Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

ПУТИН ТЕРРОРИСТТЕРДИ ТҮП-ТАМЫРЫНАН БЕРИ КУРУТУУГА БУЙРУК КЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва шаары. http://gdb.rferl.org/5701B43C-3F6D-4D5C-B685-80F4A51D85F4_w203.jpg Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн террорчулукка арналган атайын жыйын өткөрдү. Өткөн ишембиде Москванын Тушино аба майданына жакын жерде болгон жардыруудан эки жанкечтиден тышкары башка да 15 адам курман болуп, түрдүү жаракат алган 59 адам ооруканаларга жаткырылган болчу. Акыркы маалыматтарга караганда, алардын ичинен 16 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Чечен жикчилеринин мамлекет башчысынын өкүлү өздөрүнүн бул жардырууга тийешеси жоктугун айткан.

7-июль күнү Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн өкмөт башчысы Михаил Касьянов, күч структураларынын жетекчилери жана башкы прокурор Владимир Устиновдун катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында терроризмге каршы күрөштү күчөтүү маселеси талкууланды. Владимир Путиндин оюнча, бир канча жолу кайталанган террористтик акттардан соң, эми чечен жериндеги жикчилерди бириктирип турган уюмдарды эл аралык терроризм менен байланышып тим болбостон, анын башкы, а балким, өтө коркунучтуу бөлүгү катары таануу керек:

- Бул адамдар менен тазалоо иштерин жүргүзүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Аларды жашынып жүрүшкөн үңкүрлөрдөн жана жер төлөлөрүнөн сууруп чыгып, жок кылуу керек. Чечкиндүү кыймылдар өтө чоң сактык менен өткөрүлүп, террористтер бизди түртүп жаткан провокация капканына түшүп калбашыбыз зарыл. Алар биздин аракеттерибизден жөндөмсүздүктү күтүп, бул аракеттер чечен калкына зыян тийгизүүсүн тилеп жатышат. Эгер мындай окуялар орун алса, калк Чеченстанда башталган жөнгө салуу аракеттеринен баш тартуусу ыктымал. Биз окуянын мындай өнүгүшүнө жол бербешибиз шарт.

Акыркы маалыматарга ылайык, жанкечки эки аялдын бири - Залихан Элихажиева Чеченстандын Курчалой айылынан экен. Бул маалымат жардыруу болгон жерде табылган паспорттун негизинде айтылат. Бирок, айрым серепчилер жардыруу болгон жерде табылган паспорттун чындап эле жанкечти аялга тиешеси бар экендигине ишенишпегендей.

- Биринчи кезекте, табылган документтердин жанкечти аялга кандай тиешеси бар экендигин аныктап, паспорттун кандай жолдор менен, кайсыл жерден алынгандыгын аныкташыбыз керек. Бул эле эмес, аталган адам менен байланыштуу бардык маалыматтарды карайбыз. Анткени, азыркы учурда биз аты аталган аялдын чындап эле бул террактка катыштыгы бар экендигин далилдегенибиз жок. Балким, башка бирөө мунун документинин негизинде кылмыштуу ишти аткаргандыр? Андыктан, азырынча эч кандай маалыматты туура деп айтуу мүмкүн эмес, - дейт Чеченстандын Ички Иштер министринин 1-орун басары Александр Хлыбов.

Интерфакс маалымат агенттиги өзүнүн белгисиз маалымат булагына шилтеме жасап берген кабарында, Залихан Элихажиеванын паспорту менен кошо Тбилиси-Москва авиа билети да табылгандыгы айтылат. Анткен менен грузиялык тарап бул маалыматты четке какты:

- Залихан Элихажиева наамындагы адам акыркы бир жыл ичинде Грузияда болгон эмес. Бул фамилия Грузия аба майданынан өтүшкөн адамдардын да катарында жок. Андан сырткары, бул адамга эч качан Грузия тараптан виза берилген эмес, - дейт Грузиянын Москвадагы элчиси Зураб Абашидзе.

Чечен жикчилеринин мамлекет башчысы Аслан Масхадовдун өкүлү өздөрүнүн бул жардырууга тийешеси жоктугун айткан.

XS
SM
MD
LG