Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Издөөдө жүргөн генерал сотко өзү келди


Мурат Суталинов соттон үй камагына чыгарылды, 14-декабрь.
Мурат Суталинов соттон үй камагына чыгарылды, 14-декабрь.

7-апрелдеги ыңкылапка чейин УКМКны жетектеп, бийлик алмашкандан бери дайынсыз кеткен Мурат Суталинов бүгүн апрель сотунда пайда болду.

Мурат Суталинов сотко өз эрки менен келгенин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев жар салды. Ал алгач айыпталып жаткандар отурган сот залындагы темир торго киргизилди.

Бирок жараян учурунда адвокаты ал сотко өз эрки менен келгенин, өлкөгө сиңирген эмгегин жүйөө кылып, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Сот бул өтүнүчтү канааттандырып, аны үй камагына чыгарды.

Мурат Суталинов сот залында, 14-декабрь.
Мурат Суталинов сот залында, 14-декабрь.
Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги митингде элге ок атуу боюнча айыпталып жаткан 28 адамдын катарында. Бирок сот учурунда анын буга чейин каякта жүргөнү тууралуу сөз болгон жок.

Суталинов 7-апрелдеги окуядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткени айтылып жүргөн. Эгер андай болсо ал кайра өлкөгө кантип кирди? Издөө салынган адамды эмне үчүн чек арачылар кармаган жок? Бул суроолорго азырынча жооп жок. "Азаттык" азыр маселенин ушул өңүтүн да иликтеп жатат.

Суталинов мурдагы эки президенттин тушунда күч органдарында жетекчи кызматтарда иштеген. 2000-жылдардан тарта адегенде Чүй, кийин Ош облустук милициясын жетектеп, президент Акаевдин администрациясында укук коргоо органдары боюнча бөлүмдү башкарган. 2005-жылдын 23-мартында башкы прокурордун милдетин аткарууга дайындалып, бирок анын эртеси эле элдик толкундоо менен бийлик алмашып кеткен.

Суталинов бул кызматка келер замат дароо маалымат жыйынын өткөрүп, ошол күнү Ош, Жалал-Абадда облустук бийликтин имараттарын басып алгандарга жана Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиевге кылмыш иши козголоорун билдирген:

- Азыр алар мамлекеттик өтө оор бир топ кылмыштарды жасап жатышат. Сегиз берене боюнча - күч менен мамлекеттик бийликти басып алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, өзүмбилемдик жана башка, жана башкалар. Азыркы тапта жолдош Бакиевге каршы кылмыш иши козголо элек, бирок материал, фактылар даярдалып жатат. Эгер анын бул иштерге катышы далилденсе биз мыйзамдын алкагында аракет кылабыз.

Ал ошондо түштүк облустардагы көтөрүлүштөрдүн башында маңзаттарды саткан адамдар турганын да айткан.

Ошол күндүн эртеси Бишкекте да эл козголуп, Акаев өлкөдөн качып кетти. Бийлик Курманбек Бакиев баштаган ыңкылапчыларга тийди. Бирок көп өтпөй эле Мурат Суталинов жаңы бийликтин катарында кайрадан эл көзүнө түштү.

Ошо кезде эки тизгин, бир чылбырды кармаган Курманбек Бакиев аны 2005-жылдын майында ички иштер министри кылып дайындады. 2006-жылдын октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын башына келип, 7-апрелдеги ыңкылапка чейин ошол кызматта отурду.

Бул кызматта турганда ал жосунсуз жорук көрсөткөн, колу шок жетекчи катары да элдин эсинде калды. Ошол жылдын ноябрындагы оппозиция митинги учурунда УКМК төрагасы Мурат Суталинов митингчилерге ыплас сөздөрдү айтып, колу менен уятсыз белги көрсөткөн. Анын бул жоругу телеканалдардан көрсөтүлүп, коомчулукта көпкө чейин айтылып жүрдү.

Мурат Суталинов 48 жашта, 1963-жылдын 26-апрелинде андагы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында милиция кызматкеринин үйүндө туулган. Атасы Абдыбек Суталинов да генерал, кезинде ИИМди жетектеген. Мурат Суталинов 1984-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебин аяктагандан тарта 2005-жылга чейин ИИМдин ар кайсы структурасында иштеп келди. Генерал-лейтенант.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG