Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

“Интернет эрөөлдө" – генерал Мелис Турганбаев


"Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев жооп берүүдө. "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйыныбыз 23-февраль күнү Бишкек убакыты боюнча 15:00те башталды. 2011-жылдын 23-феврал
"Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев жооп берүүдө. "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйыныбыз 23-февраль күнү Бишкек убакыты боюнча 15:00те башталды. 2011-жылдын 23-феврал

"Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев жооп берди.

"Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйыныбыз 23-февраль күнү Бишкек убакыты боюнча 15:00те башталып, эки саатка созулду.

Кыргызстан бийлиги ай башында кылмыштуулукка жана уюшма кылмыштуу топторго каршы күрөш жарыялаган эле.

Кыргызстандын ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев мырзага бул иш-чара кандай өтүп жатканы, криминалдын “чабактары” тутулуп, “лөктөрү” кутулуп кетти" деген сөздөрдүн чыны-калпы тууралуу жана Турганбаевдин кесиптик, инсандык жагдайларына байланыштуу жана башка окурмандарыбызды кызыктырган суроолор берилди.

Шериненин эрежесине төп келбей таптакыр четке кагылган суроолор болгон жок.

Бүгүнкү коногубуз Мелис Турганбаев мырзага жана "Интернет эрөөлгө" жандуу катышкан бардык окурмандарыбызга албан алкыш айтабыз, иштерине ийгилик каалайбыз.

Мурдагы "Интернет эрөөлдүн" коногу - "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев болгон.

“Интернет эрөөлдүн” коногу – Мелис Турганбаев
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG