Эми аларга далилдеп беришибиз керек биз дагы эле бир МУШТУМ КЫРГЫЗБЫЗ ДЕП.Сен тыяктансың,мен бул жактанмын дегенди токтоткула кыргыздар.Төбөбүзгө камчы жегенден көрө өлгөн артык.АНДАН көрө тиги акча менен орун талашкандардан жердин бүтүндүгүн дайым талап кылып турушубуз керек.Ушуну унутпайлы.

кимден: kuttubek каяктан: Turkiya
28.05.2010 21:18
Ozbekter jolunu berbese berbey ele koysun too menen da kattay beret Sogment
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу