Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:40

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Эсен болуп, эстей жүр

Өткөн жылкы 6-7-апрелдеги окуяларды “Азаттык” үналгысынын кабарчылары ыкчамдык менен чагылдырып турушкан.

Текст көлөмү - +
Учурда илимий иш менен алектенип жаткан “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Бекташ Шамшиев 7-апрелдеги кандуу окуянын от алышына “Форумдун” жанына чогулуп жаткан элге карата күч түзүмдөрүнүн калпыс мамилеси себеп болду деп эсептейт:

- Эл көбөйө баштагандан чочулап, милиция анда чогулган адамдарды автобустарга күчкө салып тыга баштаганда чатак тутанып кетти. Милиция кызматкерлери кулакты тундура турган каражаттарды жардырып, элди дүрбөтүп, бул акцияга катышы жок адамдардын деле көңүлүн буруусуна жана алардын кыжырдануусуна шарт түзүштү Мурдагы А. Акаев да, кийинки К. Бакиев да өз кызыкчылыктарын элдикинен жогору койгонунан улам ушундай нерселер чыгып кетти.

Өткөн жылы 7-апрелде Ак үйдө болгон “Азаттыктын” кабарчысы Каныгүл Элкеева анда мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун маалымдалып, бирок өтпөй калган жыйынына күбө болгон:

Данияр Үсөнов
- Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун маалымат жыйынын эки сааттай күттүк. Маалымат кызматы "азыр келет, азыр башталат" деп журналисттерди кармап турушту. Бирок ал келген жок.

Анткен менен кийин биздин тааныштар "Данияр Үсөновдун маалымат жыйынын УТРК көрсөтүп, силер алды-артыңарды карап эле отурдуңар го" дешти. Кийин билсек журналисттерди тасмага тартып алышып, Д. Үсөновдун мурдагы күнү сүйлөгөн сөзүн чаптап эле "маалымат жыйыны өтүп жатат" деп КТРден берип жаткан экен. Көрсө биз Ак үйдөн чыкканда ызы-чуу башталып калган экен.


Ал күнү эртең менен “Форумдагы” окуяны чагылдырууга барган “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Эдил Сапарбек уулу чагылгандай тездикте көп санда чогулган демонстранттар андагы күч түзүмдөрүн жарып өтүп, жаалданган топ менен бирге Ак үйгө чейин баргандыгын мындайча эскерди:

- Форумда чогулган эл ИИМ менен УКМК кызматкерлерин таш бараңга алып кубалап жатышкан экен. Анан эле элдин агымы Ак үйдү көздөй багыт алып, тартылып алынган аскердик унааны алдыга салып жөнөдү. Аянтка жеткенде унаанын үстүндөгү бир жигитти атып түшүрүштү. Ошондон кийин ызы-чуу башталып, Ак үй жактан бир атканда онго жакын адам кулап жатты. Бирок жарадарларды коопсуз жайга жеткирип коюп, кайра аянтты көздөй чабуулга өтүп жаткан адамдар көз алдыман кетпейт.

7-апрелде борбордук аянттагы окуяга көз салган “Азаттыктын” Өзбек кызматынын кабарчысы Гүласал Камалова Борбор Азиянын башка эли үчүн мүнөздүү болбогон, адаттан тыш окуянын күбөсү болгондугуна таң калуусун жашырбайт:

- Менде таң калууну жараткан нерсе - кыргыз элинин бийликтен коркпой нааразылыгын айтып чыкканы болду. Эгерде Өзбекстанда мындай толкундап чыгуулар болсо бул жердегиден да каардуу, мындагыдан да кандуу жол менен, 2005-жылдагы Анжиян окуясындай болуп басылмак. Ал жакта мындан да көп адам окко учмак. Бирок мен 7-апрелде аянттагы элдин аларга карата бийлик ок атып жатса да, коркпой Ак үйдү көздөй жулунуп жатканына таң калдым. Артка жылышат да кайра эле алдыга чабуулга өтүп жатышты. Алар Анжияндагыдай таркап кетишкен жок.

Жигиттердин Ак үй тараптан жамгырдай жааган окту көздөй кайра чуркагандыгын мурдагы президент Курманбек Бакиев оппозиция андагы адамдарга башты айланта турган каражаттарды колдонгон деп айтып чыкканы бар.
Бир аз ылдый болсом ок мен отурган жактагы терезеге тиймек экен.


Бирок окуяга баштан аяк аралашып жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Дилденбай андай ой-жоруулар менен макул эмес.

- Эгерде алар маңзаттын же алкоголдук ичимдикти колдонгон болсо, биз ошолордун арасында жүрдүк, бизге байкалат болчу. Канды көргөндө адамдар өздөрүн кармап тура албай жатышты. Мен өзүм коркунуч эмне экендигин унутуп коюп, алардын арасына кантип аралашып кеткенимди билбей калыпмын. Анткени ачууга ууккан жаштар “биздин бийлик бизди атып жатат” деп колуна таш-кесек алып чуркап жүрүштү.

Борбордук аянттагы кандуу окуя “Азаттыктын” кабарчыларынын коопсуздугуна коркунуч алып келген учурлар да катталган. Кабарчыларды аянтка жеткирип, ал жакта күтүп турган айдоочу Бахтияр Амантаевдин унаасына ок жаңылган:

- Мен Токтогул менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерге унаамды токтотком. Аянт жакты бир аз карап туруп, жамгыр жаап киргендиктен кайра машинага кирип отурдум. Анан эле “даң” деген үн чыгып кулагым тунуп калды. Чыксам машинанын алдыңкы жагына ок тийип, ал кадалып калыптыр. Бир аз ылдый болсом ок мен отурган жактагы терезеге тиймек экен.

Талас, 7-апрель, 2010-жыл
6-7-апрелдеги Таласта болгон окуяларды “Азаттыктын” кабарчылары Замира Кожобаева жана Жанарбек Акаев чагылдырып турушкан. Замира Кожобаева башында демонстранттарга күч колдонгон бийликтин күч түзүмдөрү андан эки-үч эсе артык жообун алгандыгын мындайча баяндады:

- Элге милиция туруштук бере албай калган учурда андагы тартип сакчыларына кыйын эле болду. Аларды ИИБ имаратында жашынып жатышкан жеринен сууруп алып чыгышып, кубалап уруп, тепкилеп жатканын көрдүм. Айрымдарын ажыратып алып, ал жерлердеги элдин үйлөрүнө жашырууга кол кабыш кылып жүрдүк. Мында эми жаалданып калган адамдарды да түшүнсө болот. Анткени алар башында милициядан токмок жешти да.

Кыргызстандын тарыхында кандуу издер менен калган апрель окуяларын чагылдырган материалдарды “Азаттыктын” интернет барагындагы архивден окуй аласыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Талас каяктан: Талас
11.04.2011 18:04
2010-жылы 7-апрелде башка СМИлер Молдомуса Конгантиевди "олду" деп жазып, айтып жиберишкенде "олгон жок, тируу, биз оз козубуз менен коруп турабыз" деп айтып чыккан "Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаева болгон. Муну жазбаптырсынар...

кимден: Тамара каяктан: АКШ
08.04.2011 05:14
Урматтуу "Азаттык" ,сиздердин жамаатка коптогон алкыштарды айткым келет.Кунунку болуп жаткан жанылыктардын баардыгын сиздер аркалуу окуп билип турам.
Рахмат сага "Азаттык"! Ишетиниздерге ийгиликтерди,ар дайым сапарынар байсалдуу болсун! Экинчи 2010-ж. 7-апрельдеги каргашалуу кундор кайталанбасын.

кимден: Mars каяктан: Evropa
08.04.2011 04:21
Oshol kargashaluu apreldin jetisinde men jumushta elem,obed maalynda dosum kelip jumushuma aityp kaldy,jany ele bishkekten sms jazdy,Ala-Too ayantta kuraly jok elderdi atyp jatyshat eken dep,ishengim kelbei,daroo jumushtu tashtap uygo jetip ele internet bulaktarynan karap......
birok ukkandarym chyn bolupo chykty,Ala-Too ayanty kanga boyolup,korungon jerde okko uchup jatkan ak kalpakchan kyrgyzymdyn jigiterin korgondo aila jok zeenim keyidi,
alysta bolsom dagy jan duynom kaygyga batyp,ar daim Kyrgyzstan dep sokkon jurogum oshol kunu ozgocho oorugany esimde

кимден: Jazi
08.04.2011 03:09
7- aprel kanday gana kanduu kun boldu!!! Mynchalyk biylik,bailyk uchun tynch elin talap jegeni az bolgonsup, elin atty degen kanday gana shumduk?! Biylikke kelgen adamdar bailyk bolso dagy kop bolsun dep. Bailykty kul kylbay, bailykka kul bolup kalat degen soz chyn eken.
Al kunu biz universitetke baryp sabak otup jatkan kez ele, erten menen kundogudoi ele sabak jurup jatkan, saat 10:00 dordo gruppalashtarybyzdyn telefondoruna chaluular bolup,uigo tez kel dep bir tuugandardyn aityp jatkany. Maga dagy jenem chalyp,uigo tezireek kelip ,baldar menen oltrup eshikke chykpagyla, oorukanaga okko uchkandar birinin artynan biri kelip jatat dep aitkandan kiyin dos kyzym ekoobuz uigo keteli dep eshikke chyktyk. Kochoodogu elderdin ary -beri tynymsyz bash alaman jurup jatkanyn korosun.Oshol kunu dagy aba yraiynyn, adamdardyn konulundoi asmandy kara bulut baskan,jamgyrdyn jaap jatkanynda je kolubuzda kol chatyrybyz jok, je transport jok, universitetten uigo cheiyin joo keldik. Biz Manas kochosu menen tuz chykkanbyz, tynch jatkan shaarda tarsyldagan avtomattardyn ,tez jardamdyn undoru. Biri birin ukkan jan jok, eldik transporttordu toktotushup, el uchun ,jer uchun Bakiev ketsin degen kyikyryktar menen elderdi tushurup jatyshty. Eger biroo ele karshy bolso,je men barbaym dese urup salchuuday, elderdin ajabay achuluu jurgonun korosun.
Jashgvardija bulvarynyn janynan UTRK aldyk,eldikki degen jashtadyn bairak menen Ak ui jakka ketip bara jatyshty. Menin en tan bergenim jan degen tattuu degen ushul eken,men kaisyl chondorubuz ekenin bilbeiym ,Nazaralievdin Oorukanasynyn astyna 3 terezeleri kara avtomobil toktop, ichinen galstuk tagyngandar mashinasyn almashtyryp, " Manas " aeroportu jakka ketkenin korup, bashty chaikap kala berdik.Ooo jan kerek eken, al emi artta el kanday abalda kaldy al menen ishi jok,kachyp ketiship jatat dep keyip kaldyk, kanday kylabyz aila jok eken. Negizi al kundogu okujalar jandy keiyitet, kozdon jashty togot....
Allahtan suranaarym elibizge ,jeribizge tynchtyk,amanchylyk,tokchuluk, negizi ele jer juzundo tynch jashoo boluusun tileibiz...jana kaalaibyz,Rahmat!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.04.2011 23:40
Азаттык бир жыл мурда да, азыр да силерге ишенебиз. Силер элдин унун жеткирип атасынар. Москвада туруп кунум силер менен башталып, силер менен аяктайт. Силер менин сырдашымдай эле болуп калдынар. Силер менен олкодо болуп аткан окуяларга кайгырам, силер менен ийгиликтерге кубанам, жакшы окуяны кутом, айтор бар болгула жан сырдаштарым! Уйунордон бакыт кетпесин. Анара, Химки

кимден: Nur каяктан: Bishkek
07.04.2011 22:57
Мен Азаттыктын 7 Апрелде окуяны так ошо болуп жаткан жерлерден берип жаткан кабарчыларына жана жамаатын баардык мучолоруно ЧОН,ЧОН ыраазычылыгымды билдирем.Мен олкодо болбогондуктан, 2010 жылдын башталгандан баштап жылдын аягына чейин тынбай олкодо болуп жаткан окуяларды ушу Азаттыктын интернет бетинен ар кун сайын,ал эмес ар жарым саат сайын ачып окуп,кабардан узгултуксуз камсыз болуп турдум.
Кээде уйго,тааныштарыма чалсам,олкодо болуп жаткан окуяны мен кобуроок билгениме тан калышат.
Ылайым олкобуздо тыншчылык,барчылык жана соссуз эркин соз жана жалпы эле эркиндик болсун!!!! Дагы бир жолу сиздерге чон,чон ырахмат!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук