Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:56

Дүйнө

Он жыл мурда Путинди сындаган Салье кайрадан үн катты

Орусиянын мурдагы элдик депутаты, Петербург шаардык кеңешинин депутаты Марина Салье 1990-жылдардын башында “пара алган, мамлекеттик мүлктү уурдаган” деп ал кезде Санкт-Петербург шаарынын мэри Анатолий Собчактын орун басары болуп турган Владимир Путинди сынга алган. Жакында Салье ал сынынын жүйөсү бар экенин «Азаттыктын» серепчиси менен болгон баарлашуусунда кайра кайталады.

x
Текст көлөмү - +
Буга дейре 10 жыл бою Марина Салье журналисттер менен жолугушуудан баш тартып келген.

Марина Салье 1992-жылы Санкт-Петербург шаардык кеңешинин атайын комиссиясын башкарып турганда Владимир Путиндин иши текшерилет. Ал кезде Путин шаар башчы Анатолий Собчактын орун басары эле. Комиссиянын текшерүүсү маалында тышкы байланыштар боюнча комитеттин жетекчиси Владимир Путин жана анын орун басары Александр Аникиндин колдору коюлган документтердин негизинде 100 миллион доллардан ашуун баадагы баалуу металл, кара май жана башка чийки сырье сатылганы такталган.

Ал товарларды бир күн гана иштеп, алыш-бериш аягына чыкканда жабылып калган фирмалар аркылуу сыртка чыгарып турушкан. Сатылган товарга азык-түлүк алынды деген көрсөтмө болгону менен азык-түлүк сырттан келген эмес. Петербург федералдык борбордон дотация эсебинен гана азык-түлүк алып турганы такталган.

Мындан сырткары келишимдеги баа четтен сатып алгандарга аябай арзан турган. Мисалы, скандия металлынын ар бир кадагы 72,6 маркага сатылган. Дүйнөлүк базарда анын ар кадагы 2000 долларга бааланган.

Комиссия кылмыштын бетин ачкан отчетту прокуратурага жиберген. Прокуратура ишти маалкатканда Марина Салье ал кездеги президент админстрациясында текшерүү башкармасынын жетекчиси Юрий Болдыревге жиберет. Ал 1992-жылдын 31-мартында дароо ишти колго алып, Авенге кат менен кайрылган.

Ошондон көп өтпөй Собчак «Москвага өйдөлөп кетпесин деп ушундай кадамга бардым» деген шылтоо менен Путинди тышкы байланыш боюнча өзүнүн өкүлү кылып дайындайт. Ал эми Болдырев кызматтан алынган.

Марина Салье
1987-жылдан тартып демократиялык уюм жана кыймыл жаатында үзүрдүү ишкердиги менен аты чыккан. «Демократиялык Орусия» кыймылында жүргөндө айтылуу демократ Николай Ющенковдун кыймылы менен биригүү үчүн сүйлөшкөнү барып, анын көзөмөлдө экенин көргөндө түшүнүп, ошондон кийин элет жеринде жашоону тандап алганын эскерет.

Баарлашуу маалында Марина Салье буларды айтты:

- Анын кеңсесинде “менин көзүм эч качан, эч бир жерде көрбөсүн” деген бир кишинин отурганын көрдүм. Ошондо жашырынып жашабаса болбой калганын түшүндүм. Ал эми Сергей Николаевичти ошондон көп өтпөй атып кетишти.

Марина Салье (1988-1990) Ленинграддагы элдик фронттун лидери болгон. 1990-жылы орусиялык эркин демократиялык партиянын уюштуруучуларынын бири жана анын идеологу болчу.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Автор жөнүндө

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)