Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Күзгү кардын күтүлбөгөн кесепети


Былтыр Нарын аймагында жайлоолорго июнь айында жарым метр кар жаап салган. Нарын. 20-июнь, 2013-жыл.
Былтыр Нарын аймагында жайлоолорго июнь айында жарым метр кар жаап салган. Нарын. 20-июнь, 2013-жыл.

Күтүүсүз жааган кардан улам Жалал-Абадда ашуудан өтө албай калган чабандардын бири сууктан каза тапты.

8-октябрь түнү башталган жамгыр карга айланып, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын сегиз чабаны эки миң баш кою менен Көк-Суу жайлоосунда карга камалып калышкан.

Учурда Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагы малчыларды куткарууга учуп кетти. 8-октябрда жааган кар аралаш жаан өлкөнүн башка да аймактарындагы дыйкандарды, малчыларды түйшүккө салды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенине караганда, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын Нарындын Ак-Талаа районундагы жайлоосунда жайлаган чабандары малын айдап келе жатып, калың кардан ашууда өтө албай калышкан. 8-октябрда каза тапкан Толкунбай Абдыровдун баласы Сталбек Абдыров ашуудан эптеп өтүп келип, ал жактагы абал боюнча жакындарына кабарлаган. Каза тапкан адамдын сөөгүн жана чабандарды куткаруу үчүн бүгүн эртең менен куткаруу кызматы автоунаалар менен жөнөп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиева:

- Беш-Мойнок айылынын тургуну Толкунбай Абдыров ошол жердеги катуу сууктан каза тапты. Бул окуя 8-октябрь күнү болгон. Азыр сөөгү алынып келе элек. Жардамга кызматкерлер кетишкен.

Бирок ашууга авто унаа баралбагандыктан, бүгүн түштө Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагы учуп кетти. "Аба ырайынын катаалдыгынан тик учак учурунда жардамга жөнөй алган эмес",- дейт Мамбеталиева:

- Мындай маалыматты алаар замат тик учак даяр болгон. Бирок аба ырайына байланыштуу уча албай жатты. Анан бүгүн түштө учуп кетишти.

Сууктан каза болгон чабан 52 жаштагы Беш-Мойнок айылынын тургуну Толкунбай Абдыров болгон. Ашууда калган чабандардын ден соолугу жакшы экенин кабарланууда. Бирок ашууда кардан өтө албай калгандарга жардам берүү үчүн 1-октябрда эле жолго чыккан эки жарандын дайыны чыга элек. Алар Сузактын Түрк-Абад айылынын тургундары 47 жаштагы Мурзали Сариев жана 46 жаштагы Орипжан Маматалиев. Азыркы учурда ал жакта канча мал чыгымга учураганы тактала элек.

Кечээги жааган кар таластык төө бурчак айдаган дыйкандарды да убайымга салды. Жергиликтүү бийлик төө буурчактын 27 пайызы кар алдында калды деп билдиргени менен дыйкандар элүү пайыз жыйнала элек дешүүдө. Гектарлап төө бурчак эккен Нурадил түшүмү кар алдында калганына кейип турат.

- Азыр бардык дыйкандар кыйналып бүттү. Кечке жааган жаан эми кар түшүп калды. Күндүн көзүн карап жатабыз. Дыйкандардын жарымы жыйнап бүтө элек. Мисалы, биздин айылдын баарыныкы кар алдында калды.

Көп болбосо дагы айрым облустарда картөшкө сыяктуу жашылчалар кар алдында калганы айтылууда. Маселен, Ош облусунун Чоң-Алай районун тургуну Азамат картөшкөсү кар алдында калганан айтууда:

- Карда калды, эми үшүк алып кетет. Кардын алдынан бир аз тазалап алабызда. Болбосо эч нерсе жок калат.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн тоолуу унаа жолдордогу каттамдарда кыйынчылык жаралууда. Азыр бардык жолдор ачылуу бирок, айдоочулардын жолдордо этияттап жүрүшүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG