Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:53

Кыргызстан

Бакиев: АКШ аба базасы Ала-Тоодон чыгарылат

Кыргыз өкмөтү Манас аба майданындагы АКШнын аскердик аба базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечкенин президент Курманбек Бакиев 3-февралда жарыялады. Бул чечим кыргыз оппозициясынын сынына кабылды.

“Манас” аскер аба базасы. АКШдан Кыргызстандын зилзаладан жабыр тарткан калкы үчүн келген жардам түшүрүлүүдө. 2008-жылдын 8-октябры.
Текст көлөмү - +
Москвада Орус президенти Дмитрий Медведев менен өткөргөн шейшембидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында президент Курманбек Бакиев «Итар-Тасстын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, АКШнын аскер базасын чыгаруу тууралуу Кыргыз бийлигинин чечиминин жүйөөсүн экономикалык көйгөйлөргө жана бул аскердик база жергиликтүү коомчулукта "терс маанай жаратканына" байланыштырды.

АКШнын аскер базасын жайгаштыруу боюнча АКШ менен Кыргызстандын эки тараптуу келишими 2001-жылдын соңунда "Ооганстанда (эл аралык террорго каршы) чыныгы согуш" жүрүп жатканда кол коюлганын белгилеген президент Курманбек Бакиев " ошол кезде сөз бир-эки жылдык мөөнөт тууралуу жүргөнүн, бирок андан бери сегиз жыл өткөнүн белгиледи.

"Бул мезгил аралыгында биз америкалык өнөктөштөр менен экономикалык компенсация темасын бир нече ирээт талкууладык, бирок түшүнүшүү таппадык", деген президент Бакиев Кыргызстандын атуулу А. Ивановдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин аягына чыгаруу маселесин расмий Бишкек эки жылдан бери кабыргасынан коюп келгенин кошумчалады.

«Мунун баары коомдо терс маанайдагы пикирлерди жаратты, адамдар базанын туруму боюнча адилеттүү маселе койо башташты", деп айтты.

Андан ары президент Курманбек Бакиев кабарчыларга "буга байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү Манас аба майданында АКШ базасынын жайгаштырылышын токтотуу боюнча чечим кабыл алды жана жакынкы күндөрү сиздер өкмөт токтомду аткаруу боюнча жасай турган аракеттерге күбө болосуздар", - деп билдирди.

Ушул эле күнү (3-февралда) Курманбек Бакиевдин бул жарыясынын алдында Москвада Орусиянын Кыргызстанга 2 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берээри жана 150 миллион доллар кайтарымсыз жардам көргөзө тургандыгы тууралуу шарттар камтылган келишимдерге кол коюлган.

Кыргызстан Орусиядан алуучу жардамдын ордуна америкалык базаны чыгарары жөнүндө бейрасмий кабарлар мурдатан каңшаар катары тараганы менен кыргыз бийлигинин өкүлдөрү буга чейин мындай малыматтарды төгүндөп келишкен болчу.

Кыргызстанда 19-январда иш-сапары менен болгон АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус премьер-министр Игорь Чудинов менен жолуккан соң америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу тууралуу маалымат негизсиз экенин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө таянып кабарчыларга айткан эле:

- Кыргызстанда мен жолугушкан бийлик өкүлдөрүнүн ар бири андай айың кеп Кыргызстандын маалымат каражаттарына тиешеси жок чет өлкөлүк бир гана маалымат булагында айтылганын билдиришти. Ал турсун кыргыз бийлигинин эң маанилүү өкүлүнүн бири Орусия менен болгон экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдө АКШ базасынын чыгарылышы тууралуу маселе таптакыр козголгон жок деп ишендирди. Ошондуктан база Кыргызстандан чыгарылат деген кеп негизсиз деп ойлойм.

Москвадан түшкөн жаңылыктын соңунан Франс- Пресс агенттиги Пентагондун өкүлү Жефф Морреллге шилтеме кылып, АКШ Манас аскер аба базасын колдонууну улантууга үмүттөнөрүн билдирди. Пентагондун өкүлү базанын Ооганстандагы америкалык аскерлерди камсыздоодогу мааниси эбегейсиз зор экенин белгилеген.

Ушундай эле пикирин НАТОнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Роберт Симмонс да дүйшөмбү күнү (2-февралда) Бишкекте билдирген.

«Ооганстанга аба аркылуу жүк жеткирүүгө көмөктөшүү менен Кыргызстан дүйнөдөгү адамзатка коркунучтуу терроризм, адам сатуу, баңзаттардын күчөшүнө каршы үлкөн салым кошууда. Эгер Кыргызстан АКШнын аба базасын чыгарып жиберсе, абдан өкүнүчтүү иш болот,” деп айткан Симмонс.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге ылайык, Кыргыз бийлигинин АКШнын аскер аба базасын чыгаруу тууралуу чечими Жогорку Кеңеште тастыкталган соң, аскер аба базасы алты ай ичинде көчүрүлөт.

Кыргыз аткаруу бийлигинин чечими парламентте колдоо табышы ыктымалдан алыс эмес, анткени анда басымдуу көпчүлүк – президентти колдогон «Ак Жол» Элдик Партиясына таандык.

Ал эми кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү болсо Бакиев жарыялаган чечимди кезектеги калпыс, туура эмес кадам катары баалап чыгышты.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов «Азаттык» үчүн курган маегинде АКШ базасын чыгаруу тууралуу чечимди Кыргызстандын бийлигинин ички-тышкы саясаттагы баш-аламан кадамдарынын бир көрүнүшү катары сынга алышты.

Азырынча Кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнөн президент К. Бакиевдин АКШ аскер аба базасын чыгаруу тууралуу жарыясына карата пикир алууга мүмкүндүк болгон жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ozodbek каяктан: Yurt
17.02.2009 10:08
Menin oyum4a tuura ele boldu.Bakiyev munu 7 ol4op bir kestigoo.Emi koldon kelse orustardi da 4igarip saluu kerek Kyrgyzstan egemenduu mamleket.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kanada
06.02.2009 00:44
Men tomondogu oigo 100% koshulam: Кыргызстандан чыгаруу туура эмес. Орустар алдап кетет. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр деп бекеринен айтылган эмес. Orustar satkinchi. Takir bashtar ozdoru ishtei albagan jumushtardi kirgizdar kilip jatkanin korushot beken? Kirgiz eli kichine ar namistuu bolsok gana. Bakiev eldi uiat kildi orustarga jagaldanip. Birok orustar ozdoru da uiat bolushtu, momun kirgizdi aldap kala berebiz dedi go, Bakiev mirza Moskvada aitip saldi mina emese dep.

кимден: Адилет каяктан: Талас
05.02.2009 15:26
Мен Бавкиев мырзага абдан таң калдым. Москвада сүйлөгөн сөзүндө алар биздин бир жараныбызды өлтүрүштү, биз ар бир жараныбыздын коопсуздугун коргоого милдеттүүбүз дейт. Анчалык жарандарды коргойт экен ошол эле Москвада такырбаштардан канча кыргыз өлүп кетти. Эмнеге ошону айтпайт? Анткени алар бечара кыргыздар. А тиги Иванов болсо орус. Көрдүңөрбү иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн?Ошон үчүн чыгарганга жараша орустардын базасын кошо чыгаруу керек!

кимден: Садыков Заир каяктан: рАлабука. с Ажек
04.02.2009 23:30
Албетте чыгарып салуу керек. Мен Бакиевдин Америка авиа базасын Кыргызстандан чыгарып салуу пикирине кошулам.. Кыргызстанга башка авиа база келсе андан көбүрөөк пайдасы тийээр...Чем раньше, тем лучше... Бул менин жеке гана оюм...

кимден: Артыкбаев.А.Т. каяктан: Алабука.1-Май
04.02.2009 22:59
...Бакиевдин ушундай пикирине 100% кошула алам.

кимден: Ulan каяктан: cholpon ata
04.02.2009 20:37
Elim oilongun, Amerikany paidasynan zyany kop unutpagyn. Amerikasyz dele Kyrgyz eli aman esen ele jashap kelgen. Emne Amerikanyn eli bizden artykpy? A Rossianyn bizge paidasy oto ele chon. Bugunku kundo kanchalagan kyrgyzdar Rossiada ishtep ui buloosun bagyp jatat. Emne bul jalganby? Emnesi bolsoda kyrgyzym musulmansyn unutpagyn.

кимден: Элен каяктан: Жалал-Абад
04.02.2009 20:02
Америкалыктарды азырынча чыгаруу туура эмес, себеби Орто Азияда дагы эле диний экстремизм күч алып жатат, "халифат курабыз"- деп сакалчан фанаттар жүрөт.Алар ошол америкалыктар турганы үчүн 2-чи Баткенди кайталабай турушат.

кимден: Abu Hanifa каяктан: Egipet
04.02.2009 19:03
Salam urmattuu azattyk! Men albette bakievdi aytkan sozun koldoym! Al en sonun tuura kilgan.

кимден: Cулайман каяктан: Базар-Коргон
04.02.2009 18:53
Ивановтун өлүмүнө алиге чейин көз жашын токтото албаган Жогорку Кенештин жоон топ депутаттарынын эсине эмне үчүн такырбаштардын колунан өлүм тапкан биздин жап-жаш балдарыбыз келбейт.

кимден: Памирбек каяктан: Бишкек
04.02.2009 18:33
Кыргызстандан чыгаруу туура эмес. Орустар алдап кетет. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр деп бекеринен айтылган эмес.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)