Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Ооганстанда кыргыз жараны туткунга алынды


Нургазы Конушбеков (Качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз бул сүрөт Одноклассники социалдык тармагындагы Нургазы Конушбековдун баракчасынан алынды).
Нургазы Конушбеков (Качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз бул сүрөт Одноклассники социалдык тармагындагы Нургазы Конушбековдун баракчасынан алынды).

Ооган талиптери барымтага алган он адамдын ичинде кыргыз жараны, учкуч Нургазы Конушбеков да бар.

22-апрелде МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып, Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон он адамды талиптер барымтага алган. Азыр кыргыз бийлиги барымтадагы Нургазы Конушбековду бошотуп алуу боюнча дипломатиялык аракеттерди көрүүдө.

47 жаштагы Нургазы Конушбеков аттуу кыргызстандын жараны Ооганстандын Логар провинциясында талиптер барымтага алган 10 адамдын арасында экенин Тышкы иштер министрлиги ырастады. Маалыматтарда, Хост шаарынан Кабулга бара жаткан МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак 22-апрелде Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясына келгенде бүркөө аба ырайынан жана катуу жамгырдан улам авариялык конууга аргасыз болгон. Ошол учурда талиптер аларды туткунга алышкан.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” буларды маалымдады.

- Болжолдуу малыматтар боюнча, талиптер тарабынан он адам барымтага алынган. Алардын ичинде Түркия, Орусия жана Ооганстан жарандары, ошондой эле кыргызстандык 1966-жылы туулган Нургазы Конушбеков да барымтага алынган. Азырга чейин талиптер эч кандай талаптарды койгон жок.

Сыдыков кошумчалагандай, Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын расмий бийлиги, АКШ, Орусия, Түркия элчиликтери жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрдүн командачылыгы менен байланышып, зарыл чараларды көрүүгө аракет кылып жатат. Тышкы иштер министрлигинде бул боюнча атайын топ да түзүлгөн.

Мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, барымтадагы Конушбековду бошотуу аракеттерин көрүү тапшырмасын берди. Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов:

- Мамлекет башчысы ТИМге жана УКМКга өнөктөр менен биргеликте мекендешибизди боштондукка чыгаруу үчүн колдон келген аракеттерди көрүү милдетин тапшырды.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, барымтадагылардын жетөө Түркиянын атуулу, алардан башка Орусиянын, Кыргызстандын жана Ооганстандын бирден жараны бар.

Окуя болгон Логар провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Абдулвали Вакил “Азаттыктын” ооган кызматына талиптер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бышыктады.

- Биз барымтадагыларды бошотуу үчүн талиптер менен кечээтен бери сүйлөшүп жатабыз. Кечээкиге караганда, бүгүн сүйлөшүүлөрдө бир топ алга жылуулар байкалууда.Талиптер бизге кармалгандардын көпчүлүгү мусулмандар экенин айтышты. Бул деген кудай буюрса, аларды бошотууга негиз көбүрөөк дегенди туюндурат.

Мындан сырткары Вакилдин айтымында, чет өлкөлүктөрдүн арасында жашы 20нын тегерегиндеги эки аял да бар. Бирок алардын улуту тууралуу маалымат тактала элек. Ал эки учкучтун бири орусиялык, экинчиси Борбор Азиядан экенин кошумчалады. Борборазиялык делген адам Нургазы Конушбеков болуусу мүмкүн. Кармалгандарды бошотуш үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы азыр аймактагы уруу башчылары жана жергиликтүү бийликтин лидерлери колдон келген аракетин көрүп жатышканын белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков учкуч болуп иштеп жүргөн МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак «Хорасан Карго Эйрлайнс» деген ооганстандык жеке авиакомпанияга таандык экени айтылууда. Азыр анын кандай келишим менен Ооганстанга барып, иштеп жүргөнү да териштирилип жатат. Ооганстандагы аскерий базаларда эмгектенген кыргызстандыктар арбын. Айта кетсек, былтыр жардыруудан Кабулдагы авиапаркта иштеген кыргыз жараны Эсенбек Ниязалиев каза тапкан.

XS
SM
MD
LG