Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Тарбагатайдагы буддист кыргыздар


Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда (видеотасмадан алынган сүрөт)
Тарбагатайлык кыргыз аял темир комуз кагууда (видеотасмадан алынган сүрөт)
Кытайдын Тарбагатай аймагынын Дүрбөлжүн ооданында будда динине ишенген 46 түтүн кыргыз үй-бүлө бар. Көбүнчө мал-чарбачылыгы менен күн өткөрүшөт. Оргочор тоосун этектеген ал боордошторго белгилүү кинорежиcсер Марат Сарулу менен бирге барып көрүшүп, баарлашып кайттык.

Кышкысын Күрө деген айылда жашаган бул кыргыздар учурда Майтас деп аталган жазгы конушта жаздашат.

Быйыл алтымыш жаштарга тайап калган Батынасын Атыган уулунун айтымында, Күрө айылында мурда кыргыздардын атайын сыйынуучу күрөсү болгон. 1735-жылы курулган «Кыргыз күрө» эки кылымдан кийин, тагыраак айтканда 1962-жылы чагылып ташталган. Учурда эч кандай калдыктары жок.

"Азыр чаган (моңгулдардын жаңы жыл майрамы) сыйактуу олуттуу учурларда Дүрбөлжүн шаарындагы моңгулдардын күрөсүнө барып, тооп кылып келебиз. Өлүм-житимде ошол жактан лама чакыртабыз. Башка учурларда үйдөгү асылган сүрөткө сыйынабыз. Ата-бабабыз ушул динге ишенип келиптир. Азырда ушундай, келечекте да ушундай. Аны улаштыруу биздин милдетибиз!" – деди Батынасын аксакал.

Анын үйүндө Бурхандын, Бан чийан ламанын жана «Кийе мөрүн» (Касиеттүү ат) деген канаттуу ак боз тулпардын сүрөтү катар илинген. Устунга арча кыстарылган. Мындайды ал жердеги көпчүлүк кыргыздардын үйүнөн көрүүгө болот.

Батынасын аксакал мусулман динин тутунган кыргыздарды «Ата-бабадан келе жаткан салтты бузган, улуттун, диндин саткыны» катары эсептейт.

Тарбагатайлык кыргыздар казак тилинде сүйлөшөт, бирок сарбагыш, барын, мундуз өңдөнгөн кыргыз урууларынан.

Ошол эле жердин дагы бир кыргыз тургуну Батыбайыр Төртей уулу - өзү мундуз, айалы барын уруусунан. Ал төрдө илинүү турган бурхандын сүрөтүнө кандайча сыйынаарын минтип айтып берды:

- Көптү сакта, көп көөнө көздү сакта, элди сакта, бала-чаканы сакта, балаа- казаадан как! асмандан жаадыр, жерден өндүр!

Мурда Оргочордо моңгулдар менен бирге чаган өткөрүп, казактар менен айтты белгилеп, байыркы нооруз айын майрамдаган кыргыздар да болгон.

Будда динине ишенген кыргыздарда диний билим алгандардын саны чектүү. Бир гана Чыбар-Агаш деген айылдан Иташ деген адамдын уулу Тибетке барып окуп, лама болуп келгенин ошол Майтастагы кыргыздардын оозунан уктук, бирок барып жолугууга мүмкүнчүлүк болбой калды.

Кошумча маалымат:
2000-жылкы жан башын аныктоодо Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын жан саны: Чөйчөк шаарында - 1498; Шиху шаарында - 7; Дөрбүлжүндө - 302; Саванда - 12; Толуда - 24; Чагантокойдо - 8; Кобыксарыда - 19.



Бектур Илияс,
Дүрбөлжүн-Үрүмчү-Дүрбөлжүн


P.S. Автордун жазуу стили сакталды

XS
SM
MD
LG