Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:36

Саясат

Ташкентте адам өмүрүн алган атышуу болду

Ташкентте милиция менен куралчан топтун ортосундагы атышуудан кеминде эки адам каза тапкан. Окуя өлкө Эгемендик күнүн майрамдаар алдында болду.

Белгисиз куралчан топ менен милиция күчтөрүнүн ортосундагы атышуу Ташкенттеги ушул "Кукча" мечитинен алыс эмес жерде жүргөн.
Текст көлөмү - +
Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, атышуу ушул ишемби, 29-августта кечке жуук болгон. Өзбекстандык интернет сайттардын бейрасмий булактарга, окуянын күбөлөрүнө шилтеме жасаган маалыматтарында атышуу эки кабат үйлөрдүн бирине кирип алган куралчандар менен ал аймакты курчоого алган милиция күчтөрүнүн ортосунда жүргөнү айтылат. Атышуу орун алган райондо шаардын №1 ооруканасы жана “Кукча” деп аталган ири мечит да жайгашкан эле. Атышуу кеминде жыйырма минутка созулган.

Өзбек расмий өкүлдөрү окуя боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берише элек, бирок өзбек интернет сайттарынын биринде өлкөнүн ички иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлү атышууну милициянын “кылмышкерлерге каршы” рейди катары мүнөздөгөн.

Ташкенттик адам укугун коргоочу, Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобу деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Сурат Икрамов өзбек башкалаасынын атышуу болгон районуна окуядан бир сааттан кийин барган.

Ал “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы менен маегинде өзбек бийликтери адам өмүрүн алган атышуу жөнүндө али ак же көк дебегендиктен шаар тургундары арасында түрдүү ушак-айыңдар жүрүп жатканын белгиледи:

- Атышуу болгон негизги жерге мен ал окуядан бир сааттан кийин бардым. Бул шаардын Шайхантаур району. Мен барганда атышуудан өлгөндөр же жаракат алгандар жок экен. Бирок милиционерлер абдан көп жүрүптүр. Ал жерге жакын жайгашкан көчөлөр, чолок көчөлөр бир чакырымдай радиуста жабылыптыр. Окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, ал жерде эки аял өлтүрүлгөн. Милиция формачан бир нече адам жаракат алып, алар атүгүл жакын арада жайгашкан №1 оорукананга жеткирилген. Мамлекеттик структуралар азырынча эч нерсе айтпагандыктан , шаарда азыр өлгөндөрдүн, жаракат алгандардын саны, дегеле окуя боюнча түрдүү ушак-айыңдар, жоромолдор жүрүүдө.

Укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, атышуу болгон жерге БТРлер да алынып келинген. Эл арасында атышуу ошол эле 29-август күнү Ташкенттин башка райондорунда болгондугу туууралуу маалыматтар айтылууда.

Окуя Өзбекстан Эгемендик күнүн жана Ташкент шаарынын 2200 жылдык мааракесин белгилер алдында орун алып олтурат. Кош майрамды утурлай өзбек расмий маалымат каражаттары башкалаада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашкан. Алдыдагы майрамдарга байланыштуу өзбек тарап террорчулар менен экстремисттердин өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу деген жүйөө менен 28-августтан тарта Кыргызстан менен чек арасын да жапкан эле. Адатта Эгемендик күнүндө өзбек президенти эле кайрылат, абактагыларга мунапыс берилет, майрамдык оюн-зооктор өткөрүлөт. Дегеле бул майрамды өзбек өкмөтү өлкөнүн жетишкендиктерин даңазалоо үчүн колдонот.

Буга дейре өзбек башкалаасында адам өмүрүн алган жардыруулар бир нече ирээт болгон.

1999-жылдын февралында Ташкентте өкмөттүк кеңселерди бутага алган жардыруудан 16 киши каза таап, 120дан ашууну жаракат алган.

2004-жылдын март –апрель айларында жанкечтилердин Ташкент менен Бухарада милицияны бутага алган жардырууларынан 50дөй киши каза тапкан.

2004-жылдын июлунда жакечтилер АКШ менен Израиль элчиликтерин бутага алышкан.

Өзбек өкмөтү бул кол салуулар үчүн Өзбекстан Ислам кыймылы, “Хизб-ут Тахрир”, “Ислам жихады” өңдүү уюмдарды айыпташкан.

Бул топтордун айрымдары чын эле ошол кол салуулар үчүн жоопкерчилик да алышкан болчу.

Президент Ислам Каримовдун режими маалымат каражаттарын катуу көзөмөлдөгөнүнө байланыштуу Өзбекстандын ичинен маалымат алуу кыйын. Андыктан эксперттердин көбү Ташкентте буга чейин болгон бомба жардыруулардын артында турган жагдайлар боюнча өкмөттүн да, согушчан уюмдардын да жасаган ырастоолорунан шек санашат.

Ал эми милиция менен куралчандардын кагылышуусу акыркы ирээт 25-26 – май күндөрү Ханабад жана Анжиян шаарында орун алган болчу. Ханабадда өзбек тарап “бандиттер” деп мүнөздөгөн топ милиция бекетине кол салса, Анжиянда жанкечти жардыруу жасаган. Аталган окуялардан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир нече күнгө жаап, расмий билдирүүдө Ханабадда кол салгандар коңшу Кыргызстан тараптан кирип келгени айтылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Гулнур каяктан: Бишкек
01.09.2009 16:25
Мен бул Өзбекстандагы окуяны өз ара атайын бир террорчулар кылып жатат деп ойлойм. Себеби, ал жактагылар кыргыздарга караганда калктары кыйла эле өжөр, жада калса бирин-бири жок кылууга даяр. Менимче, бул ок атышууга Кыргызстандын эч бир катышы жок дейм. Бул дагы бир коңшу мамлекетибиздин бизге болгон өзүнчө бир саясий политикасы.

кимден: Жоробаев СС каяктан: РФ
01.09.2009 11:45
Өзбекстандын жетекчилиги жарым феодалдык, жарым социалисттик маанайдагы кишилер, б.а. авторитардык башкаруунун бардык белгилери бар. Алардын проблемалары ушундан. Эгер өкмөтү бизге жамандык кылса биз оппозициясы менен сүйлөшүүбүз керек. Бул метод дүйнөлүк классика.

кимден: Диля каяктан: Бишкек
01.09.2009 11:24
Мен Өзбекстанда төрөлүп ошол жакта көп жыл жашадым. Алардын саясатын абдан жакшы билем. Азыр өзбек журтунда калк араң эле олтурат. Себеби, кысым ушунчалык күчөп кеткен. Адамдарды башка өлкөгө чыгуусуна ачык эле бөгөт коюлат.Башкача айтканда сырткы чөйрөдөн алыс кармап, элди маалымат алуудан тыйышат. Акыры буга чыдабаган эл каршылык билдирет да. Мындай окуялар буга чейин деле болуп келген, боло берет. Буга Кыргызстанды күнөөлөгөнгө болбойт. Өзбекстанда өз эли от чыгарып атат.

кимден: кыргызмын каяктан: кыргызмын
01.09.2009 10:05
өзбек өкмөтү кийинки учурларда бир жардыруу же болбосо кандайдыр бир ок атышуу болсо кыргыз өкмөтүнө жалаа жаап жатат. бул өтө эле көпкөндүк жана Кыргызстанды тоготпостук. эгер көпкөндү токтотпосо көргүлүктү дагы деле болсо көп көрөт. ошон үчүн кичине этияттап мамиле кылыш керек.

кимден: а каяктан: рн
01.09.2009 01:04
Кыргызстан менен чек араны кыса берсе өзбек туугандарда мындай проблеме али көп болот!!! Бул башталышы эле го дейм!!!

кимден: bakyt каяктан: bishkek
31.08.2009 21:13
Өзбекстанда ок атышуу болобу, бир сарайы өрттөнөбү, Кыргызстанга эле жабышып жатып калышат "ушулар кылышты" дешип. Эмне деген калк, булар? Деги, биздин бийлик буларга бир нерсе дей алышабы?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)