Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

ЧЕЧЕНСТАНДА КООПСУЗ БИР ДА РАЙОН КАЛБАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Чеченстанда эң тынч райондордун бири деп эсептелген Надтеречный районунда 12-майда чоң теракт болду. Райондук администрацияга караштуу сегиз имараттын сөлөкөтүнөн жалаң гана күл калды. Эрте мененки саат 10дор чамасында жардыргычтар менен толтурулуп, ичинде үч жанкечти олтурушкан «КамАЗ» администрация имаратына 30 кадам жетип-жетпей жарылган. «Натыйжада, 52адам өлүп, 197си оор жарат алышты» деп кабарлашууда дүйнөлүк маалымат агенттиктери.

«Чеченстандагы акыркы ири теракт референдумдан кийин өлкөдө саясий абал жакшырбай, тетирисинче, оорлошуп кеткенине ачык далил» деген жыйынтык чыгарышты белгилүү саясий аналитиктер. Чеченстанда март айында өткөн референдум эч кандай оң өзгөрүүлөрдү бербеди. Чечен калкына тынчтыкты орнотуу, ал эми жоочуларга мунапыс жарыялоо тууралуу берилген убадалары тууралуу Кремль акыркы эки ай ичинде сөз кылуудан өтө этияттанып калганы байкалды. Ал эми ушул мезгил аралыгында Чеченстанда канча жолу теракттар болуп, канча жолу федералдык күчтөр тарабынан «тазалоо» иштери өткөрүлгөндүгү жана канча адам белгисиз жоголуп кеткендиги тууралуу бүгүн так маалымат жок.

Орус бийлиги чечен проблемасын жөнгө салууда жиптин башы менен аягын жоготуп алгандыгын байкоо кыйын эмес. Президент Владимир Путин үчүн бул көрүнүш өтө опурталдуу. Анткени, алдыда парламенттик жана президенттик шайлоолор турат. Анын үстүнө, акыркы теракттын уюштуруучулары да ушул убакытты бекеринен тандап алышкан жок. Анткени, теракттан бир канча саат мурда Путин адатка айланган парламент алдындагы жылдык кайрылуусу менен ушул аптада чыга тургандыгын жарыя кылган эле. Эми президент бул жолку кайрылуусунда орусиялыктар алдында чечен проблемасын чечүү боюнча так, жандуу отчету менен чыгуусу абзел.
Путиндин айтымында:

- Бул өңдүү аракеттер Чеченстандагы абалды жөнгө салуу процессин токтотууга багыталгандыгын жакшы түшүнөбүз.

Негизинен президент тарабынан дайыма айтылып келген жогоркудай ишенимдүү сөздөргө эми ким ишенээри белгисиз. Акыркы сегиз жыл ичинде чоң 10, ал эми үч жылдын ичинде 17 жолу түрдүү майда жардырууларды баштан кечирген чечен элинде да президенттин коопсуздук тууралуу берген убадаларына ишеним оту өчүп баратат. Чеченстан администрация башчысы Ахмад Кадыров акыркы ири жардыруунун башында мурдагы Ичкерия президенти Масхадов турат деген ишеничте экенин билдирди. Ошол эле убакта өзүн Масхадовдун Маскөөдөгү расмий өкүлү деп атап жүргөн Ахмед Малсагов бул күнөөлөрдү кескин түрдө четке какты:

- Знаменское шаарчасында болгон трагедиялуу окуяга Ичкерия президенти Масхадовдун жана чечен каршылык көрсөтүүчүлөрүнүн эч кандай катыштыгы жок деп айта алам. Өзүңүздөр билесиздер, Масхадов бир канча жолу терроризмди жек көрөөрүн жана чечен каршылык көрсөтүүчүлөрү мындай иштеге барбай турганын айткан.

Чечен жеринде дээрлик күн сайын болуп туруучу теракттардын чеги азырынча көрүнбөйт. «Эл согуштан чарчады» деген оптимисттик көз караш өзүнүн күчсүздүгүн даңазалагандай. Масхадовчулар менен Басаевчилердин катары кеңейип, Маскөөдө «баары ойдогудай» жүрүп жатат деген ыр ырдалып турган кезде, Чеченстанда курман болгон адамдардын тизмеси дагы узарып баратат.

XS
SM
MD
LG