Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

2010-жыл кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болот


2009-жылы, 29-декабрда Кыргызстанда футбол боюнча 2009-жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.
2009-жылы, 29-декабрда Кыргызстанда футбол боюнча 2009-жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.

2010-жылкы мелдештер: Ванкувер Кышкы олимпиадасы, жайында Сингапурда Жаштардын дүйнөлүк олимпиадасы, күзүндө Гуанжоудо ХVI Азия оюндары.

Жыл башында эле кыргызстандык футболчулар үчүн чоң сыноо алдыда турат. Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Москвада өтө турган Шериктештер Кубогунда мөрөй талашат.

Былтыр «Дордой-Динамо» Азербайжан жана Финляндия өлкөлөрүнүн чемпиондору менен 1:1 жана 3:3 эсебинде тең чыгып, Латвиянын «Вентспилис» командасына 1:0 эсебинде утулуп, өз тобунда биринчи ирет үчүнчү орунду ээлеген.

Быйыл Москвада Шериктештер Кубогу 16-январда башталып, 24-январда жыйынтыкталат.

Бул ирет да кыргызстандыктар үчүн таймашуулар дагы кыйынга турчудай. Себеби чүчүкулак кармоодо «Дордой-Динамо» командасы күчтүү атаандаштарга туш болду. «Дордойчулар» «А» тобунда Белорустун чемпиону «Днепр», Латвиянын чемпиону «Металлург» жана Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командалары менен мөрөй талашканы калды.

16-январда «Дордой-Динамо» биринчи беттешүүнү Белорустун чемпиону «Днепр» командасы менен өткөрөт. 17-январда Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командасы менен мөрөй талашуусу кыйынга турчудай.

Ал эми 19-январда Латвиянын чемпиону «Металлург» командасы менен беттешет. 20-январда чейрек финалдык беттешүүлөр өткөрүлөт.

22-январда жарым финалдык оюндар болсо, баш байге үчүн таймашуу 24-январга «Олимпиада» спорт комплексине белгилеген.

“Дордой” футбол командасынын коргоочусу Талант Самсалиевдин айтымында, алар Шериктештер Кубогуна күнүгө эки маал даярдык көрүүдө.

Быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура турган Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган Кышкы олимпиада болмокчу. 21-Кышкы олимпиада Ванкуверде 12-февралда башталып, 28-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык спортчулардан учурда үчөө Ванкувер Кышкы олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.

Жаңырган 2010-жылы боло турган маанилүү мелдештер тууралуу «Азаттыкка» өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов айтып берди:

- Ошентип 2010-жыл да жаңырды. Эми жаңы жылдагы эң маанилүү мелдештер: Ванкувер Кышкы олимпиадасы, жайында Сингапурда Жаштардын дүйнөлүк биринчи олимпиадасы жана күзүндө Гуанжоудо ХVI Азия оюндары жана башка дүйнөлүк, азиялык чемпионаттар болмокчу.

Быйыл жайында Сингапурда дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасы болмокчу. Учурда кыргызстандык жаш спортчулардын бирөө да бул олимпиадага жолдомо алыша элек. Ошондуктан жайга чейин жаштар үчүн бир топ сыноолор алдыда турат.

Кыргызстандык спортчулар үчүн быйылкы эң негизги мелдеш - күзүндө Кытайдын Гуанжоу шаарында 16-Азия оюндары болмокчу. 2008-жылы Бээжинде өткөн олимпиадалык оюндарда Кыргызстанга күмүш жана коло байгелерди утуп берген балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштаган балбандардан үмүт чоң.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн башкы устаты Эмил Алыкулов да Гуанжоуда боло турган Азия оюндарына азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын «Азаттыкка» билдирди.

- Себеби 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында кыргызстандык төрт балбан грек-рим күрөшүнөн коло байгелүү болушкан. Калыстардын айынан Данияр Көбөнов Пусанда жана Дохадагы Азия оюндарында алтын байгеден куру калып, арманда жүрөт. Дохадагы 15-Азия оюндарында грек- рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовдун жолун жолдоп, мөрөй алууга дилгир жаштар арбын. Аларга машыгууга гана шарт түзүп берүү зарыл.

Кыргыз дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, Кыргызстандын саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет.

- Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Бишкектин четиндеги 20дан ашуун жаңы конуштарда спорт имараттары курулбай, дене тарбиясына аз көңүл бурулуп жатат. Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү алган мурдакы медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса, Азия оюндарында мүмкүн алтын медалга деле ээ болмок. Ал эми Гуанжоуда боло турган Азия оюндарында алар ийгиликке жетээри да күмөн.

2006-жылы Дохада 15-Азия оюндарына катышкан 45 өлкөдөн Кыргызстан 2 күмүш, 6 коло байгелүү болуп, 28-орунду камсыз кылган.
XS
SM
MD
LG