Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Келдибековдун жактоочулары жолду ача элек


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жактоочулары Тамчы участогунун тушундагы Ош-Эркеч-Там жолун бууп турушат. 27-май.
Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жактоочулары Тамчы участогунун тушундагы Ош-Эркеч-Там жолун бууп турушат. 27-май.

Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун 200дөн ашуун жактоочусу Ош – Эркеч-Там жолун бууп турушат.

Келдибековдун жактоочулары түнү менен жолду ачышкан жок. Жолдун эки тарабында 100дөн ашык унаа өтө албай турат.

27-май эртең менен Ош-Эркеч-Там жолу бууган Сопу-Коргон айылынын тургундары алгач жыйын уюштуруп, анда Акматбек Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы жазылган кайрылууну бийлик өкүлдөрүнө жолдошкон. Бул кайрылууга жооп күтүп, аз убакытка жолду ачышкан болчу. Бирок бийликтерден жооп болбогондуктан Ош-Эркеч-Там эл аралык жолун кайрадан жабышты.

- Биз күткөн талаптардын бири да аткарылган жок. Акматбек Келдибековдун айыбы ачылбады, күнөөлөрүн мойнуна коё албай жатышат. Бирок ага карабай, саясий куугунтук болууда. Биз атайын жол тосуп чыккандан кийин, депутатты бошотмоюнча акция улана берет, - деди жол тоскондордун бири Сонунбү Жээнбаева.
Акцияга чыккандар жолдун четине шагыл төгүштү. 27-май.
Акцияга чыккандар жолдун четине шагыл төгүштү. 27-май.
Чогулгандардын пикиринче, Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибеков абакта жатканы менен, ага байланыштуу ишти иликтөө кайдыгер жүрүүдө. Ош шаарынан жол бууганы келген Адалат Мейрачева мындай дейт:

- Акматбек Келдибековдун ден соолугу начар, оорукчан деген медициналык бүтүмдөр бар. Ошого байланыштуу аны үй камагына чыгарып алып, анан тергөөнү уланта бергиле деген талап коюп атабыз. Анан андан ары күнөөсү болсо далилдешсин да, камай беришсин. Эки ай мурда, 27-майда чыкмак болгон. Баш прокурор сурак иштери бүтө элек деп, дагы жылдырып салыптыр. Бул эми мамлекеттик деңгээлдеги иш болуп атса, анан эмнеге мындай шалаакы мамиле кылышат.

Чогулгандар Алай районунун ар башка айылынан келгендер. Байкоочулар мында чогулгандардын саны 200-300гө жеткенин белгилешсе, жол тоскондор 1000ге чукул адам келгенин айтышат. Алар “Акматбек Келдибековду коргоо комитетин” түзүүгө да үлгүрүштү. Анын жетекчиси Керим Сарыбашев мындай деди:

Жолдо 200гө чукул унаа токтоп турат.
Жолдо 200гө чукул унаа токтоп турат.
- 300дөн ашык күч органдары келишти. Элди токтотобуз деп, таркагыла дешти. Бирок элди эч ким токтото албайт экен, ар биринин колунда таяк, таш, милициянын колунда болсо дубинкалары бар. Эл каршы чыгып атып, анан милиция кетип калды. Дагы жакшы кагылыш болуп кетпеди. Бул жердеги эл, алайлыктар Келдибековду бошотмоюн ушул жерден жылбай, жолду тосконубуз тоскон. Убактысын билбейм, эч жакка кетпейбиз деп атышат. Бизге азыр атчандар да кошулду.

Мындагылар стратегиялык жолдун четине 4-5, ортосуна бир боз үй тигип, ошодо жатып калышты. Буга кошумча асфальтка эки тараптан шагыл төгүлдү. Жолдон өтө албай турган унаалардын саны 200гө чамалуу. Алардын арасында оор жүк ташуучу унаадан тартып, тез жардам кызматынын машинеси да турат. Көздөгөн жерине жете албай турган тажикстандык кыргыз Алим Жураев мындай деди:

- Бир суткадан бери өтө албай ушул жерде кармалып турабыз. Биздин унаада жаш балдар бар эле, мен өзүм оорукчанмын. Бул жерге барып, бир нерсе деп айтыштан да коркот экенсиң. Өтүнүч эми, жок дегенде ушу оорукчандарды, жаш балалууларды өткөрүп жиберсе жакшы болмок. Мен өзүм Тажикстанга кетип баратам, Оштон чыкканбыз. Эми качан үйгө жетебиз, кандай болот билбейбиз.
Келдибековдун жактоочулары жол буушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00


Жол тоскондордон өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана район бийликтери кабар алган жок. Алардан маек алууга да мүмкүнчүлүк болбоду.

Маалыматка ылайык, район борбору Гүлчөдө 200дөй милиция кызматкери турат.
26-майда Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан чечим чыгарган. Акыркы чечимге ылайык, ал 27-майда боштондукка чыкмак.

Ал эми баш прокурор Аида Салянова бул иште саясий өңүт жок экендигин айтууда. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Келдибеков ар кандай шылтоо менен иштин сотко өтүшүн создуктуруп жатканын айткан эле. Анын айтымында, Келдибеков тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан качып жатат:

- Тергөө бүткөн. Айыбын уккандан кийин сотко өтүш керек. Ар кандай себептер менен, анын ичинде ден соолугу, айтор Келдибеков токтомго кол коюудан баш тартып келатат. Күнөөсү жок болсо, соттон акталат.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 2013-жылы 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши Келдибековдун камалышын саясий куугунтук деп баалаган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG