Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Москвада 10 улутчулга сот өкүмү угузулду

24.09.2009
Муса Мураталиев

22-сентябрда Москва шаардык соту чет өлкөлүктөргө кол салган деп айыпталган москвалык улутчулдар тобуна карата чечимин угузду. Такырбаштар тобунун мүчөлөрү 3 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Улутчулдар тобунун лидерлери Евгения Жихарева 8 жылга, ал эми Илья Шутко 10 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул улутчул топтун 10 мүчөсү 2008-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын жарандарына кол салышкан.

Улутчулдар тобунун лидери - 17 жаштагы Евгения Жихарева. Ал быйыл Москвадагы Суу жана транспорт академиясына өткөн. Топтун дагы бир лидери Илья Шутко буга чейин да Саха элинин шахмат оюну боюнча чемпиону Сергей Николаевди өлтүрүп, 7 жыл 6 ай абакта отуруп чыккан. Бирок мурдагы кылмышы эске алынбастан, Шутко 10 жылга эркинен ажыратылды. Себеби Орусиянын мыйзамдары боюнча, жашы жете элек кылмышкерлерге ушундай жеңилдик берилет.

Топтун мүчөлөрүнүн бешөө 5 жылдан 8 жарым жылга чейин шарттуу түрдө кесилди. Прокурор сот чечими менен макул болгон жок. Айыпкерлердин жактоочулары жана ата-энелери болсо, айыпкерлерге карата милиция тарабынан күч колдонулганын ырасташууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Москва шаардык соту улутчулдарга карата чечимин угузду. Маалыматтар боюнча, бул улутчулдардын колунан 2008-жылы кыргызстандык атуул да набыт болгон. Айрым байкоочулар улутчулдарга берилген жаза жеңил болгонун айтышууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Р. Аттокуров: Соттун чечими боюнча Орусиянын прокуратурасы өз пикирин айтты. Анын айтымында, улутчулдарга жеңил жаза берилип калган. Бирок Орусиянын мыйзамы боюнча мындай кылмыш жасаган, жашы 18 жетпегендерге он жылдан ашык берүүгө болбойт. Сот өкүмү кандай болгондо да - ал өкүм. Адвокаттардын да, прокурордун да, кылмышкерлер менен алардын курмандыктарынын өз пикирлери бар. Биз Орусия прокуратурасынын пикирлерине кошулабыз.

“Азаттык”: Орусиялык улутчулдар менен байланышка чыккан элеңиз. Ал жолугушуулардан пайда болдубу?

Р. Аттокуров: Баарына белгилүү болгондой, 2008-жылдын үч-төрт ай ичинде ушундай кылмыштар абдан көп болгон. Айрыкча Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына каршы жасалган. Биз өкмөт жана элчилик тараптан Орусиянын бийлигине кайрылганбыз. Кудай билет, эми ошондон бери кыргызстандыктарга колу салуу жок десек болот. Жалгыз эле Москва, Москвалык обулус эмес,Сахалинден Калининградга чейин мигранттар, атуулдарыбыз менен тыгыз байланыштабыз. Акыркы учурда айрыкча кыргызстандык жарандардын мындай окуяга дээрлик туш келбей калды.

“Время новостей” геөитинин маалыматына караганда, демейде скинхеддер көчөдөн өңү азиялык кишилерди издешкен. Андай киши табылганда баары жабыла ага кол салып, ал жыгылганда тепкилеп, анан бычактап кетишкен. Би-Би-Си үналгысынын кабарлоосу боюнча, бул улутчулдар тобу 1-февралда 18 жаштагы кыргызстандык Марат Акматовго кол салышкан. Акматовго бычакты Шутко урган.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: asan каяктан: moskva
24.09.2009 23:24
japarkulovtorgo okshogondor oto ele kop birok alar aitylbai ele biz suiloshkondon beri andai ishter bolboi kaldy degen ujat ele da.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
24.09.2009 12:49
Бардык такыр баштардын артында Путин( орус улутчул идеясы) турат жана формалдуу эмес аларды колдоп каржылап келет.Бир жагынан СНГ-ги улутарды батырбай Орусиядан кетирүү(өлтүрүү,кыйноо,мазактоо, байкуш кылып тебелеп тепсөө) максаты , Экинчи жагынан СНГ,ШОС,ОДКБ уйумдадын башында туруп ,бизди кол бала сыйктуу(малай,кул,кошоматчы,манкурт ж.б)эгемендүүлүгүбүздү тебелемей.Орусиянын ичинде көп бизге тууган элдер жашайт ,аларды такыр баштар менен басынтып өлтүрсө,ал эми мамлекетин саясаты түрк элдерине эгемендүүлүктөрүн тебелеп,эркиндик бербей таталитарный өлкөнү кармап келет.СНГ ,ОДКБ деген организацияларды Орустун чоң скинхеди ,ал эми ШОС деген Орус-Кытай скинхеди( орус-кытай улутчулдардын палитикасы)булар экөөтең түрк элдерин басынтып (кул,малай кылуу) башкаруу. Эми Орусияны алсак, керек болсо орустар оппазицияны жок кылган эмне скинхедтерге күчү жетпей калыптырбы? Жок бунун артында чоң саясат жатат! Жолдош Р.Аттакуров жакында эле кыргыз үй-бүлөнү сабаган окуя болгон Жапаркуловторду алар жөнүндө,эмнегедир эч нерсе айтылбаптыр?Бардыгы жакшы дей берген туура эмес.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)