Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:50

Дүйнө

Пентагон Курандын өрттөлүшү боюнча кечирим сурады

АКШнын Коргоо министри Леон Панетта Ооганстанда Кошмо Штаттардын аскерий базасында ыйык Куран китеби өрттөлгөнү боюнча кечирим сурады.

"Баграмдагы" нааразылык, 21-февраль, 2012.
Текст көлөмү - +
Шейшембидеги билдирүүсүндө Панетта Кабулдун четинде “Баграм” аба майданындагы базада болгон окуяны Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Жон Алленден укканын айтты.

НАТОнун аскерлери бул жерде Куранды өрттөшкөнү жөнүндө кабар таркагандан кийин “Америкага өлүм!” деп кыйкырган нааразы топ Баграмдагы базанын жанына топтолду.

Генерал Жон Аллен ооган элинин жана өкмөтүнүн алдында бул боюнча “чын дилинен кечирим” сурады. Ал Куранды өрттөө алдын ала атайын жасалган окуя эмес экенин, жетекчилер бул жөнүндө билер замат эле аны токтотушканын айтты.

Жон Аллен
x
Жон Аллен
​​"Аскерлер “Баграмда” диний мазмундагы көптөгөн китептерди, анын ичинде Куранды да, өрттөгөнүн билер замат эле аны токтоттук, мен окуяны тез иликтөөнү буйрудум, - деди генерал. - Ал материалдар кайра калыбына келтирилип, диний жетекчилерге өткөрүлүп берилет”.

Курандын өрттөлгөнүнө зээни кейиген 2 миңдей адам шейшембиде “Баграмдын” маңдайындагы митингге чогулган. Айрымдар бөтөлкөлөргө куюлган майды күйгүзүп ыргытып жатышты, кээ бирөөлөрү базаны ташбараңга алышты, “Америкага өлүм!”, “Каапырларга өлүм!” деп кыйкырып турушту.

НАТОнун сакчылары болсо буга жооп иретинде желим ок менен атып, сырттан, жана асмандан тик учактан байкап турушту. “Франс пресс” маалымат агенттигинин фотожурналисти желкесине желим ок тийгенин кабарлады. Ал ушул жерге чогулгандардын ичинде кеминде жети адам желим октон жаракат алганын кошумчалады. “Баграмдагы” митингде эч ким өлгөнү тууралуу кабарланган жок.

Бир нече жүз адам бул күнү Кабулда да нааразылык митингине чогулушту.

Таштандыдан табылган...

Ооган провинциалдык кеңешинин жетекчиси Ахмад Заки Захед базадагы америкалык аскерий жетекчилер өрттөн сакталып калган “Курандын” 30га жакын нускасын ага беришкенин билдирди. Анын айтымында, китептердин айрымдары жарым-жартылай күйүп калган.

"Баграмдагы" нааразылыктын катышуучулары америкалык аскерлер өрттөштү деп эсептеген Курандын көчүрмөлөрүн көрсөтүштү
x
"Баграмдагы" нааразылыктын катышуучулары америкалык аскерлер өрттөштү деп эсептеген Курандын көчүрмөлөрүн көрсөтүштү
​​Захеддин айтымында, бул базада иштеген жергиликтүү беш ооган кызматкери базадан чыккан калдыктар өрттөлө турган жерде ыйык китептин нускаларын көрүп калышкан. Калдыктарды күйгүзүүнү ошол замат алар токтотушканын айтты.

Аллендин чын дилинен кечирим сурап жаткан билдирүүсүн ооган сыналгысы улам кайталап көрсөтүп жатат. Адатта, дал ушундай ыйык китепке карата орой мамиле же ушуга окшогон окуялар чет өлкөлүктөргө карата зордук-зобундун күчөшүнө алып келип жүрөт.

"Мен соңку окуя боюнча залал тарткандардын баарынан чын дилимен кечирим сурайм. Ооганстандын президентинен кечирим сурайм, бул ислам республикасынын өкмөтүнөн кечирим сурайм, жана эң эле башкысы, мээрман ооган элинен кечирим сурайм, - деди Аллен. - Мен бул окуяны заматта байкай калган жана аны убагында токтотууда бизге жардам берген жергиликтүү оогандыктарга ыраазычылыгымды билдирем".

Отко май куюп...

Курандын өрттөлүшү менен байланышкан нааразылык тууралуу алгачкы ирет айтылып жаткан жок. Былтыр апрелде АКШнын Флорида штатында чиркөөнүн башчысы Терри Жонс Куранды өрттөгөндө Ооганстанда бир нече күндүк нааразылык демонстрациялары болгон. Андагы тополоң-тоздо 10 адам өлүп, дагы ондогон киши жаракат алган эле.

Андан сырткары, ооган жеринде НАТОнун аскерлери да түрдүү бейжагым кылыктары менен жергиликтүү элдин кыжырына тийген учурлар биринчи жолу катталып жаткан жери жок.

Өткөн айда интернеттеги YouTube сайтында Пентагонду беймаза кылган бир видеоролик коюлган болчу. Анда төрт америкалык аскер өлтүрүлгөн талиптердин жасатына заара ушатып жатканы көрсөтүлдү. Окуя чоң жаңжал жаратып, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өзү ага кийлигишгенге, тыкыр иликтөөнү талап кылганга мажбур болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: iskender каяктан: moskva
23.02.2012 14:51
siler sa9satty tushunboi ele jaza beresiner alarda politika jok oshon u4un kol salat musulman olkoloruno biz kirbeybiz oshonu bilgile musulman olkosu amerika menen birikkende gana jakshy jashait amerikanyn maksaty duinonu basysh duinonu basyp karshy emes elem ekin4i sogush bolmok emes duino juzu birigip sssrge okshop

кимден: Мусулман каяктан: чет эл
23.02.2012 05:19
АКШ Алладан бир балээнин келишин кутуп жатышкансыйт анткени Куранды Алла озу кооруп сактап келе жатканы бул таарыхта ачык.Кыйматка чейин озгортпой,жоготпой сактоосун Алла оз кепилдигене алганын америкалыктар унутушканбы балээ баскырлар Амирикага барбай эле тургулачы!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.02.2012 23:15
Алсыз,кучсуз болсон албетте, эшиктен кирип тор меники дешет. Кааласа динине,ыйманына да заара ушатышат. Тилекке каршы дуйнодогу эн эзилген калктар мусулмандар. Бул бир - чындык.
Пикирге жооп

кимден: Meerim каяктан: Dubai
23.02.2012 03:55
Ke4iresiner ozunor emnesiner musulman emesinerbi. Biraz oilononup suiloo kerek da. Kantip musulmandar ezilgender dep aityp jatasinar. Sebepterin aityp berinizchi.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)