Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Косово УЕФАга мүчөлүккө талаш менен өттү


Косово делегациясынын мүчөлөрү сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алышты. Будапешт, 3-май, 2016-жыл.
Косово делегациясынын мүчөлөрү сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алышты. Будапешт, 3-май, 2016-жыл.

Европанын футбол уюму - УЕФА кечээ Косовону өзүнүн мүчөлүгүнө кабыл алды. Бирок Косовонун көз карандысыз өлкө катары макамы айрымдарда суроо жараткандыктан бул маселе саясий талаш-тартыштар менен да коштолду.

Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялаган Косовонун бийликтери УЕФАнын 4-майдагы чечимин тарыхый жана жаш мамлекеттин “адаттан тыш ийгилигин” күбөлөндүргөн учур катары сыпатташты.

Ошентип Европанын футбол ассоциациясынын 55-мүчөсү болуп калган Косовонун талапкерлиги добушка салынганда, шайлоого катышкан өлкөлөрдүн 28си колдоп, 24ү каршы чыгышты, эки бюллетень жараксыз болуп калды:

- Биздин эл аралык деңгээлде ойноого укук алып жатканыбыз, он алты жылкы изоляциядан кийин УЕФАнын мүчөсү болгонубуз маанилүү. Эми жакынкы аралыкта ФИФАнын толук кандуу мүчөсү болобуз деп үмүттөнөбүз. Бул туура учурда кабыл алынган туура чечим, тарыхый кадам болду, - деди Косовонун футбол федерациясынын баш катчысы Эрол Салиху.

Эл аралык коомчулук толук тааный элек бул өлкөнүн мүчөлүгүн дүйнөнүн футбол федерациясы – ФИФА келерки аптада Мексикада өтүүчү конгрессинде караган жатат. ФИФА буга чейин Косового жолдоштук мелдештерге катышууга уруксат берген.

Косоволук футбол күйөрмандар.
Косоволук футбол күйөрмандар.

Эгер ал эми ФИФАнын мүчөлүгүнө алынса, 2018-жылы Орусияда өтүүчү чемпионаттын тандап алуу оюндарына катышуусуна жол ачылат.

УЕФАнын Будапешттеги конгрессинде болсо Косовонун мүчөлүгүнө каршылардын көч башында, албетте, Сербия менен Орусия турду.

Сербиянын футбол федерациясынын президенти Томислав Караджич УЕФАнын конгрессинде сүйлөгөн маалда буларды айтты:

- Кырдаал кыйла эле оор, анткени, бул жерде таяныч болуучу нерселер бузулуп жатат. Анткени, футбол бүгүн жөн эле спорт эмес, андан да чоң маселе. Мен футбол федерациясынын президенти катары өзүмдүн өлкөмдүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн гана коргобостон, футболдун саясаттан тыш туруусун да коргоп жатам.

УЕФА конгресси, Будапешт, 3-май, 2016-жыл.
УЕФА конгресси, Будапешт, 3-май, 2016-жыл.

Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич Косовонун УЕФАнын мүчөлүгүнө өтүшүн “саясий мүнөздөгү чечим” жана “чоң кысымдын натыйжасы” деп атады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00
Түз линк

Расмий Белград жана Сербиянын футбол союзу эми бул чечимди Спорттук арбитраждык сотко берерин да билдиришүүдө. УЕФАнын башкаруучулары болсо бул жерде эч кандай укуктук талаш жоктугун айтып жатышат. Будапешттеги пресс-конференцияда УЕФАда укук маселелерин тейлеген Аллистер Бэлл:

- Юридикалык жактан алганда бул УЕФА корко турган маселе эмес. Бүгүн бизде спорттук маселе боюнча демократиялык чечим болду. Эң биринчи кезекте Косово УЕФАга мүчө болууга укуктуубу деген суроо турган эле. Биздин көз карашыбызда, бул суроонун жообу – ооба. Экинчиси - биздин мүчөлөр Косовонун УЕФАга кошулуусун каалайбы деген суроо эле. Алар бул үчүн өздөрү каалагандай добуш беришти.

Сербиянын бут тосууларына карабай, Косово спорттун бир катар түрлөрү боюнча эл аралык федерацияга буга чейин эле мүчө болгон.

Быйыл августта Рио-де-Жанейродо биринчи олимпиадалык дебютун да жасаган жатат. Эл аралык Олимпиада комитетине Косово 2014-жылы декабрда кирген.

Көз карандысыздыгын жарыялагандан бери Косовону 112 өлкө, анын ичинде БУУга мүчө 193 мамлекеттин 108и, Еврошаркеттин 28 мүчөсүнүн 23ү тааныган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG