Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:11

Дүйнө

Казакстанга – аброй, ЕККУга – кризис

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна алдыдагы жылдын 1-январынан тартып Казакстан төрагалык кылат. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоочу уюмдар кайрадан камтамачылык билдиришти.

Афина-- Уюмдун демократия институттары жана адам укуктары бюросунун жетекчиси Янез Ленарчич төрага катары Казакстан ЕККУга үлгү боло албайт деп эсептейт. Афина, 2009-жыл, 2-декабр.
Текст көлөмү - +
Кызыктын кызыгы

Казакстандын төрагалыгы көп жагынан алганда чоң жаңылык болгону турат:  ЕККУну бир жыл башкаруу тизгинин биринчи ирет экс-совет республикасы,  КМШнын мүчөсү, азиялык өлкө алат.  Мындай учур уюмдун тарыхында болгон эмес.

Андан да кызыгы – төрагалык укук бир да ирет уюмдун чен-өлчөмдөрүнө төп келген шайлоо өткөрбөгөн, адам укуктары, сөз эркиндиги чөйрөсүндө анын талаптарын аткармак түгүл көп учурда аларды таңазар албаган өлкөнүн колуна өтөт.

Сын пикирлер

Бул чечимге каршы чыгып жүрүшкөн эл аралык укук коргоочу уюмдардын бири Human Rights Watch 25-ноябрда атайын доклад жарыялап, Казакстан төрагалык орунга башынан эле татыксыз болчу деп белгиледи.

"Менимче, Казакстандагы адам укуктарынын абалы уюмдун стандарттары менен нормаларына төп келбей турганы айдан ачык иш. Ушул жүйөөдөн алганда анын төрагалыгы өтө эле өрөскөл көрүнөт", - деп айтты HRW уюмунун Европа жана Борборазия департаментинин орунбасар директору Рейчел Денбер.

Денбер казак өкмөтү жадакалса өзүнө алган эң жөнөкөй милдеттенмелерин да аткарбаганына, тескерисинче, бу жагынан керагар кадамдарды жасаганына көңүл бурду.

Денбердин сөздөрүн Freedom House уюмунун Европадагы директору Владимир Школников толуктады. Астана бийликтеринин соңку кездердеги кадамдары өтө өкүткө салганын ырастап, Школников "муну менен Казакстан тек гана аброй алгысы келет, а бирок айткан убадалардын эгерим аткарбайт" деп айткан адамдардын сөздөрүн тастыктаганын кошумчалады.

Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын илимий кызматкери Муззараф Сулейманов басма сөз эркиндиги жагынан Казакстанда эч кандай жылыштар жок экенин бышыктады.

"Чындыгында абал мурдагыдан да начарлады. Биздеги басма сөздү, ага жасалган мамилени алып көрсөңөр, быйыл жыл журналисттерди уруп-сабоо, кодулап-коркутуу менен башталды. Интернет чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбооруна ЕККУ өзү, эл аралык абройлуу уюмдар каршы болуп, бу документти кабыл албагыла деп эскертишти. Бирок бардык мындай чакырыктарга казак өкмөтү кулак кагып да койгон жок", - дейт Сулейманов.

Акырында ЕККУнун демократия институттары жана адам укуктары бюросун жетектеген Янез Ленарчич уюмдун Афинада 2-декабрда өткөн тышкы иштер министрлер жыйынында Казакстандагы кырдаалга ачык кыжаалатчылык билдирди. Ленарчичтин айтымында, төрага катары Казакстан уюмга кирген 56 өлкөгө үлгү болору өтө күмөндүү.

Батыштагы ыргылжың маанай

Казак өкмөтү төрагалык кызматка киришкен соң эмдиги жылы Астанада уюмдун саммитин өткөрүүнү пландап жаткан эле. Афинадагы жыйында ага катышар-катышпасын АКШ менен Британия "ойлонуп көрө турганын" ырасташты. Башкалар да ыргылжың позицияда калышты. Натыйжада саммиттин болор-болбосу арсар абалда калды.

Уюмга төрагалык кылуу милдетин Казакстанга берүү чечими мындан эки жыл мурда кабыл алынган. Өлкөнүн жетекчилиги 2010-жылга чейин демократиялык олуттуу реформаларды өткөргөнгө убада берген. Бирок андан бери адам укуктарынын абалы кескин мечөөлөп (төмөндөп) кетти.

Мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев өмүрү өткөнчө президент болгонго укук алды, парламентке бир гана президенттин партиясы өткөрүлдү, саясий оппозиция жок кылынды, эркин журналисттер менен басылмалар да баш көтөрбөс абалда калышты.

Байкоочулар Казакстандын алдыдагы жылдагы төрагалыгы ЕККУда жаңы кризистерди чыгарарын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: chingiz
04.12.2009 21:03
koshunalarıbız onugup jatıshkanda bizdikiler bolso olkonu kemirgenden bashka echnerse kilishpayt! Bashkargandaribizdi kunoloboym elibizdi kunoloym biz kanday bolsok bizdi bashkargandar da oshondoy bolot. shayloolordo kichinekey akchaga satilabiz.

кимден: Коке каяктан: Уйдон
04.12.2009 13:02
ЕККУ абдан жаман акыбалда калды" карышкырга кой кайтаркан атат". Европанын демократиясын шылдын кылып антидемократтар, узурпаторлор, авторитардуу диктатарлар жетектемек болуп калды. Менимче демократиянын принцыптерин сыйлабаган олколорду жакын жолотмок тугул экономический санкцияларды колдонуш керек болучу.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)