Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

АЛЕКСАНДР ЛИТВИНЕНКО КАЗА БОЛДУ


Лондон шаарындагы ооруканада алты күн жаткандан кийин, мурдагы орусиялык тыңчы Александр Литвиненко 23-ноябрда кечинде каза болду. Батыш эксперттеринин пикиринде, аны Орусиянын коопсуздук кызматы өлтүрдү.

Литвиненко каза болгону жөнүндө Лондон шаарындагы University College деген оорукананын басма сөз катчысы Жим Даун жарыялады: "23-ноябрда кечки саат тогуздан 21 мүнөт өткөндө University College ооруканасында Александр Литвиненко каза болгонун биз кайгыруу менен билдиребиз. Ал биздин ооруканага өткөн жума күнү, 17-ноябрда алып келинген жана биздин доктурлар анын өмүрүн сактап калууга бардык мүмкүн болгон чараларды көрдү", - деди Жим Даун.

Көпчүлүк батыш эксперттеринин пикиринде, Литвиненконун өлүмү артында Маскөө турат. Ал 1-ноябрда кечинде ооруп жыгылган жана ошол күнү Лондон шаарында эки жолугушуу өткөргөн. Түшкө чейин ал бир мейманканада өзүнүн эски таанышы Андрей Луговой деген адам менен жолугуп сүйлөшкөн, бирок Литвиненко кийин ооруканада тергөөчүлөргө айтып бергенге караганда, Луговой менен кошо Владимир деген жигит болгон. Анын жолугушууга катышаары жөнүндө мурда сүйлөшүлгөн эмес жана Литвиненко таң калган. Ал жигит Литвиненкого чай сунуш кылган.

Түштөн кийин болсо Литвиненко башка жерде италиялык профессор Марио Скарамелла менен жолуккан жана коопсуздук маселелерине адистешкен ал профессор Литвиненкого - Орусиянын коопсуздук кызматы Лондон шаарында жашаган жана өлтүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын тизмесин түзгөнүн айтып, Литвиненкого ал тизмени берген. Тизмеге Литвиненконун да, Скарамелланын өзүнүн да ысмы киргизилген.

Скарамелла өзү 21-ноябрда журналисттерге - Литвиненкону орус коопсуздук кызматы уулантканына мен ишенем деп билдирди. 22-ноябрда болсо америкалык "Уолл стрит жорнел" гезитинде - өзү мурда орусиялык тыңчы болуп иштеген жана азыр Лондон шаарында жашаган Борис Володарский деген адам макала жарыялады.

Анын айтымында, 1954-жылы Алманиянын Франкфурт шаарында жашаган Георгий Околович деген антисоветтик саясатчыга Николай Хохлов деген тыңчы келген. Хохловдун айтымында, СССРдин КГБсы ага - Франкфуртка барып, Околовичти өлтүрүүгө тапшырма берген, бирок ал Околовичке келип, ага чындыкты айтып берип, өзү ошол жакта калып калган. Үч жылдан кийин Хохловду КГБ таллий менен ууланткан.

Литвиненконун өзүнүн айтымында, ага дагы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Борис Березовскийди өлтүрүүгө тапшырма берген, бирок ал Березовскийге барып, чындыкты айтып берип, аны менен иштешип калган. Окуя 1998-жылы Маскөөдө болгон жана Литвиненко кармалып, соттолгон, бирок сот аны актаган. Коопсуздук кызматынын төрагасы ал кезде Владимир Путин болчу, өлкөнү болсо Борис Ельцин башкарган. Президенттикке Путин келгенден кийин, 2000-жылы Литвиненко Лондонго көчүп кеткен. Анын азыр таллий менен ууланганы - мындан 50 жыл мурда Хохлов ууланганга коендой окшош деп жазат гезит.

Литвиненко - 1999-жылы Орусияда болгон бир нече жардыруу жөнүндө китеп жазып, аларды өлкөнүн коопсуздук кызматы өзү уюштурган деп чыккан. Андан тышкары ал - Мамлекттик думанын депутаты Юрий Щекочихиндин 2003-жылы ууланып өлгөнүн жана жакында Маскөөдө атактуу журналист Анна Политковскаянын атып өлтүрүлгөнүн тергеп жаткан.

Орус Думасы болсо үстүбүздөгү жылы - өлкөнүн улуттук коопсуздугуна зыян тийгизген адамдарды дүйнөнүн кайсы болбосун жеринде өлтүрүүгө уруксат берген атайын мыйзам кабыл алган.







Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG