Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:10

Дүйнө

Түркия: Армиянын беделине доо кеттиби?

Европа Биримдигине мүчө болуу жараянынын алкагында Түркияда саясат айдыңында терең өзгөрүштөр орун алып келүүдө. Кийинки өнүгүүлөрдөн алып караганда эми кезек өлкөнүн таасири зор тармагы болгон Куралдуу Күчтөргө келген шекилдүү.

Түркия Армиясынын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг.
Текст көлөмү - +
1960- жылдан бери 4 жолу путч жасап өкүмөтү кулаткан Түркиянын куралдуу күчтөрү жумуруят курулган күндөн тартып өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда таасирдүү роль ойноп келди. Кансыз согуштун жылдарында НАТОнун эң күчтүү армияларынан саналган Түрк куралдуу күчтөрү уюмдун коргонуу стратегиясында да зор роль ойноду.

СССР ыдырап, Батыш үчүн коммунизм коркунучу жоюлган соң, Түркиянын коргонуу стратегиясы алмашты. Өзгөчө кийинки эки жылдын аралыгында армиянын ролу тууралуу коомдо түркүн пикирлер айтылууда. Айрыкча “Эргенокон” деп аталган чуулгандуу сот жараянынын жүрүшүндө отставкадагы бир нече генералдар абакка салынып, айрым генералдардын соода-медиа чөйрөлөрү менен тымызын тил табышканынын бетинин ачылгандан кийин, бул күчтүү мекеменин бедели жөнүндө коомчулукта түкшүмөл пикирлер пайда болду.

Өткөн айда өлкөнүн чакан гезиттеринен саналган "Тараф" басылмасы армиядагы айрым топтор мындан жети жылдай илгери премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл өкүмөтүн кулатыш максатында тымызын кутум даярдаганын ырастаган документтерди прокуратурага тапшырганда, өлкөдө чоң ызы-чуу чыкты.

Документтерге караганда, ошо кезде бир генерал бир сценарий даярдап, өлкөдө элди козгоп, путч жасоого ыңгайлуу шарттарды түзүш максатында Стамбулдагы бир мечитте бомба жардырууну, ал ишке ашпаса Эгей дэңизинде бир Түрк согуштук учагын атайын атып түшүрүп, бул аркылуу өкмөттү жаманатты кылууну жана анын натыйжасында өкүмөттү кулатууну пландаган.

Армиянын штабы андай доолорду чечкиндүү түрдө четке кагып бул армиянын беделин кетирүүнү көздөгөн чөйрөлөрдүн арам-ойлуу жалаасы экенин билдирди. Бул тууралуу жарандык жана аскердик прокурорлор тергөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Армиянын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг доо кылынган документтердин ‘аскерлер мечитте бомба жардырмак болчу’ деген бөлүмүнө абдан туталануу менен каршы чыкты:

Согушта Алла-Алла деп жортуулга барган бир армия кантип бир мечитте бомба жардыра алат. Сиздерден сурап жатам. Алла-Алла деп жортуулга барган бир армия кантип Кудайдын ыйык үйү мечитке бомба таштай алат? Мен бул кыянат жалааларды айтып, армияга көө сыйпаган абийирсиздерди жектейм”,- деп ачууланды генерал Илкер Башбуг.

Иш жүзүндө генерал Башбуг ‘Эргенокон’ деген аталыштагы операция жөнүндө же өткөн айда атайын бир соттун чыгарган чечими менен армиянын эң жашыруун имаратынын тинтилишине дагы эч кандай реакция көрсөтпөй, өзүнүн демократиялуу турумун байкатты. Анын бул мамилеси Economist журналынын кийинки санында чыккан бир макалада “Түркияда путчтар артта калды. Эгерде бүгүн аскерлер саясатка аралашпоону чечишкен болсо мында өлкөнүн заманбап генералы Илкер Башбугдун чоң ролу бар” деп чагылдырылды.
Макалада өлкөнүн куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн 1909- жылда “аскерлер саясатка аралашуунун ордуна армияны күчтөндүрүшсүн” деген сөздөрү эске салынып, “эч кур дегенде, арадан өткөн 100 жылдан кийин Ататүрктүн осуяты аткарылып жаткан шекилдүү” деген пикир айтылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
14.02.2010 22:29
Аскерлер арасында да "Алла-Алла" деп жүрсө да акчага сатылып кетип, мамлекетине кыянаттык кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. андайлар тарыхта болуп эле жатпайбы. Дүйнөнүн "коза ностралары" кимдерди гана өздөрүнө кызмат кылдырган эмес. Алардын чын жүзү бир күн болбосо бир күн ачыкка чыгат. Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда билинет деген сөз" бекер айтылган эмес. Түркиянын азыркы өкмөтү өтө туура иштерди жасап жатат, убагында элин, мамлекетин саткан саткындарды кандай тазалады. Азыр деле алардын калдыктары жок эмес. Биздин Кыргызстанга да азыркы түркиянын өкмөтүндөй өкмөт керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)