Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:40

Дүйнө

Медведевдин коюн кайтарган Путиндин карышкырлары

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 21-ноябрь күнү «Бирдиктүү Орусия» курултайында чыгып сүйлөп, аталган партиянын жана башка партиялардын кайсы бир аймактардагы жетекчилигин «аппараттык ойдо жок иштерди уюштурушканы үчүн» сынга алды. Медведевдин пикири боюнча демократиялык тартипти административдик тартип менен чаташтырган, анын айынан өлкөдө шайлоонун өтүшү чыр-чатакка айланган кишилерден арылуу керек.

x
Текст көлөмү - +

 
Өлкөнүн премьер-министри Владимир Путин жетектеген «Бирдиктүү Орусия» партиясынын курултайы Санкт-Петербургда өттү. Анын ишине катышкан 600дөн ашуун делегат партиянын жаңы программасын кабыл алды. Мамдума төрагасы Борис Грызловдун айтымында ал программада «Орусия консервативдик партиясынын идеологиясы чагылдырылган».

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев курултай үстүндө Кремль колдоо көргөзүп келаткан, өлкөнү башкарып да аткан атка минерлер партиясына октябрь айында жергиликтүү органдарды шайлоодо демократиялык тартипти бүлдүрүп, биринин тебетейин бирине кийгизип ырк бузгандыгы үчүн катуу сын айтты. 

"Шайлоо деген бүтүндөй атуулдар өз эркин билдирүү болууга тийиш, мүдөөлөр менен программалардын атаандаштыгы болууга тийиш. А иш жүзүндө демократиялык эрежени административдик тартип менен алмаштырып ийүү болуп атат. Алар кандайдыр бир жоруктарга айланып кетип атат. Ага окшогон кишилерден арылуу керек, баса, саясый жаман адаттан да," - деп эскертти Медведев мырза.

XI-курултайы өткөн «Бирдиктүү Орусия» же эл оозунда «бийлик партиясы» өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын ылдыйкы канаты. Анын 450 депутатынын 315 «Бирдиктүү Орусия» партиясынын кишилери. Ал партия Кремль эмне демилге көтөрбөсүн, аны тез аранын ичинде мыйзамга айлантып берип турат.

Анын башында мурдагы президент, азыркы өкмөт башчы Владимир Путин турат. Ал докладын Медведевден кийин жазаса да президенттин айткан сынын кулагынын тышында калтырып, эч жооп айткан жок. Ал тургай, азыркы тушта «туура чечим кабылдап, кайсы маселеде кандай кууш жер бар - билүүгө жалгыз гана Бирдиктүү Орусия жарамдуу», - деп баса көргөздү.

Андан аркы кебинде Владимир Путин: "Ошону менен бирге партияны элиталык беделдүү клуб катары эсептеп, ага мүчө болуу өз керт башынын самаганы, кызматынан өйдөлөө же дагы башка маселесин чечүүдө тээк болот тура дештен сак болууңарды каалар элем," - деди.

Мындай кепти серепчилер арасы Путин өлкө башчыга каяша айткан жок, бирок анын кебин этибары албай койду дешет. Дагы бирөөлөр тандемдин ыдырап баратканын белгилешет. Айтылуу саясый анализчи Андай Пионтковский пикири ушундай:

«Сыртынан тандем бирге элебиз жышаанын жасоодо. Бирок алардын сүйлөгөн сөзү башкача ымалада экенин айкын кылууда. Медведев мурдараакта айткан оюн азыр тереңдетти. Экономиканы экономика деп аташка ооз барбайт деди. Бул Путин башкарып олтурган өкмөттү катуу сындагандык. Башкача, кедеринен кеткен жана паракорчулукка дейре жеткен экономиканы таштап акылдуу экономикага өтүүнү сунуштады».

Анализчилер балким, консервативдик өнүгүү алкагында бийлик партиясы ушундай жолго түшкөн. Медведев чакырык таштаган жашоону азыркы замандын талабына жараша жаңы түр берүүнү алар ушундай түшүнүшөр, ошондо президент баккан койлор аман калып, Путин баккан карышкырлар ток болор деген ой айтышат.

2008-жылы Медведевди өзүнүн мураскору катары президенттик кызматка Путин алып келген. Жакында 2012-жылкы өлкөгө башчы тандоодо ал орунду талашууга бара тургандыгын Путин кыйыткан.

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Чекир Саяк каяктан: Саякыстан
23.11.2009 12:35
Эки баш бир, казанда кайнабайт! Путиндин убакыты аякташы керек,келечекте Медведевтин заманы .Бирок кайсы жолго түшөрүү али белгисиз? Эгер Батыш демократия жолу менен кетсе ,анда Орусия Европага кошулса! анда орус эли өнүгүп өсөт.Эгер авторитаризм жолу менен кетсе ,анда баякы кейпин кийип кала берет!

кимден: Акелла
23.11.2009 11:08
Медведовдун сыны биздин кыргыз жетекчилериге да тийсе жакшы болот эле!!!Биздеги жасалма шайлоолор бир күнү урап түшөт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)