Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:47

Дүйнө

Түркиядагы жер титирөө 50дөн ашуун адамдын өмүрүн кыйды

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн 50дөн ашуун адам каза тапты. Зилзаланын очогу - Элазиг чөлкөмүндө бери дегенде 6 кыштак толугу менен кыйрап калды. Түркиянын Кандилли сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен.

Каракожан айылынын жашоочулары ураган үйлөрдү аралап жүрүшөт, 8-март, 2010-жыл
x
Каракожан айылынын жашоочулары ураган үйлөрдү аралап жүрүшөт, 8-март, 2010-жыл
Текст көлөмү - +

Элазиг чөлкөмү борбор шаар Анкарадан 550 километр алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөдөн коңшу Тунжели, Бингөл жана Диарбакыр облустары жабыркаганы кабарланууда. Зилзаланын очогунда болсо 50дөн ашуун адам каза тапты, 100гө жакыны жарадар болду. Элазигдин бир нече айылында имараттар кыйрап калды.

 

Канделлидеги сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, жер титирегенден кийин дагы 30 чакты майда силкинүү катталды. Жер титирөө таңга маал, эл уктап жатканда болгон.

 

Түрк өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган бул чөлкөмдө жер титирөө көптөн бери боло электигин айтып, буларга токтолду:

 

- Саман кирпичтен салынган үйлөр, албетте, аймактын архитектуралык өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Бирок, тилекке каршы, бул курулуштар үчүн бүгүн чоң баа төлөдүк. Бул чөлкөмдө зилзала көп жылдардан бери каттала элек эле.

 
Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Жабыркаган айыл-кыштактарга чатыр, жылуу төшөктөр жөнөтүлдү. Жер биринчи жолу силкингенде дүрбөлөнгө түшкөн адамдар терезелерден секире башташкан. Жергиликтүү ооруканага жеткирилгендердин көбүнүн буту, колдору сынган. Элазигдин губернатору 3 айылда мечит минареттери кулаганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, Окчулар кыштагында 30 үй урады. Окуя болгон жерге өкмөттүн 4 министри да учуп кетти.

Зилзалалар Түркияда көп болот. Өлкө түндүк Анадолу тектоникалык сыныгы аймагында, сейсмологиялык активдүү тилкеде орун алган. Акыркы мисалдарды келтирсек, 1999-жылы август айында Измит шаарынан алыс эмес жерде күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болуп, 18 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. Анда 5 миңден ашуун имарат урап, жүздөгөн километр жол кыйраган, шаардагы мунай кайра иштетүү ишканасында өрт чыккан. Жет титирөө Стамбулда да сезилген. Калаа бир нече убакытка электр жарыгысыз калган. Куткаруу иштерине америкалык, орусиялык, германиялык жана башка чет өлкөлүк адистер катышкан.

Эл аралык Валюта кору табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Түркияга ири өлчөмдөгү каражат бөлгөн. Түрк өкмөтү болсо зилзала алып келген зыянды бир нече миллиард долларга баалаган. Ошондо эксперттер курулуш компаниялары имараттарды тургузганда технологияларды одоно бузушкан жана акча үнөмдөө үчүн арзан материалдарды колдонушкан деген тыянак жасашкан.

Түштүк-чыгыштагы Бингөл дубанынын тургундары 2003-жылдын май айында болгон жер титирөөнү дале болсо унутуша элек. Ал жолу курман болгондордун саны 200гө жакын болгон. Шаардагы интернат кулаганда, урандылардын астында 100гө чукул бала калган.

Адистердин айтымында, жалпысынан Түркияда жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам берүү, куткаруу иштерин уюштуруу жакшы жолго коюлган. Бирок алыскы райондорго жардам жеткирүү абдан кыйын.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аман каяктан: ОШ
09.03.2010 15:22
Түрк туугандар кайгыңарга тилектешпиз

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)