Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Жол буугандар өкмөт башчыга жолукмай болду


Ош-Эркеч-Там жолун тоскондор.
Ош-Эркеч-Там жолун тоскондор.

Ош-Эркеч-Там жолун 27-майдан бери бууп тургандар менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн натыйжа чыккан жок. Жол буугандардын өкүлдөрү учурда премьер-министр менен жолугуу үчүн Бишкекке келгени кабарланууда.

Акматбек Келдибековдун жактоочулары депутат камактан чыкмайынча жолду ачпастыгын, өздөрүнө карата чыккан Алай райондук сотунун чечимин тааныбастыгын билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жол тоскондорго каршы күч колдонулбасын убада кылды.

17-июнда Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган Акматбек Келдибековдун тарапкерлери менен жолугушууга барды. Жол буугандар бийлик өкүлдөрүн “Акматка азаттык!” деген ураан менен тосуп алышты. Алардын бири Чынара Белекбаева:

- Алайлыктарды уруу-уруу кылып бөлүш керек беле? 22 күндөн бери биринчи ирет келип атасыңар. Ошол кимге керек эле? Дүжүрлөргө жасалма кайрылууларды жаздырып, окутуунунун кажети бар беле? Убагында баарыңар Акмат менен чайлашып жүрбөдүӊөр беле? Бизге эч нерсе кыла албайсыӊар. Ашып кетсе бийлик Акматтын бир туугандарын камайт чыгаар. Камагыла!, - деп жолугушууга келгендердин дарегине сын узатты.
Жол тоскондор менен бийлик сүйлөшүүдө.
Жол тоскондор менен бийлик сүйлөшүүдө.

Буга чейин жол бууп тургандар арасында “Бишкектен атайын даярдыктагы 500 аскер Алайда тосулган жолду күч менен ачууга жөнөтүлүптүр” - деген имиш тараган. Мындан кийин жол тоскон эл союл менен куралданып, элүүдөй аял акцияны Ош шаарынын борбордук аянтында улантууга камданышкан. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолду ачууга бийлик күч колдонбойт деп убада берди.

- Ушул жерде турган элдин бир тамчы канына эч нерсе арзыбайт. Менин жөнөкөй адам катары да, Ички иштер министринин орун басары катары да айтарым – маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Ага мүмкүнчүлүк болот. Буга чейин күч колдонуу тууралуу сөз болуп кетти. Бирок баарын сүйлөшүү жолу менен чечебиз деген ойдомун.

Ал эми Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жолду бууп турган Акматбек Келдибековдун тарапташтарына тууган катары кайрылып жатканын айтты:

- Менин үйүм ушул жерде. Аны баарыӊар билесиңер. Мен сиздердин алдыӊыздарга тууган катары абалыңарды сураганы келдим. Ушул маселенин тынчтык менен чечилишине жол издеп келдим. Бул маселе соттун чечими менен чечилет. Өкмөттүн токтому менен чечилбейт. Ошону туура түшүнүӊүздөр.

Жамгырга байланыштуу бийлик өкүлдөрү менен жол буугандардын сүйлөшүүсү боз үй ичинде, жабык эшик артында уланды. Сүйлөшүүлөрдүн соӊунда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев топтолуп тургандарга кайрылып, жол буугандардын арасынан 4-5 өкүлдү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолуктуруу чечимине келгенин айтты.

Буга чейин 6-июнда жол тоскондордун үстүнөн сот болгону, соттун жолду ачуу боюнча чечими чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок жол буугандардын штаб башчысы Керим Сарыбашев камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери сотко чакыруу албаганын, соттун жүрүшүнө катышпаганын, мындан улам соттун чечимин тааныбастыгын айтты:

- Сот тууралуу бир дагы кабарга ээ болгон эмеспиз. 15-июнь күнү гана маалымат каражаттарынан бизге карата соттун чечими чыкканын уктук. Ал чечим тууралуу бирөө келип тааныштырган жок. Азыр вице-премьер-министр баш болуп ал чечим тууралуу кабардар эмес экенин айтышты. Ал сотко эч кимди чакырбаса, ага эч ким катышпаса, анан кандай чечим болот? Соттун чечимин дагы берген эмес. Балким берсе апелляция бермекпиз. Ал соттун чечимин көрсөк тааныйбызбы? Биз аны көрө да элекпиз.


Бул арада Ош-Эркеч-Там жолунун эки тарабында жүздөй оор жүк ташуучу унаа жолдун ачылышын күтүп турат. Алардын айдоочуларынын бири маселенин чечилиши бийликтин мойнунда экенин айтты:

- Маселени бийлик буга жеткирбей чечиши керек болчу. Биз го эптеп жаныбызды багып атабыз. Бирок үйдө бала-чакабыз бар. Аларга дары керек, акча керек. Кредиттерибизди төлөө керек. Жүк бармайынча бизге айлык берилбейт. Биздин үй-бүлөбүзгө кыйын болуп жатат.

Ош-Эркеч-Там эл аралык унаа жолунун жабылып турганына 22 күн болду. Жол тоскондор четтен келген туристтерди, тажияга бараткандарды, үйлөнгөн жаштарды тоскоолдуксуз өткөрүп жатышканын айтышты. Ошол эле маалда акция катышуучулары үч маал ысык тамак, жылуу төшөнчү, электр жарыгы менен камсыз болууда. Буга чейин жол тоскондорду каржылап аткандар бардыгы тууралуу кептер чыккан, бирок акция катышуучулары аны четке кагууда.

Учурда жол тоскондор Акматбек Келдибековдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу абактан чыгаруу талабын коюшууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 2013-жылы 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

26-майда Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан чечим чыгарган. Келдибековдун тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатат. Бирок баш прокурор Аида Салянова бул дооматты четке кагууда. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Келдибеков ар кандай шылтоо менен иштин сотко өтүшүн создуктуруп, тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан качып жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG