Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:24

Борбор Азия

Казакстан: нааразылыкка уруксат жок

Алматыда ишембиде казак оппозициясынын митинги өттү. Жарандык активисттер жана саясатчылар парламентке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуяларды акыйкат иликтөөнү, оппозициянын камактагы өкүлдөрүн бошотууну талап кылышты. Митингден кийин аны уюштурган айрым лидерлерди полиция кармап кетти.

Алматы, 28-январь, 2012
Текст көлөмү - +
Ишембидеги митингди Казакстанда “Азат” деп аталган жалпы улуттук социал-демократиялык партия уюштурган. Алматыдагы жыйынга бул күнү миңдей адам келди.

Митингчилер Абайдын эстелигинин жанына чогулмак. Бирок ал жакты полиция курчоого алган болчу.

Чогула баштаган элге прокурор кайрылып, митингге уруксат берилбегенин, элдин таркап кетишин сурады.

Бирок чогулгандар эч жакка кетишкен жок. Полиция айрым жерде үч катар тосмого туруп, байкоо салып турду.

"Биздин акчабыз дайыма уурдалып жатканынан тажап бүттүк, - деп митингди ачты “Азат” партиясынын теңтөрагасы Болат Абилов. - Алар мамлекеттик бюджеттен миллиарддарды жеш үчүн шайлоолордо миллиондордун добуштарын уурдашат. Эртеден кечке теледен Астананы, бүтпөгөн майрам-тойлорду, түгөнбөгөн сарайларды көрсөтүшөт. Ошону менен алар социалдык ажырымды, теңсиздикти курчутуп жатышат".

Абилов президент Нурсултан Назарбаевден Жаңы-Өзөндөгү окуялардын кылдат иликтенишин, оппозициянын камактагы өкүлдөрүн, журналисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылды.

Андан сырткары, Абилов Казакстан Орусия сунуш эткен Евразия биримдигине киришине да каршы экенин айтты.

"Мен сиздерди бийликти кулатууга чакырбайм, мен сиздерди Конституцияга каршы барууга чакырбайм, - дейт эл алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн дагы бири, сүрөтчү Канат Ибрагимов. - Мен сиздерге бүгүн конституциялык укугуңуздарды коргоп калышыңыздар керек дейм!".

Партиянын теңтөрагаларынын дагы бири Жармахан Туякбай шайлоого катышкан жалгыз оппозициялык партия утулуп калганына ишенбей турганын айтты.

“Биздин бүгүнкү бийлик Казакстанда башкача ойлонгон жарандар жок деген саясат жүргүзүп жатат. Андай болбосо, чындап эле өткөн шайлоодо жалпы элдин сөзүн айтып жүргөн социал-демократиялык партия (“Азат”) болгону 1,5% добуш алды дегенге ишенесиздерби?!” - деп элге суроо салган Туякбайга чогулгандар жооп иретинде кыйкырып жатышты.

Митингге келгендер Жаңы-Өзөндөгү каргашалуу окуяларда мерт болгондордун арбагына багыштап бата кылышты.

Митинг ушинтип эле тынч бүткөнсүгөн. Бирок алдын ала күтүлгөн окуя ал бүткөндөн кийин башталды.

“Азат” партиясынын теңтөрагалары Жармахан Туякбайды, Болат Абиловду, партиянын баш катчысы Амиржан Косановду, оппозициянын лидерлеринин дагы бири Амирбек Тогусовду полиция кармап кеткени, кийинчерээк сот болгону маалым болду.

Аларды сот уруксат берилбеген жыйын өткөрүшкөн деп таап, экөөнү 15 суткага, бирөөнү 18 суткага абакка отургузду. Дагы бирин 30 миң теңге (же 200 доллардан ашыгыраак) айып пул төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Бүгүн болсо Алматыда оппозициянын башка активисттери маалымат жыйынын өткөрүп, партиянын камалган лидерлерин бошотууну бийликтерден талап кылышты.

Алматыдагы митинг: 28-январь, 2012.

​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ыклас каяктан: бишкек
31.01.2012 17:46
Казак биртуугандарыбызга кудай ынтымак биримдик берсин.Биз көргөн кандуу кагылыштарды көрбөсө экен. Назарбевге кудай инсап берип элинин бүтүндүгүн мамлекеттин биримдигин ойлоп , биздин эски Акаев жана Бакиев ажолорубуздан мисал алып, тагын тынчтык жолу менен өткөрүп берсе жакшы болот.

кимден: Нурлан каяктан: Бишкек
31.01.2012 17:43
зато они хорошо живут, чем недовольны, им всегда мало, экономика растет, Астана только чего стоит, а авторитарный режим я несогласен, это порядок чтобы было

кимден: Шамиль каяктан: Талас
31.01.2012 14:35
Назарбаевдин авторитардык режими чирип кулаарына аз калганы айдан ачык болуп калды. Карапайым элди кордогон бийлик эч качан женишке жетпейт. Кандай гана болбосун озунун конституциялык укугун коргоп чыккан карапайым Казак боордошторго кудай куч кубат берсин. Тандын да атаары бар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине