Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

АУБдан алынган миллиондор учугу далайга узарчудай


АУБдан алынган миллиондор кандай коротулганы боюнча азырга чейин так маалымат жок
АУБдан алынган миллиондор кандай коротулганы боюнча азырга чейин так маалымат жок

Убактылуу өкмөт АУБдун банктык кутуларынын ичинен чыгарып алган 21 миллиондун дайын-дареги дале так эмес.

Убактылуу өкмөттө Каржы тармагын башкарып турган Темир Сариев өткөн айда парламенттеги жыйын учурунда Азия Универсал Банктын атайын кутучаларынан 21 миллион доллардын алынышы туурасында маалымат берген. Анда ал АУБдун кутучаларынан мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык деп шектелген жогорудагыдай суммадагы акча алынганын тастыктап, июнь коогасын басууга ал акчанын 2 миллион доллардан ашууну кеткенин билдирген.

Кутулардагы купуя качан ачылат?

7-апрелден кийин мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө тиешеси бар делген АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” сыяктуулар текшерүүгө алынып, аталган банктардын эсептери камакка алынган. Бул банктар аркылуу 7-апрелген чейин 2-3 күн ичинде 200 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени айтылган. Кийинчерээк июнь коогасы чыгып кеткенде Убактылуу өкмөт АУБдун атайын кутуларын ачып, жогорудагыдай сумма алынган.

Бир катар эксперттер банктын кутулары бузулуп, бул каражаттардын алынышынын мыйзамдуулук жактарын көтөрүп, чын-чынына келгенде банктын кутуларынан алынган каражаттар 21 миллиондон да көп болуп калуусу мүмкүн экенин, ал акчалар Бакиевдерге жана алардын жан-жөкөрлөрүнө гана эмес, башка адамдарга да таандык болуп калышы ыктымалдыгын айтып келатышат. 21 миллион гана алынган делген күнү да бул акча тууралуу так маалыматтар жок.

Ушул тапта АУБга, анын банктык кутуларынан алынган акчаларга байланыштуу кылмыш иштерин Башкы прокуратура тергеп атат. Башкы прокуратуранын Өзгөчө кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн жетекчи орун басары Мирбек Расулов “Азаттыкка” билдиргендей, тергөөнүн купуялыгына байланыштуу азырынча бул иш боюнча бир нерсе айтууга эртелик кылат:

- Банк кутуларынан алынган акчалар боюнча биз иликтеп атабыз да. Кайсы кутуча, ал кутучага кандай болуп акча түшкөн, кимдин акчасы, мыйзамдуу түрдө табылган акчабы же жокпу? Ошол боюнча азыр тергөө жүрүп атат. Тергөө бүткөндөн кийин биздин маалымат кызматка кайрылсаңар, толугураак маалымат ала аласыңар да.

Улуттук банкка канча акча берилген?

Буга чейин Темир Сариев берген маалыматка ылайык, 2 миллион доллардан ашык акчаны июнь коогасын басуу максатында негизинен Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети, прокуратура органдары, Коргоо министрликтери алышкан. Андан тышкары, бул акчалардан Убактылуу өкмөттүн күч структураларына тиешеси жок мүчөлөрү Эмилбек Каптагаев 53 миң доллар, Өмүрбек Текебаев 20 миң доллар, Топчубек Тургуналиев 5 миң доллар алышканы айтылган. Жогоруда аты аталган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болсо, алган каражаттарды коогалаң маалында уюштуруу иштерине, элдик кошуундарга жумшашканын айтып чыгышкан.

Колдонулгандан сырткаркы 19 миллион доллардай акча Улуттук банкта сакталуу турат делгени менен ал жакта чындап эле ушул суммадагы акча жатабы же андан азбы, белгисиз. Улуттук банк тек гана сейфтеринде АУБдун кутуларынан алынган акчаларды сактоого макул болгон. Биздин суроолорубузга буга байланыштуу маалыматтар Башкы прокуратурада болорун, Улуттук банк сейфтерин гана колдонууга бергенин, канча акча бары тууралуу маалыматтар жогун билдиришти.

Ошентип, Бакиевдердики делген акчалардан эң эле көп сумма былтыр күч структураларына берилген. Азырынча алар берилген каражаттарды кандайча коротушканы тууралуу так отчет берише элек. Калган каражатты тергөө органдары Улуттук банктын сейфтерине салышкан.

Темир Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, тергөө органдары 19 миллионду толук алпарып сейфтерге салыштыбы же жокпу билбей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG