Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Нобель сыйлыгын тапшыруу каадасы


Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Финляндиянын мурдакы президенти Марти Ахтисаари.
Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Финляндиянын мурдакы президенти Марти Ахтисаари.

10-декабрь – Нобель сыйлыгын жаңы лауреаттарга тапшыра турган күн. Бул салтанаттар Осло жана Стокгольм шаарларында бир жума бою уланат. Cыйлык тапшыруу каадасы, тарых-таржымалы тууралуу сөз.

Оболу 2008-жылы Нобель сыйлыгына татыгандарды атап өтөлү. Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаариге, физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы немис окумуштуусу Харальд цур Хаузенге жана француз окумуштуулары Франсуаз Барре-Синусси менен Люк Монтаньеге, адабият боюнча Нобель сыйлыгы франциялык кара сөз чебери Жан-Мари Гюстав Леклезиого, экономика боюнча Нобель сыйлыгы америкалык профессор Пол Кругманга, Физика боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуу Йоитиро Намбуга, жапан окумуштуулары Макото Кобаясиге, Тосихидэ Масукавага, химия боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Осаму Симомурага, Роджер Цьенге жана Мартин Чалфиге ыйгарылгандыгы белгилүү болгон. Ар бир лауреатка Нобель сыйлыгынын алтын медалы жана 10 млн. швед кронасы тапшырылат. Бул акча быйыл 1млн. 200 миң америка долларына барабар.

Нобель сыйлыгын тапшыруу каадасы тууралуу акын жана котормочу Эсентур Кылычев бизге мындайча аңгеме курду:

- Азыр Нобель сыйлыгын тапшыруу жумалыгы башталды. Сыйлык ыйгарылган адамдарга күн-мурунтан чакыруу кагаздары жиберилет да, “Сиз кайсы темада нобелдик лекция окуйсуз?” – деген өтүнүч кошо айтылат. Темасын бергенден кийин лауреаттар даярдана башташат. Нобель сыйлыгын алган киши ошол доклады менен барат. Андан сырткары өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн, пикирлеш, жакын адамдарынан ала барууга укуктуу. Бирок чектелген саны бар. Нобель сыйлыгын Швециянын Королу тапшырат, ошондон кийин лекция окуу расмилери жүрөт. Тартиптери катуу. Лауреаттын, кошо баргандардын кийген кийимдерине, ичкен тамактарына чейин талап бар.

Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитети, анын добуш берчү академиктери коммунисттик идеологияны жактыра беришкен эмес. Чындыкты жашырышканы үчүн жаман көргөн. Андыктан СССРден кимдерге Нобель сыйлыгы ыйгарылса аларды советтик идеология да жектеп турган.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев сыйлык ыйгарылган жазуучуларды советтик бийлик кыйноого салгандыгын айтып өттү:

- Борис Пастернакка “Доктор Живаго” романы үчүн Нобель сыйлыгы берилген да. Бирок совет доорундагы бийлик акынды сыйлыктан баш тартасың, болбосо өлкөдөн чыгып кетесиң деп талап койгон. Борис Пастернак тентип кеткенден чочулап Нобель сыйлыгынан баш тартууга аргасыз болгон. Солженицынга да Нобель сыйлыгы берилгенде ошондой талап коюп, ал СССРден чыгып кеткен. Ал эми Иосиф Бродскийге чет өлкөдө жашап калгандан кийин Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Нобель сыйлыгына кези менен Орто Азия республикаларынын жазуучулары да көрсөтүлгөн. Акын жана котормочу Эсентур Кылычевдин айтуусунда, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов бир нече жолу көрсөтүлгөн, талапкерлер тизмесинде көп жылдар бою жүргөн, ал тургай бир жолкусунда лауреаттыкка болгону 1 гана добуш жетпей калган. Ошондой эле Нобель сыйлыгына Казакстандын калк акыны Олжас Сулейменов, Москвада жашаган тажик жазуучусу да көрсөтүлгөн. Кызык жери, үчөө тең орус тилинде жазышкан калемгерлер.

Сыйлыкты негиздеген Нобель өзү кезинде айрым аскердик куралдардын, динамиттин ойлоп табуучусу болгон, өтө орчундуу меценаттык иштерди жасаган. Кезинде Орусияда, ал тургай Азербайжанда да иштеп кеткен.
XS
SM
MD
LG