Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Үй талашы бир бүлөнү көчөдө калтырды


Талашка түшкөн үй
Талашка түшкөн үй

Өзгөн районунун тургуну Айнагүл Карабаева алты баласы менен көчөдө калды. Ал 20 жыл илгери сатып алган үйүн мурдагы ээси документтерин жасап, дагы башка бирөөгө соодалап жибергенин айтууда.

Үйдүн жаңы кожоюну кыштын суук күндөрүнө карабай, Карабаеваны балдары менен сыртка чыгарып койду.

Айнагүл Карабаева жолдошу экөө 1995-жылы Өзгөндүн Куршаб айылынан үй сатып алышкан. Бул аралыкта турак жайдын документин алар өздөрүнүн атына өткөрүүгө маани бербей коюшат. Жыйырма жыл өткөндөн кийин үйдүн мурдагы ээлери келип, Карабаевалар жашаган үйдү кайрадан башка бирөөлөргө сатып жиберген.

- Ошол кезде 5 миң сомго сатып алганбыз. Бул акча ал кезде чоң каражат болчу, кеминде 10-15 бодо мал келет болчу. Алды-сатты деген кагазыбыз, колу-коңшулардан күбөлөр, бардык документтерим бар. Анан ошол күндөн ушул күнгө чейин жашап, 17-ноябрда мени үйдөн зордук-зомбулук менен чыгарып салышты. Милициясы, сот аткаруучулары келип, мени балдарым менен сүйрөп чыгышты. Жүктөрүмдү болсо үйдүн сыртына ыргытып жиберишкен, ал кардын астында чирип бүткөнү калды. Менин болгон күнөөм - үйдү өзүмдүн атыма өткөрүп койбогондугум. Үй мурдагы кожоюндардын атында калып калгандыктан, алар кайра башка бирөөгө сатып жиберишиптир.

Айнагүл Карабаева
Айнагүл Карабаева

Үйдүн мурдагы ээси Зайнабидин Шарипов аттуу киши Орусияга кеткен боюнча жоголуп кеткен. Турак жайды экинчи жолу анын жубайы Анаркан Мамасалиева 250 миң сомго соодалаган. Учурда алардын экөөнөн тең эч кандай кабар жок. Айласы кеткен Айнагүл Карабаева учурда үйдүн жаңы ээлери менен соттошууда:

- Алты балам менен талаада калдым. Буга жардам сурап барам, тигиге барам - жардам берген адам жок. Айыл өкмөт башчы Жуманазар Калбаев бир да көңүл бурбай койду, аким деги кимсиң деп койгон жок. Сотторуң болсо акчасы бар адамдын гана ишин карайт экен, ал жактан да утуру утулуп калып жатам. Эми бир гана айлам калды, жогорку бийликтерден гана үмүт кылам. Президент Алмазбек Атамбаев, премьер Темир Сариев, ушул ишке акыйкат карап, менин үйүмө киргизип коюшуңузду суранам...

56 жаштагы Айнагүл Карабаеванын жолдошу бир нече жыл мурда каза болуп калган. Документтик калпыстыктын айынан эми ал минтип алты баласы менен кыштын ызгаар чилдесинде көчөдө калып отурат. Учурда ал бир күнү туугандарыныкында, дагы бир күнү кошуналарыныкында күн кечирүүдө.

Коңшуларынын бири Гүлнара Эгембердиева буларга токтолду:

- Маселен, биз бул жерге 90-жылы көчүп келгенбиз. Ал эми Айнагүл эжелер 95-жылы ушул Мамат Орозбаев көчөсүнүн 88-үйүн сатып алышкан. Ал кезде буттары иштебеген, майып күйөөсү бар эле. А бул үйдө мурда Зайнабидин деген киши менен Анар деген арыкчырай келин жашайт болчу. Ошолордон биздин көзүбүзчө сатып алып, толук жыйырма жыл ушул жерде жашап келаткан. Эми жаңы сатып алган кишилер да күйүп аткандыр, бирок ушунча жыл жашап, анан үйүн алдырып ийсе, Айнагүл эжеге да оор да. Чындык болсо үй Айнагүл Карабаеваныкы болмок. Азыр балдары менен кыштын ушундай суук күндөрү көчөдө калды. Балдарын деле биз бир күн багабыз, бир күнү тигиникинде, бир күнү туугандарыныкында. Анан эми алар деле бул кишинин үй-бүлөсүн күндө бага албайт да.

Ал эми үйдү сатып алган Жанна Ахмеджанова документтердин баары мыйзамдуу болгонун айтууда. Анын белгилешинче, соттун чечимин эки тарап беш жыл күткөн:

Жанна Ахмеджанова
Жанна Ахмеджанова

- Бизге үй саткан Анаркан Мамасалиева 2010-жылы мыйзам аркылуу Айнагүл эжелерди чыгарып, бизге үйдүн ачкычын берип кеткен. Анан турак жайдын ичинде эч нерсеси жок болгондуктан, биз иштеп келели деп, күйөөм экөөбүз Орусияга кеткенбиз. Биз кеткенден соң үч күндөн кийин эле Айнагүл эже кулпуну бузуп үйгө кирип алыптыр. Ошондон бери биз талаада 4-5 жыл жүрүп, быйыл келдик. Соттошуп атып, акыры уттук. Бир эмес, үч жолу сот биз тарапка чечип берди. Аягында келип, аларды сот аткаруучулар үйдөн чыгарып беришти. Мурда эмне окуялар болгону менен биздин кандай ишибиз бар? Биз деле кадимкидей эле мыйзам жолу менен үй сатып алдык да. Биз деле балдарыбызды ар кимдин үйүнө таштап жүрүп, тытынып жүрүп тапкан акчабызга сатып алганбыз бул үйдү. Бизде не айып?

Айнагүл Карабаеванын сыртта кар алдында калган жүктөрү
Айнагүл Карабаеванын сыртта кар алдында калган жүктөрү

Кантсе да бул чырга жергиликтүү бийликтер кандай мамиле кыларын билбей калышкандай. Куршаб айыл округунун жетекчиси Жуманазар Калбаев мындай дейт:

- Бул эжеге мурда колубуздан келишинче жардам кылчубуз. Айылда жакыр жашагандардын тизмесине киргизип, тамак-аштан, балдарына кийим-кечеден, көмүрдөн көмөк кылып келчүбүз. Анан эми үй талашы чыгып кетип, минтип алдырып ийип отуруп калды. Анын баарын Мамлекеттик каттоо кызматы, анан сот чечет экен да, биз ага кирише албайт экенбиз. Азыр эми Айнагүл эже туугандарыныкына жашаганы кетти деп укканбыз. Бизден келип жашаганга жай сураган жок. Эми эгер сураса деле биздин айыл округда эч кандай батир жок да. Эртең батир таап бере алам деп айта албайм.

Социалдык кызматкерлер Айнагүл Карабаеванын эки перзентин Мырза-Аке айылдык балдар интернатына өткөрүп беришти. Калган балдары учурда анын тууган-уруктарыныкында жашап жатышат. Ал эми эки тараптын талашы эми Ош облустук сотто каралмакчы.

Кенебестиктен көчөдө калган үй-бүлө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG