Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Фулбрайт программасына кантип өтсө болот?


Америка Кошмо Штаттарынын Билим берүү боюнча мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү 160 өлкөнүн атуулдары үчүн билим алуу жана илим изилдөө жаатындагы Фулбрайт программасына быйылкы жылга кабыл алууну баштады.

Документтер 15-майга чейин онлайн режимде алынат.

АКШ тарабынан бардык чыгымдары төлөнгөн бул программага магистратура жана аспирантураны уланткысы келгендер катыша алат. Гранттык негиздеги Фулбрайт программасына Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларын бүткөн атуулдары барып, Кошмо штаттарынан 1-2 жылдын ичинде магистрлик даража алып келе алат. Ал эми аспиранттар үчүн кандидаттык диссертациясын жазып, илимий изилдөөсүн АКШда улантууга шарт түзүлөт. Стипендияны утуп алгандарга студенттик J-1 визасы окууну бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө мекенине кайтып келип иштөө шарты менен берилет. Грант алуучулардын АКШнын университеттериндеги окуу акысы толук төлөнүп, ай сайын стипендия берилет. Медициналык камсыздандыруусу жана Кыргызстандан АКШга барып келүүчү жол киреси төлөнөт.

Бул программага кимдер катыша алат?

- Бакалавр же жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу диплому барлар, Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү,

- Катышуучу сөзсүз түрдө Кыргызстандын жараны болууга тийиш,

- Кандидаттык илимий даражасы бар атуулдар катыша албайт.

Ошондой эле башкы талаптардын бири англис тилин мыкты деңгээлде билүү болуп саналат. Башкача айтканда TOEFL сынагынан кеминде 80 балл алышы керек. Журналистика, саясат таануу, коомдук илимдер, укук, социология жана экономика тармагы боюнча тапшыргандардын TOEFL упайы 100 балдан жогору болушу шарт. Биринчи документтерди кабыл алуу турунан өткөндөрдүн англис тилин тапшырууга кеткен каражатын Фулбрайт программасы төлөп берет.

Аталган программага 2006-жылдан бери алты ирет тапшырып, бирок 2013-жылы - жетинчи жолкусунда гана кабыл алынып, бир жыл Америка Кошмо Штаттарынын эле эмес, дүйнөдөгү эң мыкты делген Массачусетс университетинде илимий долбоор жазып келген кыргызстандык Аида Каисева сынак тапшыруудагы өзгөчөлүктөргө кайрылды:

- Кимдир бирөө Фулбрайт программасына тапшырып жаткан болсо, менин айтарым, иш тажрыйбасы жана жазып жаткан долбоору, ошол долбоордун негиздери абдан жүйөлүү болушу керек. Арткы план деп койот, ошол арткы планында долбоорду аткарыш үчүн талапкердин даярдыктары кандай жана канчалык деңгээлде өз долбоорун коргой алары өтө маанилүү. Мыкты долбоор жазуу жана анын келечектеги максаттарын көрсөтө алса жакшы. Андыктан англис тилин, айрыкча жазма англисчени мыкты деңгээлде билүү - башкы артыкчылык. Пайдубал бекем болсо, программаны жеңип алуу шансы да жогорулайт. Алгач документтер, жазган долбоор онлайн аркылуу өткөндөн кийин, бул жакта маектешүү жүрөт экен. Ошол оозеки жолугушууда да өзүң жазган долбоорду жогорку деңгээлде жактай алгыдай болушуң керек.

Талап кылынган документтер:

- Онлайн режимде толтурулган анкета,

- Расмий тастыкталган дипломдордун англис тилине котормосу менен көчүрмөлөрү,

- Үч сунуш кат, башкача айтканда иш ордунан же университеттеги мугалими, деканы же ректорунан талапкерге мүнөздөмө берген кат,

- TOEFL же GRE/GMAT сынактарын тапшырганы тууралуу сертификат,

- Резюме, өмүр баян жана программага катышуу максатын көрсөткөн долбоор боюнча эссе,

- Паспорттун копиясы.

Программага тапшыруучулардын жашы чектелбейт, илим изилдегиси келгендер, англис тилин мыкты билгендер үчүн долбоор гана жазуу өтө маанилүү. Быйылкы Фулбрайт программасына кабыл алуу февралдан тарта башталды. Кошумча маалыматты Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин веб сайтынан таба аласыздар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG