Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Дүйнө

Экономикалык мунапыс: Тышкы тажрыйба

Жарыяланган учуру: 07.09.2010

Кыргызстанда экономикалык кылмыш жасады деп айыпталган адамдар үчүн мунапыс жарыяланды. Ушул өңдөнгөн чаралар буга чейин бийлик алмашкан Грузия менен бийлик алмашпаган Казакстанда да колдонулган эле. Алар кандай жыйынтык берген?

Кыргыз президентинин 6-сентябрда жарыяланган жардыгына караганда, мунапыс көбүнэсе мурдагы эки президенттин тушунда аткаруу бийлигинде ар кандай деңгээлдеги кызматтарды аркалагандарга, банк чөйрөсүндө иштегендерге, мурдагы эки мамлекет башчынын үй-бүлөсүнө жакын тургандарга, балким алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жайылтылат. Алар мунапыска илинүү үчүн келтирген зыяндын ордун атайын комиссия аныктаган өлчөмдө кайтарып берүүсү керек.

Грузия

Грузия менен Казакстан өткөргөн мунапыс мүнөзү жана маңызы жагынан азыр Кыргызстанда жарыялангандан айрымаланат. Бирок Кыргызстан менен Грузиянын окшоштугу анын бийлик алмашкан учурда болуп жатканы. Грузин экономисти Давид Нарманиянын айтымында, азыркы президент Михаил Саакашвилинин учурунда экономикалык мунапыс 2005-жылдын башында бир эле жарыяланып, бир нече багытта болгон:

Давид Нарманиа
-Биринчи багыты мурда көмүскө экономикада иштеген бизнесмендер жана башкалар үчүн болчу. Экинчи багыт салык төлөөчүлдөрдүн 2004-жылга чейинки салык документтерин кайра карабоо жөнүндө, үчүнчү багыт мамлекеттик чиновниктер жана башкалар мурда каттатпаган мүлктөрү менен акча каражаттарын ачыкка чыгаруусу үчүн болгон. Алар ошондо декларацияланган мүлктүн же акчанын бир пайызын мамлекеттик бюджетке төгүшкөн. Бул бир эле жолу болуп, грузин парламентинде атайын мыйзам кабыл алынган. Анын артынан мамлекет мыйзамды аткаруу үчүн административдик чараларды жүргүзгөн.

Грузин экономисти Давид Нармания “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, мамлекет мунапыстын кыйыр жана түз пайдасын көргөнсүдү. Түз пайдасы мунапыстын натыйжасында мамлекеттик бюджет 100 миллион доллардай каражат алганы расмий жарыяланган. Ал эми кыйыр пайдасы катары төмөнкү жагдайды атоого болот:

- Мурда көмүскө экономикада айланган акча каражаттары менен мүлк азыр реалдуу экономикада. Андыктан алар улуттук дүң өндүрүштүн бир бөлүгүн түзүүдө, мамлекетке мурдагыга караганда көбүрөөк салык төлөнүп жатат.

Давид Нармания кошумчалагандай, экономикалык мунапыска Грузияда баары эле жапырт ишенип кетти деп айтууга болбойт. Саны жагынан анча көп эмес экенине карабай, каржысын жана мүлкүн ачыктабагандар да кездешти.

Казакстан

Экономикалык мунапысты Грузиядан айрымаланып, бийлик алмашпаган шартта өткөргөн Казакстанда эки ирет капиталды жана мүлктү легалдаштырууга басым жасалган. Ал өнөктүк алгач 2001-жылы өткөрүлгөн. Казакстандын Улуттук банкынын ошол кездеги төрагасы Григорий Марченко 2001-жылкы мунапыстын аркасында банктарга 480 миллион доллар түшкөнүн, бул иш чарага 3000дей адам тартылып, акчанын 88% накталай салынганын жарыяланган. Легалдаштырылган капиталдан салык алынган эмес. Казакстандык экономист Канат Берентаевдин айтымында, анда ачыкка чыккан акчанын көлөмү расмий түрдө 500 миллион доллардын тегерегинде деп жарыяланганы менен, бейрасмий эсептер боюнча 2 миллиард доллардан ашкан. Бирок мындан мамлекет түз пайда көрдү деп айтыш кыйын:

- Биринчи мунапыстын өзгөчөлүгү мында турган: адам келип менде легалдаштыруу үчүн мынча сумма бар деп айтып, эсебин жарыялагандан кийин, документтердин баары жок кылынган. Башкача айтканда бул жашыруун маалымат болгон. Адам бир заматта миллионер болуп калган, бул эмненин эсебинен, кайдан, эч кандай документ жок.

Казакстан андан кийинки экономикалык мунапысын 2007-жылы өткөрдү. Бул тууралуу экономист Канат Берентаев мындай дейт:

- Экинчи мунапыс айылдагы жашоочулардын мыйзамсыз курулуштары бар. Короосуна катталбаган утурумдук там, сарай салып алган, аларды мыйзамдаштыруу керек деген жүйөө менен өткөрүлгөн. Чынында мунун аркасында коттедж салып, же жер ээлеп алууга жетишкен аймактык элитанын көптөгөн өкүлдөрү мүлкүн мыйзамдаштырышкан. Алардын жалпы суммасы бир нече миллиард деп эсептелинип жүрөт, бирок кимдиги канча экендиги конкреттүү айтылбайт. Экинчи мунапыс аймактык элитанын кызыкчылыгында жүргүзүлгөн.

Экономист Канат Берентаев кошумчалагандай, Казакстанда мүлктү легалдаштыруу боюнча үчүнчү, бейрасмий өнөктүк да болгон. Ал элитанын, кен казуу тармагы менен алектенген, борбордук өкмөттө иштеген өкүлдөрүнүн ээлик кылган ишканаларынын баалуу кагаздарын эл аралык биржаларда жайгаштыруусу үчүн жасалган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: Эмир каяктан: Бишкек
07.09.2010 18:21

Экономикалык мунапыс, бул Роза Отунбаеванын президент катары, алсыздыгын дагы бир жолу айгинелеп турат. Отунбаева буга чейин эптеп Курманбек Бакиев олкодон чыгып кетсе болот эле, ошондо мамлекетте стабилдуулук орношуп калат деп аялдык кылып катуу чара коро алган эмес. Анын аркасы кандай трагедия менен бутконун озунор билесинер. Саясатта бул биринчи жана эн чон катасы болду.
Экинчи катасы мамлекетке тартип орното албай каламбы деген коркунучтан, олкого тышкы кучторду кийирууну суранып, мамлекет башчысы катары олкого оз алдынча тартип орното албастыгын жана алсыздыгын мойнуна алды.
Учунчу жана дагы бир кетирген чон катасы бул экономикалык мунапыс. Бул чечими дагы кылмышкерлердин алдындагы алсыздыгы, аларды чечкиндуу турдо жоопко тартуу колунан келбестигин мойнуна алуусу болуп калды.
Мына Роза Исаковнанын бийликке келгени менен, мамлекетти башкарып, тартип орнотууга даяр эмес экенин мумкунчулугу чектелуу экенин корсотуп койду.
Роза Исаковнанын бул кетирген уч катасы, аркасынан далай майда каталарды кетирууго чон жол ачып берет.
Бирок Отунбаева учурда элдин кокойуно кок таштай тийген жеп уурдагандан коррупциядан алыс болгондуктан эл андай каталарын кечирип аягына чейин чыдашат.

кимден: rus9 каяктан: Rossia
07.09.2010 18:01
En tuur kylasynar. Ichip jegenderdi 1 tyiynyna cheiyn tolotush kerek. Ryspek ababyzdyn aitkany bar emes bele" Kyrgyzstandyn karyzdaryn chinovnikterden ele tolotom degen". myiszamsiz menchikteshtirgen, mekemelerin mamleketke otkorush kerek.
     
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)