Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Ош: ымыркайын саткан келин үй камагында


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто өз баласын 15 миң сомго саткан келин кармалды. Кара-Суу районунун тургуну никесиз төрөгөн перзентин туугандарынан жашыруу үчүн ушундай жолго барган.

Баланы келиндин өзүнүн эле айылдашы сатып алган. Төбө чачты тик тургузган бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 27 жаштагы тургуну мындан бир ай мурда, 19-декабрь күнү көз жарган. Төрөттөн үч күндөн кийин эле уулун өзүнүн айылдашына 15 миң сомго сатып жиберет.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев келин никесиз төрөгөнүн жашыруу үчүн ушундай кадамга барганын билдирүүдө:

- Төрөгөн келин мурда турмушка чыгып, ажырашып кетиптир. Эч жерде иштебейт экен. Күйөөсү жок төрөп койгонуна уялып, ата-энесине айтпастан, ушул жолго барган. Ал эми баланы сатып алган жубайлар "бала багып алсак" деп жүрүшкөн экен. Эки үй-бүлө тааныш болгондуктан, 27 жаштагы келин төрөгөндөн кийин берки аялдын баласы кылып каттатып коюшат. Ал өзүм төрөдүм деп, анан андан ары Орусияга кетүүнү көздөгөн экен.

Окуя боюнча адам сатуу, документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө жүрүшүндө, ымыркайды сатып алган 36 жаштагы жаран буга чейин Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган. Ал бала менен кошо чет жакка учканы жатканда колго түшкөн:

- Төрөлгөндүгү тууралуу аныктама акыркы үлгүдөгү, заманбап техникалар менен жасалгандыгы белгилүү болду. Андай аныктама облас аймагындагы бир да төрөтканадан берилбегени жана мөөрү жасалма экени аныкталды. Ортодо документ жасап берген дагы бир жаран издөөгө алынды. Ал эми баласын саткан келин менен сатып алган аялдан Кыргызстандан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып, үй камагына чектелди. Учурда тергөө иштери дагы уланууда, - дейт Ош облустук милициянын маалымат кызматкери Жеңиш Ашырбаев.

Күч кызматтары кабарлагандай, наристе учурда аны сатып алган эненин колунда. Баланы багып алган келин да, ымыркайдын энеси да жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Кара-Суу районунун социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Куттубек Абдуллаев окуяга укук коргоо органдары гана чара көрүшү керектигин билдирүүдө:

- Кара-Сууда буга чейин бала саткан бир да факты катталган эмес. Бул биринчи факты болуп жатат. Кайсы айыл өкмөт, кайсы айыл экенин тактап, жарандардын аты-жөнүн билгенибизден кийин гана биз да иликтөөгө алабыз. Бала сатууга эмне негиз болгон, кантип сатты, буга ким жол берди, келиндин жашоо-шарты кандай, жергиликтүү социалдык адистер буга эмнеге көңүл бурган жок - баарын териштиребиз. Ошондон кийин гана кайрадан укук коргоо органдарына билдирүү берип, мыйзамдын негизинде чара көрүүсүн өтүнөбүз.

Ымыркайды өз энеси соодалап жиберген факты Ошто биринчи жолу катталып жаткан жок. Өткөн жылы өзгөндүк 46 жаштагы аял төрт айлык баласын 20 миң сомго сатып жаткан жеринен Ош шаарында кармалган эле. Бул көрүнүштүн кез-кезде чыга калып жатканын адистер социалдык көйгөйлөр менен байланыштырат.

"Баланы сатууга азгыргандар болушу мүмкүн"

“Ар бир балага үй-бүлө” коомдук бирикмесинин жетекчиси Зейнеп Эшмуратова бала сатууга үй-бүлө пайдубалынын боштугу себеп дейт:

- Бул биринчиден, ата-энелер балага карата жоопкерчиликти, административдик жоопкерчиликти билбегенден улам болуп жатат. Экинчиден, үй-бүлөлүк ресурстарды бекемдеген, үй-бүлө менен түздөн-түз иш алып барган мамлекеттик структуралардын ишинин чабалдыгы себеп. Ажырашуулар көбөйүп атканы, толук эмес үй-бүлөлөрдүн арбындыгы да ушундай кесепеттерге алып келет. Көп мезгилде эне өзүнүн көйгөйү менен өзү калып калып атат да, ал ушундай мыйзамсыз жолдорго кириптер болуп атат. Буга балким мобу миграциянын күчөшү да таасирин берип аткан болушу мүмкүн.

Эшмуратова ошондой эле алсыз келиндерди азгырып, балдарды алып-сатуу менен алектенген атайын топтор бар экенин да четке какпайт:

- Адам сатуу менен алектенген атайын топтор бар экенин күч кызматтары деле тастыкташат. Маселен, келиндерди сексуалдык эксплуатацияга же жигиттерди кулчулукка сатып жиберген фактылар буга чейин бир нече ирет ашкере болгон. Биз балдарды сатуу менен алектенгендер да бар деп ойлойбуз. Алар атайын алсыз үй-бүлөлөрдү таап, өзүн-өзү бага албаган, баласынан баш тарткысы келген кыз-келиндерди азгырып, балдарын сатууга түртүшү мүмкүн.

Кыргызстанда соңку жылдары карачечекей баласын бейтааныш адамга сатып жиберген окуялар арбын кездешүүдө. Өткөн жылы эле бала сатуу боюнча өлкөдө беш-алты факты катталган.

Былтыр жыл башында Кочкор районунун 26 жаштагы тургуну беш айлык кызын бир койго соодалап жаткан жеринен кармалса, жыл ортолоп Таласта ажырашкан үй-бүлөнүн атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар тараган. Ысык-Көл облусунда дагы бир эне 3,5 жаштагы баласын караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго сатып жибергени маалым болгон.

Андан көп өтпөй Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылган. Келиндин айтышынча, күйөөсү эки жашар уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы асырап алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айткан.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, учурда сотто каралууда.

Укук коргоочулардын айтуусунда, Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар көп катталат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG