Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

"Сүтак" Карловы Варыда көрсөтүлдү


"Сүтак" тасмасы Мирлан Абдыкаловдун дебюттук эмгеги.
"Сүтак" тасмасы Мирлан Абдыкаловдун дебюттук эмгеги.

Чехияда Борбордук жана Чыгыш Европадагы эң ири кинофестивалдардын бири саналган Карловы Вары фестивалы өтүп жатат. Быйыл бул иш-чара өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилөөдө. Кыргызстандан бул ирет режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” аттуу толук метраждуу тасмасы катышты.

Эл аралык кинофестивалды режиссер Орен Мовермандын “Ойлоо үчүн тыныгуу” деген тасмасы ачты. Башкы ролду аткарган белгилүү актер Ричард Гир фестивалдын ачылыш салтанатында дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн “Хрустал глобус” сыйлыгына татыды.

"Сүтак"тын режиссеру Мирлан Абдыкалыков
"Сүтак"тын режиссеру Мирлан Абдыкалыков

Бул жылы кинофестивалдын конкурстук программасына Франция, Италия, АКШ, Украина, Чехия жана башка өлкөлөрдөн тандалган 13 тасма катышты. Кыргызстандан быйыл режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.

Фильмдин сценарийин Актан Арым Кубат менена Эрнист Абдыжапаров жазган. Ал эми тасманын продюсерлери Садык Шер Нияз жана Алтынай Койчуманова.

Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова бул тасмада жөнөкөйлүк жана кыргыз үй-бүлөсүнүн ичиндеги даанышмандык камтылганын сүрөттөйт:

- Быйыл Кыргызстандан негизи эки тасма тандалган. Биринчиси - Лариса Шепитьконун эмгеги. Бул режиссердун дипломдук иши - "Аптап" аттуу тасма Кыргызстанда тартылган. Дал ошол фильм тандалып алынды. Ошондой эле жайында "Сүтактын" фестивалга өткөнү да маалым болду. Негизи бул тасманы бардык кыргызстандыктар, өзгөчө мектеп окуучуларынын баары көрсө жакшы болмок. Себеби бул тасмада жөнөкөйлүк, ошону менен бирге адамдардын өз ишине бологон сүйүүсү камтылган. Алыскы айылда жашаган үй-бүлөнүн ичиндеги майда көйгөйлөр, келин-кайнене ортосундагы келишпестик чагылдырылат. Бирок каармандар бул нерсенин баарын сыртка чыгарбайт, бири-бирине көрсөтпөйт. Аларды бириктирген, алар өз убактысын, жан дүйнөсүн арнаган иш бар.

“Сүтак” тасмасынын фестивалдагы дүйнөлүк премьерасы тууралуу тасманын продюсерлеринин бири, кинорежиссер Садык Шер-Нияз “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди:

- Карловы Вары фестивалы дүйнөдөгү “А” тобундагы эң чоң он беш фестивалдын бири. Бул жердин көрүүчүлөрү да дайын экен. Маселен, көп ушундай иш-чараларга барганда залдар толобу деп кыжаалат болсоң, бул жакта бир-эки жума мурда эле билеттин баары сатылып кетет экен. Батпагандар көчөдөн көрүшөт. Айтор уюштуруу жагы да мыкты болгондуктан, атмосфера эң сонун. Биздин кино көрсөтүлгөндөн кийин да көрүүчүлөр калып, суроо узатышты. Алар негизинен Кыргызстан жана андагы элдин жашоосу, фильм тууралуу сурап жатышты. Мына ошол суроолордун көптүгүнө караганда “Сүтактын” дүйнөлүк бет ачары мыкты деңгээлде өттү деп ойлойм. Фильм фестивалдагы “Чыгыш-Батыш” сынагында башкы байгеге ат салышууда. Буюрса, эми жыйынтыгын күтөбүз. Сынакка катышуунун өзүн дагы бир чоң жеңиш деп эсептесек болот, анткени быйыл Украинадан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир эле ушул Кыргызстан катышууда.

"Сүтак" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Карловы Вары фестивалында болду.
"Сүтак" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Карловы Вары фестивалында болду.

- Акыркы жолу биздин билишибизче, 1999-жылы Кыргызстандан режиссер Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир” тасмасы катышкан эле...

- Ооба, ал жөнүндө да эстеп жатышты, кызыгы ошол “Беш кемпирде” Мирлан Абдыкалыков каармандардын биринин ролун аткарган. Эми мына өзүнүн дебюттук тасмасы менен ушундай чоң иш-чарага катышып атат.

- Азыр сыйлыкка жетет деп үмүт кылып туралы, негизинен тасманын келечегине кандай баа бересиз?

"Сүтактын" продюсери, режиссер Садык Шер-Нияз
"Сүтактын" продюсери, режиссер Садык Шер-Нияз

- Ушундай чоң “А” тобундагы фестивалда көрсөтүлгөнү чоң сыймык. Соңку жыл Кыргызстан үчүн жеңиштүү, жемиштүү жыл болду деп айтсак болот. Маселен, “Курманжан Датка” фильми Монреалдагы “А” тобундагы фестивалга катышып, бет ачары ошол жакта өттү. Андан кийин Марат Сарулунун “Көч” деген фильми Таллиндеги фестивалдан байге алды. Ошентип үчүнчү фильм бир жыл ичинде ушул “А” тобундагы фестивалдарга катышып атат. Бул кыргыз кинематографиясынын жакшы жолго чыгып алгандыгы деп ойлойм. Бул жолго чыгуу биз үчүн абдан кыйын болду. Себеби Кыргызстанда өзүңөр билгендей каражат жакшы каралбайт. Ал эми бул фильм жеке студиялар тарабынан тартылган “Айтыш” жана “Оят” студиялары. Бул дагы жакшы жышаан, анткени бир гана өкмөттөн жардам күтпөстөн жеке жарандар дагы кино жаатына өз салымын кошуп, биздин тасмалар ушундай эл аралык деңгээлге чыга баштады.

Быйыл Карловы Варыдагы фестивал өзүнүн 50 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Мааракенин урматына бул ирет дүйнөлүк кинематографисттердин эмгектеринин ретроспективалары (өмүрүнүн ар кыл маалында тарткан эмгектери) көрсөтүлөт. Алардын арасында 1979-жылы каза болгон советтик режиссер Лариса Шепитьконун да тасмалары да бар.

Фестиваль биринчи жолу 1946-жылы Чехиядагы Марианске Лазне курортунда өткөн. Эки жылдан соң ал конкурстук иш-чарага айланган.

XS
SM
MD
LG